Аймак

ТЕМИРКУЛ ТЕГИН КИШИ ЭМЕС

ТЕМИРКУЛ ТЕГИН  КИШИ ЭМЕС

 2,577 Бардыгы /

Темиркул Мавлянов, эл атаган  аты  Молдоке. Отуз үч жыл эл башкарып, элине кызмат кылып жүрүп өткөн.

Темиркул кичинесинен чыйрак, сергек болуп өстү. Аны молдого окутуп, кат сабаты жоюлуп жазганды, окуганды билгендиктен «жеңелери  “молдо бала” деп тергешсе, эл «Молдоке» дешип эркелетип коюшчу. Ошол молдоке атадан калган нусканы алып, эл башкарып, эл журтуна кызмат кылды.

Кеңеш өкмөтү орноп жаткан мезгилде Мавлянды байдын тукуму деп кулакка тартышкан. Бирок Мавлян колунда бар малын колхозго өз ыктяры менен өткөрүп берип алгачкылардан болуп колхозго мүчө болгондуктан камалбай тез эле акталат. Анткени эл чындыкты айтышып сактап калган. Андан кийин элдин ичиндеги көралбастардын жазганынан улам Темиркул эл душманы катары караланып камалган. Бирок иши ак экен, элге кылган кызматы бар экен, түрмөдөн тез эле акталып чыгат. Молдекеге коюлган күнөө 1938-жылы колхоздун эгин сакталган кампасын текшергенде эгинден мите чыгып, эл байлыгын митеге бастырган деген жарлык тагылып калат. Мындай күнөө аны кесип же атып жиберүүгө негиз болбой, кайра акталып чыгат да, ошол колхозго башкарманын төрагасы болот.

Башкарма болору менен Кеңеш мамлекетин чыңдоого салым кошууну алдына максат кылып коёт. Анткени Молдоке кат сабаттуу адам болгондуктан келечекти көрө билет. Ал киши биринчиден майда чарбаларды ирилештирүүнү элге түшүндүргөн. Колхоздо иштеген адамдарга шарттарды түзүүнү, айылдын социалдык маданий акыбалын оңдоону колго алган. Бул ишти ал киши кайдан билген? Москва шаарына элдик бир жыйынга барып, ал жерден мыкты өнүккөн чарбалардын тажрыйбаларын үйрөнгөн. Биздин айылда да мына ушундайлар болсо деп тилек кылган. Алгач айылдын жаштарына шарт түзүүнү маанилүү иш деп эсептеп, айылга маданият үйүн курдурган. Бул маданият үйү учурунда райондогу эң мыкты маданият үйлөрүнүн бири болгон. Ошондой эле элдин ден соолугун чыңдоо максатында айылдын чок ортосуна мончону куруп пайдаланууга берген. Ошол эле мончонун жанына чайкана да курдурган. Чарбанын машина трактордук паркын да мына ушул Темиркул аке негиздеген. Райондун чарбаларынын ичинде биринчи болуп автотрактордук парк курулуп, ушул Сталин атындагы чарбада семинар өткөрүлгөндүгүн ал кезде жаш болуп иштеген азыркы ардагерлер эскеришип келишет.

Темиркул акенин келечекти көрө билиши, ишти он-он беш жыл алдын ала эсеп менен пландаштыра билгендиги элдин тез ирденип, чарбанын алдыңкы катардагы чарбалардан болушуна негиз түзүлгөн. Бир гана Кош-Дөбө айылын эле эмес, райондогу айрым артта калган чарбаларга да мыкты жетекчи катары көп жардамдарды берген. Замандаштары менен биргеликте акылдашып, кеңешип иштегенди жакшы көргөн. Бул элдин турмуш шартын жакшыртууга негиз түзгөн.

