Аймак

АБДИЛЛА АТАДАН ТАРАГАНДАР, ЭЛ ИШИНЕ ЖАРАГАНДАР

АБДИЛЛА АТАДАН ТАРАГАНДАР, ЭЛ ИШИНЕ ЖАРАГАНДАР

 4,118 Бардыгы /

 

Бул жалган дүйнөдөн не деген гана адамдар өтпөдү дейсиз. Төрөлгөндөрдүн артында из калгандары, кылым кезип жашап калгандары саналуу гана болду. Биз сөз кыла турган Аксы районунун Ринжит өрөөнүнөн чыккан элине ак кызмат өтөгөн Мавляновдордун династиясы.

Мавляновдордун эң улуусу Темиркул Мавлянов колхоз уюшулгандан баштап отуз үч жыл пенсияга чыкканга дейре ошол кездеги сельсоветтеги 5 колхоздун бирин башкарып башкарма болгон. Быйыл 110 жашка чыкмак.  Андан кийинкиси Субанкул Мавлянов ошол убактагы совхоздун, колхоздун жетекчиси болуп жыйырма алты жыл иштеген. Учурда 100 жашка толмок. Жакшы эрдин артында мыкты жубай турат демекчи, анын жакасын агартып, балдарына татыктуу тарбия берген жубайы Зыяда эне болсо 95 жашка чыкмак. Алардын уулдары – техника илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук академиясынын мүчө -корреспонденти Абдырахман Мавлянов 70 жашта. Ал эми милициянын генерал майору, юридика илимдеринин кандидаты Абдыкапар Мавлянов 63 жаш пайгамбар жашында.

Үй-бүлөдөгү үчүнчүсү, агартуу тармагында көп жыл эмгектенген Кыргыз СССРинин эмгек сиңирген мугалими,  Кыргыз Республикасынын  Эл жазуучусу  Жунай Мавлянов  95 жашка толмок.

Кош-Төбө айылынын эли булардын тобун «Артыкбайдын тогуз уулунан тарагандар» – деп коюшат. Бул аймакты ээлеген мурдагы беш колхоздун бири болуп эсептелген Сталин атындагы колхоз үч чакан кыштактан – Атана, Чие, Багыштак деген кыштактардын элинен турчу. Атана кыштактагылар – негизинен ошол «тогуз уулдан» тарагандар.

Тогуз уулдун эң улуусу – Болот деген экен. Анын – Ыман, Алымбек, Абдилла, Ашыр – деген уулдары, Айкан, Айганыш – деген кыздары болуптур.

Абдилласи – булардын чоң атасы Мавлян. Аны айылдын эркектери: «Молдо Абдилла» дешсе, аялдары: «Болуш» дешип – тергешчү экен. Көрсө ал киши учурундагы кат-сабаттуулардан болгондуктан а дегенде болушка мырза, (катчы) кийин болуш болуптур.

Аксы тарапта баш-аягы кырк-жыл болуштук кылган Ороз деген адам (азыркы Ала-Бука районунан чыккан) уезд тарабынан Кетмен-Төбөгө болуштукка жиберилгенде чоң атасын (Мавлян) ал  өзүнө мырза кылып алып кетет. Чоң аталары ал жактан келгенден кийин өз элине (Багыш болуштугуна) болуш болуп шайланат. Уруулары – багыш. Абдилладан Мавляновдор таркаган.

Мавляндан башка да Жумабай, Ысак, Жоробек, Дооронбек, Намырза, Сартмырза – деген уулдары, Шааркан, Калжан – деген кыздары болгон. Алардын баарынын көзү өтүп кеткен, ар биринен бир нечеден туяк бар.

Булардын  ата-энелери да бир топ перзенттүү болушуптур. Бирок туруп калганы-алтоо, төрт уул (Темиркул, Субанкул, Жунай, кенжеси – Абиш), эки кыз (Каныкей, Бүзайнап).

Жунай Мавлянов  өзүнүн китебинде (“Менин таржымалым”)  үй-бүлөсү тууралуу минтип эскерет.

