Аймак

КЫРГЫЗДЫН ТУУЛМАГЫ ДА АЗАП, КАТЫН АЛМАГЫ ДА АЗАП,ӨЛМӨГҮ ДА АЗАП

КЫРГЫЗДЫН ТУУЛМАГЫ ДА АЗАП, КАТЫН АЛМАГЫ ДА АЗАП,ӨЛМӨГҮ ДА АЗАП

 3,523 Бардыгы /

 

Айтылуу агайым Салижан Жигитов тунук, таза инсан эле. Акын, сынчы, адабиятчы, орошон ойчул эле. Устарадай курч, куйкум сөз менен кыйыта сүйлөп, кер-какшык салып, байыркы кулчулук доордун акыл-эс туткунунан суурулуп чыга албай, кайра артка кетип, дагы деле түндүк, түштүк, батыш, чыгыш, оштук, таластык, нарындык, чүйлүк, көлдүк деп бөлүнүп жарылып, чачырап билинбей, сезилбей жоголуп бараткан, кумга сиңген суудай дайыны жоголуп бараткан кыргызына күйгөндөн, кыргызды жетесине жеткире сокчу. Ар намысына тийчү. Ойгонор ойлонор дечү эле го.

Раматылык, Мелис Эшимкановдун менчик гезити «Асабага» өтө курч макала жазып, элге жем таштап койчу. Салижан Жигитов ак үй, көк үйгө кыйыт сын айтса, маңыроо ак үй, көк үй түшүнсө гана. Иттерге сөөк ыргытса, сөөк талашып, кабышкан, тиштешкен иттердей. Асабага чыккан курч сындуу макаланы, кыргыздын ар намысына доо кетер макаланы, эл-журт талашып, тартышып талкуулап жатып калышчу. Мамлекетти башкара албай айласы түгөнгөн, эстери оогон, Акаевдик бийлик Салижан Жигитовдон жардам суранышчу эле. «Асабага» жанагыдай курч макала жазыңчы, эл-журт макаланы 5-6 ай талкуулашып, алаксып турсунчу… элди алаксыта турсаңыз деп. Бийлик 5-6 ай болсо да жаңы тынч болор деп, Аскар Акаевдин эң жакын Осмонахун деген кишиси көп суранчу эле Жигитовдон …

 

КЫРГЫЗДЫН ТУУЛМАГЫ ДА АЗАП

Жигитов Салижан агай:- «Кыргыздын туулмагы да азап» – деп кан какшап, бир чети абдан ачууланып, бир чети күйүнүп, бир чети өзү кыргыз болуп калганына өкүнүп, «Кой аксагы менен жүз» – деп, өзүн-өзү жубатып, Манастын урпагы болуп, жер бетине кыргыз болуп туулганына кайра сыймыктанып, деген менен еврей, япон элдериндей акылдуу, илим, билимдүү боло албай, ынтымактан тайып, түндүк, түштүккө бөлүнө калып, элди ыдыраткан спорттон, соодагерден, бизнестен, касапчыдан, тегирменчиден, айдоочудан чыккан билимсиз депутат, саясатчыларга кер какшык ыргытып, каймана какшык айтса да түшүнбөгөн, кыйыткан сөздүн терең маанисине жетпеген чала сабат саясатчыларды ээрчип, жардан учуп, кыйрап жаткан эл-журтту көрүп, туруп «Кыргыздын туулмагы да азап» – деп чагылгандай күркүрөп, тарс этип жарылып атпайбы.

Качанкыга чейин кыргыз бири-бирин өгөлөйт, качанкыга чейин кыргыз түндүк, түштүк, батыш, чыгыш болуп бөлүнө беришет? Качанкыга чейин мамлекеттин байлыгы тоноло берет, качанкыга чейин кыргыздын жери сатыла берет, качанкыга чейин кыргыздын карапайым эли эзиле берет, качанкыга чейин кыргыздын эли чет жерде тентий берет? – деп кейип, бу башаламан, заманбап кыргыз коомчулугу гана – «Кыргыздын туулмагы да азап» – деп жатпайбы кайран агай Салижан Жигитов.

