Аймак

АТА, СИЗ МЕНЕН СЫЙМЫКТАНАМ

АТА, СИЗ МЕНЕН СЫЙМЫКТАНАМ

 2,416 Бардыгы /

(Эл агартуунун отличниги, Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер, өзгөчө маанидеги пенсионер маркум – Эгемберди Бакиев жөнүндө эскерүү)

Ата… Колума калем алып сиз жөнүндө эскерүү жазууну көптөн бери ойлоп жүрөм. Бирок… Бирок бул өтө жоопкерчиликтүү нерсе экенин колума калем алганда сезип отурам. Анткени сиз Ала-Бука районунун ардактуу атуулу Акжол Кадыров айткандай «Эл сыйлаган Эгемберди» деген наамга татыктуу экениңизге бүгүн экинчи ирет ынанып отурам. Экинчи ирет дегеним Айры-Там гимназия мектебинде сиздин алгачкы чыгарган китебиңиз «Өзгөргөн өрөөн, өскөн эл» деген аталышта өткөн иш чарада да ушул нерсеге ыраазы болгон элем. Ошол жерде сүйлөгөн сөзүмдө да атамын эмгеги текке кетпей эл керегине жарап жатканына миң мертебе ыраазымын жана сыймыктанам деп айткан элем.

Ата – аз өмүрдө 3 гана китеп жаратсаңыз да ал кээ бир 50-60 китеп жаратып, чан басып тургандардан өзгөчөлөнгөндүгү менен ордун таап турат. Себеби, ар бир китебиңиз жөнөкөй эле мектеп мугалимдеринин күнүмдүк сабактарында керектүү жардамга ээ болуп жатат.

Мына ошол китептеги накыл сөздөрүнүз, бизге берген ак таалим-тарбияныз турмушта оң, туура, таза жолду тандап басууда албетте сиздин эмгегиңиз деп эсептейм. Сиз бизди ач көз, өзүмчүл, кара өзгөй болуудан алыс кылып, адамгерчиликтүү, ак ниет жана чынчыл болууга тарбиялагансыз. Ата сиз ар кандай тармакта иштегендиктен сизден тарбия алган окуучулар, мугалимдер, инженерлер, врачтар ар кандай кызматтагы жетекчилер, илимдин кандидаттары ж.б.у.с Сиз жөнүндө дагы эле жакшы ойлорду, жакшы сөздөрдү айтышат. Сен ошол агайдын кызысыңбы? деп сураганда мен сыймыктана жооп беремин. Мен ушундай эл кадырына жеткен адамдын, кызы болгонум үчүн ыраазымын.

Сиздин эл үчүн жасаган эмгектеринизди мына азыр да айыл арасында кеп кылышат. Адамга баа берүү үчүн министрдин же окумуштуунун деле кереги жок экен. Муну айтканым себеби Ч.Кулумбетов атындагы №23 жалпы орто билим берүүчү мектебинин жөнөкөй эле жумушчусу Ботобеков Маман аке менен сүйлөшүп отуруп калсам ал: «Мындай айкөл адамдар чанда төрөлөт» деп Сиз жөнүндө өтө көп жакшы ойлорун айтты эле.

Мына эми эң өкүнүчтүүсү сиздин арабызда жоктугуңуз. Бүгүн Ак-Башаттагы  сиздин атыңызга коюлган мектепке бир класс-кабинет ачып жатабыз. Бул сиздин бизге берген эмгегиңиздин бир ууч татымына да жете турган нерсе эмес деп ойлойм.

Адам алсыз нерсе болот экен. Адамдын колунан келбей турган да көп нерселер бар экен. Эми сиздин эмгегиңиз, сөздөрүңүз кийинки муундарга кереги тийип,  жашап кетишине мен ишенем. Жашоодогу оң – терстин баарын салыштырып, дагы бир ирет айтам ушундай адамдын кызы болгонум менен сыймыктанам!

Ала-Бука району.Ч.Кулумбетов атындагы № 23 жалпы орто билим берүүчү  мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими, Бегайым Бакиева.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17