Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
3,220 Бардыгы / Кыргыз Улуттук Жазуучулар Союзунун тарыхында Кыргыз эл жазуучусу, маркум Жунай Мавляновдун салмактуу орду бар. 1966-жылы жазуучулардын 4-сьезди өтүп, интригалардын, талаш-тартыштардын айынан жетекчиликти жаңылоо маселеси келип чыгып, союздун ички ич ара кагылыштарынан сырткары алыс жана калыс жүргөн адамды жетекчиликке алып келип дайындоо маселеси каралат. АалыТокомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Темиркул Үмөталиев баш болгон жоон топ […]
3,221 Бардыгы / Кыргыз Улуттук Жазуучулар Союзунун тарыхында Кыргыз эл жазуучусу, маркум Жунай Мавляновдун салмактуу орду бар. 1966-жылы жазуучулардын 4-сьезди өтүп, интригалардын, талаш-тартыштардын айынан жетекчиликти жаңылоо маселеси келип чыгып, союздун ички ич ара кагылыштарынан сырткары алыс жана калыс жүргөн адамды жетекчиликке алып келип дайындоо маселеси каралат. АалыТокомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Темиркул Үмөталиев баш болгон жоон топ […]
АДАМ ДА, ЖАЗУУЧУ ДА БОЛУШ КАНДАЙ КЫЙЫН
20.08.2018 / Автор aymak3,222 Бардыгы /
Кыргыз Улуттук Жазуучулар Союзунун тарыхында Кыргыз эл жазуучусу, маркум Жунай Мавляновдун салмактуу орду бар. 1966-жылы жазуучулардын 4-сьезди өтүп, интригалардын, талаш-тартыштардын айынан жетекчиликти жаңылоо маселеси келип чыгып, союздун ички ич ара кагылыштарынан сырткары алыс жана калыс жүргөн адамды жетекчиликке алып келип дайындоо маселеси каралат. АалыТокомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Темиркул Үмөталиев баш болгон жоон топ жазуучулар тээ алыскы Жаңы-Жол районунун борбору Каравандагы (зыркы Аксы району, Кербен шаары) мектеп-интернатта директор болуп иштеп жаткан Жунай Мавляновдун дарегине жакшы пикирлерди айтышып, кандидатурасы Борбордук Комитетте каралып, уюштуруу пленумунда бир добуштан жазуучулар союзунун секретарлыгына шайланат. Ал кызматта беш жыл үзүрлүү эмгектенген соң, кайрадан педагогдук кызматын улантып «Мугалимдер газетасына» баш редакторлукка кетет. Ал эми 1995-96-жылдары Чыңгыз Айтматов баш болгон жазуучулардын өтүнүч-сунушу менен оор, өткөөл мезгилде Кыргызстан Жазуучулар Союзуна төрагалык кылат. Жазуучулар Союзунун тарыхында бир жазуучуну эки жолу жооптуу кызматка келиши жокко эсе.
…Башка көптөгөн кыргыз акын – жазуучулар сыяктуу эле Ж.Мавлянов да чыгармачылыгында адегенде ыр жазуудан баштаган. Бирок башкалардан айырмаланып, ал адабиятка баш-оту менен кирип, китеп чыгарууга кызыкпастан кантсе да көпкө чейин алгачкы кесиби мугалимдикти кыя албай айылдык мектепте иштей берген: ырлары райондук, областтык газеталарда жарыяланып жүргөнүнө карабастан алгачкы ыр китептерин («Жүрөк», «Аркыт гүлдөрү», «Мөл булак») кырктын кырына чыгып, акыл азуусу жетилип, турмушка бышыгып, адабияттын аки-чүкүсүн аңдап калганда чыгарган. Ошол себептүү бул жыйнактар жаш, үйрөнчүк акындарга болгон поэзия менен саламдашуу, убада берүү сыяктуу куру кыйкырыктардан алыс. Алардын ордун өткөн согуштун алааматын, андан кийинки жана 60-жылдардын башындагы коомдук-саясий жагдайды чагылткан, ошол эле кезде автордун өзүнүн турмуштук тажрыйбасын, аздектеген сезимдерин элестүү берген туундулар ээлейт. Жазылыш маданияты, техникасы боюнча да ал китептер ошол учурдагы кыргыз поэзиясынын жалпы деңгээлинен төмөн турбайт десе болот.
Бирок ошондон кийин Ж.Мавляновдун чыгармачылык жолунда олуттуу бурулуш, кескин өзгөрүш болду, ал бүт бойдон кара сөз өнөрүнө ооп кетти. Буга “Бекиш, сага эмне болду?” -деп аталган аңгемелер жыйнагынан (1964-жыл) бери карай чыккан көптөгөн аңгемелери, очерктери, повесттери, “Ачык асман”, “Бийиктик”, “Жаңы таң”, “Кайрымсыз жылдар” аттуу романдары ачык далил. Албетте мындай бурулуштун өз себептери бар.
Ж.Мавляновду жакындан тааныгандар жакшы билет: ал киши дайыма токтоо, сабырдуу, сыпаа болчу. “Жети өлчөп бир кескенди” бек тутчу. Менимче, адамдык табияты, мүнөз өзгөчөлүктөрү ушундай инсанга жан дүйнөнү жалбырттатып, сезимдерди эркин коё берген лирикага караганда ойго, окуяларды тизмектегенге, адам мүнөзүн кылдат талдаганга таянган жайбаракат проза жакын келген.
Экинчиден, жогорудагы жагдай Ж.Мавляновдун алгачкы кесибине мугалимдик, таалим-тарбиячылык талантына да байланыштуу. Минтип айтканым жазуучунун мейли аңгеме, мейли повесть, мейли романдары болсун, башкы көңүл кызыктуу окуяларды кубалоо, майда-бараттарды санактоо, табият көрүнүштөрүн шөкөттөөгө эмес, коомдук конфликтерди ачууга, адеп-ахлак кагылыштарын көрсөтүүгө, мүнөздөрдүн күрөшүн иликтөөгө бурулат. Тагыраак айтканда Жунай Мавляновду кара сөз чебери катары көбүрөөк кызыктырган нерселер мына булар: эски менен жаңы, ак менен кара, жакшылык менен жамандык, ак пейилдик менен кара өзгөйлүк, согуш менен тынчтык, бийиктик менен пастык ж.б…
Абдыганы ЭРКЕБАЕВ, сынчы, филология илимдеринин доктору, академик
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНЫН КАРАМАГЫНА ӨТКӨРҮЛГӨН АЙЫЛДАРДА “ТЕЗ ЖАРДАМ” БЕКЕР АЧЫЛАТ
-
-
25.04.2024 / Автор anarkan_kg АЛАЙ РАЙОНУНУН БОРБОРДУК АВТОБЕКЕТИ ДАГЫ МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ
-
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДА 133 МЛН. СОМГО ТАШТАНДЫ ИРГЕГЕН ЗАВОД КУРУЛУУДА
-
02.04.2024 / Автор anarkan_kg ИИМ: ӨЗҮҢҮЗДҮ ЧӨНТӨКЧҮДӨН КАНТИП КОРГОО КЕРЕК?
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.