Заманбап кыргыз дүйнөсү таптакыр ыплас жашоого айланып булганып калгандай, кафе, түнкү бар. Ресторанды ээлеп аш-той, үйлөнүү үлпөт, арак, шарап…

Деги койчу артисттер той-ашта ырдап, шоу-бизнести кылгандай, аялдар той-аштан чыкпай, ичкени арак-шарап. Энесинин курсагынан аракка өлө тоюп, мас болуп төрөлгөн кыргыз, кесипкөй алкаш, суу куйдуу шылуун, акча, аракка тоюп төрөгөн бала энесин саткан, энесин өлтүргөн маңкурт Жоламанды кыргыз аракка мас эне төрөдү да?!

Еврейлер болсо еврейлерди башка улуттун кыздарына аргындаштырып, кан жаңыртып, өтө акылдуу балдардын санын көбөйткөнгө көп маани беришет. Курама темирден курч чыгат эмеспи. Дүйнөнүн эсин оодарган гениалдуу окумуштуулар, философдор, жазуучулар, миллионерлер, миллиардерлер таза кандуу еврейлерден чыккан. Мисалы: Альберт Эйнштейн, Нильс Бор, Зигмунд Фрейд, Карл Маркс, Марк Цукерберг, Сергей Брин еврей калкынын сыймыгы.

Кыргызда арак-шарапка, соода, акчага мээси ууланып төрөлгөн бала жашоону, дүйнөнү мас-кайф акыл-эс көз карашы менен карап, кыргыздык даанышмандык акылдуулуктан ат чабым алыс, патриоттук сезимсиз, ариет, намыссыз, билимсиз, тарбиясыз, маданиятсыз,көөдөн сокур балдар, еврейдин билимдүү, илимдүү балдарына кайдан теңелмек эле. Заманбап өнүккөн Европа мамлекеттериндеги Америка, Кытай, Орусия өлкөлөрүндөгү илимий-технологиялык прогресс бийиктеп, күндөн-күнгө бийиктеп бараткан прогрессивдүү жашоодон таптакыр артта калып, ташбака жүрүшкө салып, сүйрөлүп бараткан Кыргызстанда туулган баланын, туулмагы азап эмей эмне?- дегени го агайдын.

 

КЫРГЫЗДЫН КАТЫН АЛМАГЫ ДА АЗАП

 

«Кыргыздын катын алмагы да азап» – деп Салижан агай көсөмдүк, көрөгөчтүк кылып айткан экен. Кыргыздардын акыл-ой прогресси өнүп-өспөй, жайылык акыл-ой менен калыптанып калганын, чындап жапайы эл экенин өткөндөгү жаш кызды ала качканы. Милициякана ичинде зөөкүр жигит ала качкан кызын союп салганы, коркконунан көчүгү түшүп өзүн-өзү бычактап алганы, милициялардын кайдыгерлиги, кыргыз милициясынын жапайылыгы, кыргыз бийлигинин, саясатынын жапайылыгы, өнүккөн Европа өлкөлөрүнүн  оозун ачырды го. Бул жапайылык эмей эмне? Кыргыздын катын алмагы азап эмей эмне?

Кыргыз коомчулугу чет – элдик насыя саясаты менен жашоосун жаңы түшүнүксүз турмушун аныктап алды. Кыргыздын бүтүндөй жашоосун акча чечип калган жапайы саясаты, кыргыздын ата-бабадан калган каада-салтты жээрип, түп тамыры менен тебелеп, тепсеп, соолутуп, баратат. Бүгүнкү кыргыздар кыз берип, уул үйлөгөндө банктардан 100 миллиондоп карыз насыя алып, дүңгүрөтө той берип, катын алып, эртеси дүңгүрөтө ажырашып соттошуп, октошуп, банкка карыз насыясын төлөй албай, үй-жайын алдырып, көчөдө калуу жаңы салты пайда боло баштады го.

