Аймак

ГЕНЕРАЛ ПАЙГАМБАР ЖАШТА

ГЕНЕРАЛ ПАЙГАМБАР ЖАШТА

 3,045 Бардыгы /

Аксы эли өзүнүн даңктуу уулдары менен ар дайым сыймыктанып келген. Алардын катарында Мавляновдордун даңктуу династиясы бар деп айтсам жаңылышкандык болбойт. Көп жылдар башкарма болуп иштеп келген Темиркул аганы, кара сөздүн, акыл кенчтин алпы, аркада жүрсө сан колдой, алдыда жүрсө ак жолтой болгон агабыз, Кыргыз элдин Бакайы Жунай акени, өмүрүн элге арнап көп жыл чарбаларды башкарып өз даңкы, өз орду менен өткөн Субанкул агаларды эл унутпай ысымдары менен сыймыктанып келет.  Алардын даңктуу жолун бүгүн Абдырахман агай, Абдыкапар агабыз улап келет.

Абдыкапар Мавлянов –  Москвадагы ички иштер министрлигинин  академиясын бүтүргөн. Милиция кызматынын бардык тепкичтерин басып өткөн. Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин академиясынын начальниги кызматын аркалап, учурда Кыргызстан Эл аралык мамилелер университетинин проректору, юридика илимдеринин кандидаты.  Мезгилге арга жок экен мына жогорудагы залкарларга эркелеп, алардын таалим тарбиясын алып өскөн Абдыкапар агабыз, Кыргыз элине белгилүү генералдардын бири бүгүн 63 жашка чыгып олтурат. Чынын айтканда ишенбеген элем. Мезгил деген баары бир ишендирет экен. Эмне демечибиз, кутман курак кут болсун. Өмүр жашыңыз жуп болсун.   Куттуктоо сөзүмдү төрт сап ыр менен жыйынтыктасам деп турам.

Тектүүдөн тектүү уланып,

Келатат муун куралып.

Куттуктап мына турабыз,

Генералды кубанып.

Кутман курак кут болсун,

Генералдардын кенжеси.

Карап ага бул анык,

Мыктылардын катары,

Бара берсин уланып.

 

Абдымомун КАЛБАЕВ,   Аксы району  

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17