Аймак

ТАЗА МАМИЛЕ – ЖАНГА ЖАГЫМДУУ

ТАЗА МАМИЛЕ – ЖАНГА ЖАГЫМДУУ

 3,021 Бардыгы /

Шаардын №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Алымкулова Анара Токторовна өзгөлөрдөн билиминин тереңдиги, тажрыйбасынын молдугу менен өзгөчөлөнөт. Буга анын кыраакылыгы, сезимталдыгы, өзүнө жана өзгөлөргө катуу талап коюуусу, аны аткарууну көзөмөлдөөсү себепкер. Кабинетинин ыңгайлуу шарттары, тазалыгы, тыкандыгы, ошого жараша жайдары ачык мүнөзү, жүзүнүн жылуулугу Анаранын абийир намысынын күчтүүлүгүн, адамгерчилигинин бийиктигин, жашоонун ачуу-таттуусуна, бейтаптардын оң-тетири кыял жоруктарына чыдамдуулугун, көтөрүмдүүлүгүн далилдейт. Пенденин жүрөгүндө уюган сырлар мүрөк суусундай белгисиз болсо да күчтүү психологдор аларды купуя алып алышат. Анаранын ак жолтой болуп алкышка бай врач болушун каалайм. Эч нерседен кем болбогун. Кең пейилдүүнү кемитпейм, тар пейилдүүнү жарытпаймын деген Кудайдын пендеге берген аппак суудай анты – адилеттүүлүктүн туу чокусу! Сууну бычактап кесүүгө, балталап бөлүүгө, кайчылап кыркууга, колтукка кысууга, бүктөп кичирейтүүгө, чоюп – кеңейтүүгө мүмкүн эмес. Өмүр – суу сыяктуу. Укканда сүйүнүп, көргөндө күйүнүп, ар – намысты басып алып, чындыкты чапчып алып Кудайдын мыйзамын жокко чыгарган медиктерден арылсак. Улуу муундагы медиктер боорукер, намыскөй болгону, кичүүлөрүнүн уяттуу, ийменчеек болгону өздөрүнө пайдалуу болмок. Күн узун болгону менен өмүрдүн кыска экенин унутпоого милдеттүүбүз.

 

Буанипа ажы, педагог-психолог

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17