Аймак

Болотбек Таштаналиев-Кайран өмүр

 3,429 Бардыгы /

Атам мага: “Башкаларга жамандык издебе” деп көп айтар эле.
Ушуну ойлогондо мен үчүн адамдарга кекенип ойлоп жашоо болбостугун, атанын насаатына каршы иш кылып, өзүмдүн да жан дүйнөмү кирдетерим, кыйналарым, өзүмдү өзүм жектээрими түшүнүп, билип турам. А бирок айлам канча мен жан дүйнөмү кирдетишип, намысымы тепсеп жатса, көкүрөккө кек уюган, өч алыш керек дегенде көзүм күйөт…
Мен да адаммын, атанын баласымын, кул эмесмин,
Намысымды тебелеп-тепселегендер менен эч качан келише албайм.
Мейли, убактылуу жеңилээрмин, артка карай чегинээрмин…
Анын баары убактылуу… түбөлүк жеңиш мен тарапта.

Ал адам пас экенин, ичинен ирип, сасып турарын да баарысы жакшы билет. Анын жанында жүрүү гана эмес, сүйлөшүү, мамиле кылуу кыйноо мага…
Баары аны жек көрүшөт, шүмшүңдөгөн адамды ким эле териси сүйсүн…
Ошентсе да, аны баары сыйлашат, урматташат, ызатташат, жол беришет.
Бир гана мен ага болгон жек көрүүмү ката да, жашыра албайм.
Анын иттик иштерин көзүнө айтам. Көзүмө ал жин көрүнөт.

Ар күн сайын таң атып, ар күн сайын кеч кирет, өмүр аздап эскирет…
Тигишиндей жашоо эски көйнөктүн, аны канча жамаба, дал-далынан сөгүлүп
өмүр өтүп баратканын билдирет, аттиң адам жашоосу кыскалыгы өкүнтөт.
Анын көбүн баркын билбей өткөрөбүз лөкүлдөп, качан баркын билгенде
Адам эми кеч экенин түшүнөт. Кайра баштан мүмкүн эмес жашоого…
Кайра баштан мүмкүн эмес жек көрүүгө, сүйүүгө. Баарына кеч:
Жаңылыштыктарыбыз, каталыктарыбыз көзгө сайып оркоёт.
Канчалардын тартып алып бактысын, канчалардын уурдадык сүйүүсүн,
канчаларды ызаланттык, канчаларды таарынттык биз эмне үчүн.
Бири-бирибиздин көңүлүбүздү калтырбай да же жөн эле калп алдабай да, мүмкүн эле жашасак, биз башкага тийишпесек, бизден деле тынчыбызды ким алмак?

Алды сүйүнүч, арты өкүйүнүч дүнүйө, ар күн сайын таң атып, ар күн сайын кеч кирет, Ой-тилектер, максаттар, таарынычтар, ызалар, жек көрүү да, сүйүү дагы эскирет…
Адам байкуш бечара жаңылганын, каталыгын өтө эле кеч билет да, түшүнөт. Кайран өмүр кор болгон, мамлекеттей чек ара менен тосмолонгон, тордолгон…
Кайран өмүр куу отундай дуу күйүп, өзүнө да, өзгөгө да пайдасы да, зыяны да жок болгон.

Болотбек Таштаналиев

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17