Байкалбаганы, сезилбегени, билинбегени менен ак сөөк, кара сөөк, бай, кембагал, ак, кара ажырымы коомдо кадимкидей орун ала баштады. Колунда байлыгы жок кыргыздын катын алмагы чындап азап болду. Колунда жок кембагалдын кызы эрге тиймеги азапка айланды. Акча, байлык миңдеген кыргыз кыз-жигиттеринин тагдырын тебелеп, тепсеп майкандады. 30-40 чыкса да эрге тийбеген, ажырашып бойдок жүргөн кыргыздын кыз-келиндери көбөйдү.

Батыштын азгырма, акча, бузуку саясаты кыргыздын байыркы ата-баба мурасын, каада-салтын талкалап жок кылды. Батыштын бузуку саясаты кыргыз элинин эң тунук руханий дүйнөсүнө чабуул жасап, бирок колу жетпеди, акылы жетпеди. Ал ата мурасы Манас. Манас дүйнөлүк руханий бийиктикте туруп, бир кыргызга энчилүү экенин айтып, кыргыздын бир ууч прогрессивдүү акылман адамдары Манасты сактап, кыргызда калары айныгыс чындык. Бир ууч прогрессивдүү кыргыз Манастын урпактары, кыргыз элинин туусун бийик желбирете беришет.

 

КЫРГЫЗДЫН ӨЛМӨГҮ ДА АЗАП

 

«Кыргыздын туулмагынан да, өлмөгү азап» деп Салижан агай кан какшап көп айтканы бар. Асаба гезитине бир далай макала жазганы да бар. Тирүү кезинде баркталбаган, сыйланбаган ата-эне өлүмү, Манастагы Бокмурун берчү Көкөтайдын ашындай жайнатып жылкы союлуп, айыл басып, конок күтүлмөйүн, өлүм азасы той-тамашага айланып кетерин ачык айтып, ачуу чындыкты келтире айтып, сындап чыккан эле Салижан агай.

Чыны кыргыздын өлмөгү да азап…Ушунчалык өлүм зыйнатын одоно бузуп, дүгүрөгөн той берерден мурда, ата-энеңи тирүү кезинде сыйлабайсыңбы? Ата-энеңди карыганда карабай, карылар үйүнө таштап койбой, жакшылап бөпөлөп бакпайсыңбы? Ооруп турса өлүмүн пайлаганча көңүлүн көтөрүп, ооруканага алып барып, дарылатпайсыңбы? Эненин бейиши таманында дейт, кирип-чыгып энелеп, эркелеп турбайсыңбы? Ар адамдын башында бир өлүм бар. Ата-энең сенден көңүлү сынса да, небересин сагынат, көргүсү келет, чоң ата, чоң энелик мээримин төккүсү келет. Карылар үйүнүн терезесин тиктеп, дүр этип машине токтосо, селт этип башын көтөрүп, балам келдиби деп, үмүтү жол карап, сени сагынып, неберелерин сагынып, ичинен сөгүлүп, зарлап ыйлап отурганда ата-энеңден кабар албайт белең. Бир чымчым татуу алып барып, абалын сурабайт белең. Ошондо байкуш ата-энең, тарынычы жуулуп, жанындагы өзүнө окшоп, карыганда баласына жүк, келинине жүк болуп, карылар үйүндө карайлап отурган шор бешенелерге эрдемсип, менин уул-келиним келиптир деп бир төгүлүп албайт беле, сүйүнүп… Кайран ата-эне ай?!..

