Аймак

АК-БАШАТТЫН АРДАКТУУ АТУУЛДАРЫ

АК-БАШАТТЫН АРДАКТУУ АТУУЛДАРЫ

 1,536 Бардыгы /

Адатта бала өзүнүн ата-энесинен таалим-тарбия алып, анын баскан турганы, жасаган иштеринен  үлгү алат. Ал эми мектеп окуучусу жана мугалимдер мектептеги алдыңкы, өзгөчөлөнгөн мугалимдерден таасирленет экен. Муну менен эмнени айтмакчымын.

Октябрь  айында Ч.Кулумбетов атындагы № 23 жалпы билим берүүчү орто мектебинде кубанычтуу иштер болду. Мектептин тажрыйбалуу математиги, 40 жылдан ашык пед.стажы бар, Эл агартуунун отличниги-Жусупов Алмырза агай «1-Май айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» деген наамга ээ болсо, ушул эле мектептин башталгыч класс мугалими, 37 жылдан ашык пед стажы бар, Эл агартуунун отличниги Нарбаева Гүлсара болсо «1-Май айыл өкмөтүнүн ыраазычылык баракчасына» татыктуу болду. Бул эки мугалимдин сыйлыгы  биздин мектеп үчүн чоң сыймык болду. Биздин арабызда ушундай мугалимдердин болушу  албетте бизге оң таасирин берип, кийинки жаш муундарга  туура жол көрсөтүүчү болот демекчимин.

Бул эки инсанга ден-соолук, бакубат жашоо, дагы да талыкпай эмгектенүүнү каалайт эле.

 

Ала-Бука району Ч.Кулумбетов атындагы № 23 жалпы орто билим берүүчү  мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими,   Бегайым Бакиева.

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17