1955-жылы Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары Исхак Раззаков келе турган кабар келет. Республиканын жетекчисинин алдында уят болуп калбас үчүн ал кезде колдон келгендин баарын жасашып, чарбаны тартипке келтирип, жолдорду колдон келишинче оңдошкон. Райондун чоңдору менен бирдикте Жакып Султанов, Рысбек Калыгулов жана Бекмурат Шадыбеков колхоздун башкармасынын төрагасы Темиркул Мавлянов болуп эки күн күтүшөт, үчүнчү күнү Исхак Раззаков колхозго келип иш менен таанышат. Ал кезде чарбада 450 баш жылкы, 300 кара мал,12 миң кой болгон. Малдын башын ырааттуу өстүрүп, асыл тукумдуулугун арттырып жаткан үчүн биринчи секретарь чарбанын адистерине чоң ыраазычылык билдирет. Дал ошол жерде жылкы ферма Бекмурат Шадыбековго өзгөчө алкыш айтылат. Ал киши кийин ошол алкышты сыймыктануу менен айтып жүргөн. Кечинде кеңседе кара чыракты коюп алып иштеп жаткан адистерди көрүп, Исхак Раззаков Үч-Коргон ГЭСинен электр энергиясын алып келүүгө каражат бере тургандыгын билдирип, бул ишти уюштурууну Темиркул Мавляновго тапшырат. Темиркул аке бул ишке бардык күч аракетин жумшап, айылга биринчи электр энергиясын алып келет. Алтымыш чакырым алыскы жерде электр энергиясын тартып келүү бул жеңил-желпи иш болбогон. Анткени ал кезде азыркыдай кубаттуу техникалар болбогон.

Электр энергиясынын келиши менен ар коктуда жашап жүргөн элди олтурукташтырууну да мына ушул Темиркул аке биринчилерден болуп баштап, айылдын генпланын түздүрүп, шаар тибиндеги жаңы айылды негиздейт. Мына ошол жылы Исхак Раззаковдун келиши көп маселелерди чечип алууга негиз түзгөн. Кош-Дөбө айылындагы азыркы Темиркул Мавлянов мурдагы Кош -Дөбө орто мектебинин эки кабаттуу имараты курулат. Курулушту уюштурууда Темиркул аке күндөп түндөп жүгүрүп, анын заманбап мектеп болушуна чоң салым кошкон. Жер аянтын бөлдүрүп берип, мектеп курулгандан кийин айланасына бак тиктирген.

Ал эми Исхак Раззаков мал чарбасын өнүктүрүп жатышкандыгына ыраазы болуп кеткенден кийин чарбанын эсебинен Курулуш участкасына райондогу эң чоң мал сарайды малчылардын турак үйлөрү менен курдуруп, чарбанын сүт багытындагы саан уйларын арттырып, асыл тукумдуулугун жогорулатууга негиз түзгөн. Чарбанын башкармасынын төрагасы эл менен олтуруп чай ичип, эл жегенди жеп, ишти көбүнчө талаада пландаштырган. Дал ошондой асыл сапаттары бар үчүн, эл ал кишини сыйлаган, азырга чейин эскерип, эстеп айтып келишет.

Эл үчүн талыкпай иштеген бул адам негиздеген Кош-Дөбө айылы учурда шаар тибиндеги чоң айылга айланып олтурат. Азыр бул айыл өкмөттүн аймагында 5 орто мектеп, төрт балдар бакчасы, маданият үйү, мончо иштеп элге кызмат кылып келет.

Темиркул Мавлянов тирүү болгондо быйыл туптуура 110 жашка толмок, эли журту ал кишинин жүз жылдыгын чоң той менен белгилемек, өзү көргөн сый башка болмок. Тагдыр экен, ал киши эрте кетти. Бирок Темиркул акенин элге кылган эмгеги эске алынып, айылдын борбордук усадбасына бюсту коюлуп, өзү курган мектепке ысмы берилип, эл эмгектен эскерип келишет.

 

Абдымомун КАЛБАЕВ, журналист, Аксы району,

Кербен шаары

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17