Аймак

АЙЫЛДЫН АРДАКТУУ КАРЫСЫ БОЛГОН

АЙЫЛДЫН АРДАКТУУ КАРЫСЫ БОЛГОН

 1,382 Бардыгы /

Анткени өмүр бою өз айылына кызмат кылган адам ушул Абыш Мавлянов болду десек да жаңылышкандык болбойт. Сталин атындагы башталгыч мектептен билим алып, сталиндик тарбия алып, эли журтуна ак кызмат өтөдү. Чарбалык иштерге өтө жаш чагынан аралашып, согуш мезгилинде жигиттик курактын оор мезгилин башынан өткөрдү. Алайын, жулайын дебеди. Ар бир эмгек Улуу Ата Мекендик согушта мекенди коргоп жаткандарга жумшалды. Талаачылык жумуштарында эсепти так жүргүзгөндүктөн чарба согушка чоң жардамдарды берди. Иштеп жүрүп окуду, билимин жогорулатты. Жубайы Гузеркан экөөсү тогуз уул, эки кызды тарбиялап өстүрдү. Абыш акенин уул-кыздары да мекен жүгүн көтөргөн азаматтардан болушту. Айылдык аткаруу комитетинин жооптуу катчысы, айылдык байланыш түйүнүнүн башчысы, айылдык кеңештин төрагасы, аксакалдар сотунун төрагасы болуп көп жылдар иштеди. Айылдык кеңештин бир нече чакырылышына депутат да болду. Айылга ыймандуулукка тарбиялоо максатында жаштарды уюштуруп мечит да салып берди.

Элге кылган ак кызматы мезгилинде бааланып Лениндин 100 жылдыгы медалы, Улуу жеңиштин кырк жылдыгы медалы, Эмгек ардагери медалы, Жеңиштин 50 жылдыгы медалдары менен сыйланып, элинин урмат сыйында жүрүп 2003-жылды кайтыш болду. Бирок артында элине кылган ак эмгеги калып, азыркы учрда айтылып сөз болуп келет. Уул- кыздары элге кызмат кылып ата жолун улантышууда. Ардактуу карыбыздын жаркын элеси элдин эсинде сактала бермекчи.

 

Абдымомун КАЛБАЕВ,   Аксы району  

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17