“Үй-жайлуу, бала-бакыралуу болгонубуздан кийин деле тамак-ашты апабыз кайсы үйдө олтурса, ошол жерден барып иччүбүз. Ошентип баарыбыз түгөл өзүн тегеректеп отурганга эргип кетеби же апабыз кээде: «Алтоону – арстан дээр экен; бешөөнү бекзат дээр экен; төртөөнү – төрө дээр экен» – деп жамактатып калар эле.

Акем менен апаман (улуу агабыз чоң атабызды көргөндүктөн атабызды «аке» деп калыптыр. Биз да аны ээрчип «аке» дечүбүз) тарагандар да бу кезде кудайга шүгүр, жоон топпуз. Бирок санын билсем да, айталбайм. Антсем апамын арбагын нараазы кылып коюшум ыктымал. Себеби  ал киши небере-чебере гана эмес, кебире да көрүп, жыл сайын канат-бутагы жайылып баратканын билсе да алардын канча экенин, эч кимге, эч качан айтчу эмес.

Бир жолу жанагинтип өзүн тегеректеп отуруп тамак жеп, чай ичип жатканыбызда сөздөн-сөз чыгып агабыз Темиркул: «Апа, акем экөөңөрдөн тарагандар канчага жеткенин билесизби?» – деп калды. Апабыз анын сөзүн ошол жерден үзүп таштады. – Бизден тарагандар сенин колхозуңдун кою беле, санап жүргүдөй» – деп.

Андан мурдараак жакын эле туугандарыбыздын бири апабыз менен сүйлөшүп олтуруп: «Жеңе, кудай буюрса Абишиңизге Артыкбай чоң атабыздын ооматы келет окшойт, жаман балдарынын саны тогузга жетип калган турбайбы»- десе, – «Эгер сен бул үйгө менин неберелерими санаганы келип жүрсөң, экинчи келбегин» – деп аны таарынтып жибергенин да уккан элек. Ошолордон кийин апабыздыздын бала-бакыралардын саны туурасында сөз кылганды токтотконбуз.

Биздин ата-энебиздин колунда чоң бийлиги, ашып-ташкан байлыгы болбосо да ошол аймактагы элдин кадыр-барктуу адамдарынан эле.

Акебиздин бизге өткөн негизги сапат деп анын өтө боорукердигин айтып жүрөбүз. А киши айрыкча, жетим-жесирлердин үстүнө түшө калчу. Эшигибизге дубана келсе да аны үйгө кийирип чай бермейин кетирчү эмес. Биздин динге болгон сый-урматыбыз да ата-энебизден өткөн.

Апабыздын кайратына таазим этип келебиз. Анысын Субанкул экөөбүздү кан майданга көз жашын чыгарбай туруп узатканынан, анан акебиз каза болгондо байкадык. Жаштыкты, жүүнү боштукту ал өмүрүнүн акырына чейин жаман көрүп өттү.

Акебиз 1946-жылы 63 жаш курагында катуу оорудан көз жумду. Төшөктө жатканда: «Кап! Жараткандан азыраак сураган экенмин да» – дегени алиге чейин анын башын-көзүн, колу-бутун ушалап кашында отурган биздин кулагыбызда. Көрсө: «Субашым менен Жунашым согуштан аман-эсен келип калышса, ошол күнү бул дүйнө менен кош айтышсам да ыраазы элем» деп жүргөн тура жарыктык.

Апабыз 88 жыл өмүр сүрдү. Ошондуктан акебизге толук көрсөтө албай калган перзенттик кызматыбызды да апабызга кошо көрсөтүп калууга аракеттендик. Эгер ал аракетибиз ишке ашып, алардын бизди торолтууга, тарбиялоого (акебизден да, апабыздан да жүрөккө так салган бир да сөз укпаптырбыз кийин ойлосок) зарпташкан эмгектеринин миңден бирин актап калган болсок, анда биз  алардын балдары жана кыздары, бул дүйнөдө бекер жашабаптырбыз деп айтууга акылуубуз.

Өзүбүздүн балдарыбызга ыйык мурас катары өткөрүп берсек деп тилеген негизги байлыгыбыз да, ошол ата-энебизге кылган ак кызматыбыз, терең, сый-урматыбыз, анан ушул убакка чейин «сеники», «меники» деп дүнүйө бөлүштүрбөгөн ынтымагыбыз».

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17