Кан какшатып карылар үйүнө камап салып, өлгөнүндө үйүңө апкелип, өлүп зыйнатын мусурманчылык жолу менен сөөктү көп кыйнабай, жаназасын окутуп, жерге бербейт белең. Ата-эне сөөгү боз үйдө кепинделип, бозоруп жатса, сага жылкы союп, өлүм зыйнатын аш-тойго айлантуу зарылбы. Ата-энең тигинтип өлүп жатса, аракка өлө тоюп, жер муштап боздоп ыйлаганыңдын кимге кереги бар. Ата-энеге кылган кордук зордугуң эртели-кеч өзүңдүн башыңа түшөрүн ойлодуңбу? Ата-эне о дүйнө кетсе кайра келбес, ата-эне табылбас жан экенин ойлодуңбу?- кыргызым.

Байкуш ата-эне кезерип ачка отурганда, бир үзүм нанга, бир кесе оокатка зар болуп отурганда келиним, балам качан оокат алып келет деп зарлап отурганда, ачка апталап таң ашырып жүргүчө жакшылап бакпайсыңбы? Ата-энеңден жийиркенип, өпсө оорусу жугат деп, балдарыңды алып качкыча небересин бир жыттатып койсоң небере жытына кубат албайт беле. Ата-энеңди эски тамга киргизип, ит баккандай кылып, ит аягына жугунду куйгуча, үйүңдүн төрүнө отургузуп, өзүң жеген аш-оокатың менен бакпайсыңбы, жаңы-жаңы кийинтпейсиңби?

Ата-энеңди көзүнүн тирүү кезинде иттен да жаман кор кылып бакчу элең. Баласы болуп ата-энеңди сыйлоочу эмес элең. Мына кызык, көзү тирүү кезинде сыйлабаган, сенин сыйыңды, мээрими көрбөгөн ата-энеңе, өлгөндө жылкы союп, бука союп, чоң торпок союп көмгөнүңдүн кимге кереги бар? Ата-энең тирүү маалында жылкы союп бакпайсыңбы, бука союп, уй союп бакпайсыңбы көөдөк ала өпкө кыргызым.

Көөдөк өпкөсү жок кыргыздар, ата-энесинин өлүмүн да тынч койбой, саясатчылардай өздөрүн бир рекламалап алышат экен. Эшмат эчки сойду, Ташмат жылкы сойду деп. Эчки сойгон Эшматтын ата-энесинин жаназасына алты гана киши келиптир, жаназа окуганыма акча төлөй албайт деп молдо да келбептир. Жылкы сойгон Ташматтыкына бир өрөөн эл түрүлүп, жылкынын карты, чучугун, этин, ашын жегени баары көчүп келиптир. Ташматтын ата-энесинин жаназасын окуганы республиканын, областтын, райондун дин аалымдары баш болуп, миң молдо келиптир. Ташматтын ата-энесинин жаназасы алты күн окулса да, миң молдонун көпчүлүгүнө кезек жетпесе да ар бирине, чоңуна жүз миң, кичинесине элүү миң акча төлөп, Ташмат молдолордун баарын ыраазы кылыптыр.

«Ушунча дүйнө байлыкты биздин өлүмтүгүбүзгө төгүп чачкандан көрө, ооруп жатканыбызда бир жылкынын акчасын догдурларга берип, дарылатканда биз өлбөйт элек» – деп Ташматтын ата-энеси көрүстөн ичинде өлүп жатып, арманын айтышыптыр.

Кыргыздын туулмагы да азап,

            Катын алмагы да азап.

            Өлмөгү да азап…  – деп Салижан агай үч сап сөз менен кыргыздын кылымдарга тете жашоо образын айтып, кыргызга эбак баа берип да койгон. Кыргыздын кандай эл экенин мына үч сөз менен ачып койгон. Мындан ашкан баа да жок. Ачуу чындыктан эч ким кутула албас. Чындыктын даамы да ачуу болот. Мен агайымдын кыйытма сөзүн чечмелеп, ачык айттым го. Ачуу чындык мына ушундай болот, кыргызым.

 

Абдыразак ОМОРОВ, жазуучу, журналист, духовный аалым, илим изилдөөчү, чыгыш согуш искусствосунун мастери

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17