Аймак

ҮЙҮНӨ КИРЕ АЛБАЙ ЖАТКАН АЙЗАДАГА ЖАРДАМ КЕРЕК

 2,625 Бардыгы /

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

С. ЖЭЭНБЕКОВго.

Көчүрмөсү: Массалык

маалымат каражаттарына.

Жалал-Абад шаарынын тургуну,

Жамашев көчөсүнүн 113-үйүндө жашоочу

Кадыров Абдирашиттен.

Тел. номери 0554 500797; 0778 105447.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Сиз өлкө башчылыгына шайланып, коомдо адилеттикти, сот адилеттигин жана укук коргоо органдарынын мыйзамдуу ишин камсыз кылуу боюнча аракеттериңиз кыргызстандык карапайым кишилерге чоң үмүт берди. Өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргой албай аткан, укук коргоо жана сот органдарынын адилетсиз, мыйзамсыз аракеттеринен жабыр тарткан миңдеген жарандар эми акырындык менен болсо да адилеттик жана мыйзамдуулук калыбына келер деп үмүттөнүшкөн. Бирок, азырынча ал үмүт ишке аша элек. Ошол себептүү да төмөнкү адилетсиздикке көңүл буруп, Кыргыз Республикасынын жаранынын бузулган укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоп берүүнү Сиздин жеке өзүңүздөн суроого туура келип жатат.

Сөз кыла турган маселе өтө жөнөкөй эле: Жалал-Абад шаарынын тургуну Айзада Азимова жаңы курулган көп кабаттуу үйдөн батирге мыйзамдуу ордер алып, бирок көп убактан бери өзүнө берилген үйүнө кире албай жатат. Буга сот органдарынын туура эмес чечимдери жана айрым аткаруу органдарынын көз көрүнөө кайдыгер мамилеси себеп болуп жатат.

Айзада Азимова көп жылдар бою Жалал-Абад шаарынын билим берүү тармагында иштеп келген. Акыркы жылдары, тактап айтканда 2005-жылдан баштап А. Батыров атындагы Элдердин достугу университетинде иштеген. Бул азыр чет өлкөдө качып жүргөн Кадыржан Батыровго таандык окуу жайы болгон. Окуу жайынын ректору 2007-жылы 2-ноябрь күнкү №2 буйругу менен шаардагы Жамашев көчөсүндөгү №24 үйдүн 13-батирин менчикке өткөрүп алып берген. Кийин ал батирди каттоодон өткөрүп, техникалык паспорт алган.

Бирок, А. Азимова берилген батирге кире алган эмес, себеби 2005-жылдын март айындагы ыңкылаптан кийин коомчулук өкүлдөрү тарабынан К. Батыровдун мүлктөрүн басып алуу фактылары учурап турган. Аталган №24 үй да ыңкылапка катышкан атуулдар тарабынан басып алынып, ээленип алган эле. Мындай басып алууларга каршы эч ким, бийликтер да аракет жасаган эмес. Белгилей кетчү нерсе, бул үй толугу менен курулуп бүтө элек кезде батир алгандар менен ремонттолуп бүтүрүлгөн, андан соң басып алынган

Ошого карабастан, А Азимова батирге жеке менчик укуктуу каттоо үчүн Жалал-Абад шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына кайрылган, бирок ал мамлекеттик орган №24 үй 2010-жылы Жалал-Абад областтык прокуратурасынын токтому жана 2012-жылдагы

Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен камакка алынгандыгы себептүү арызды канааттандыруудан баш тарткан.

А. Азимова мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулган бир катар башка атуулдар катары аталган батирге өзүнүн ээлигин камсыз кылуу максатында 2012-жылы Жалал-Абад областынын райондор аралык сотуна арыз менен кайрылган. Анда берилген батирге жеке менчик укугун каттоо жагын Жалал-Абад шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына милдеттендирүүнү суранган. Аталган сот 2012-жылдын 29-августундагы чечими менен арызды толук канааттандырган жана Жалал-Абад шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына батирге болгон жекен менчик укуктуу каттоону милдеттендирген. Себеби, мүлктү камакка алуу сот аркылуу гана болот, ал эми Жалал-Абад шаардык сотунун 2012-жылдагы камакка алуу чечиминде Жамашев көчөсүндөгү №24 үй көрсөтүлгөн эмес.

Бирок, кийин ал чечимди Жалал-Абад областтык соту жана Жогорку сот жокко чыгарып, кайрадан бул ишти баштапкы караган сотко кайра кароо үчүн жөнөткөн. Ошондон бери соттор же менчик укугун берген же камакка алынган үйдү камактан чыгарып беришпестен А. Азимованын мыйзамдуу кызыкчылыктары одоно бузулууда. Ар кандай шылтоолор менен соттор бул маселени карагысы келбей, кароого алуудан баш тартышып, сотко чейин эле чечип алууну сунуштап жатышат. Ал эми тийиштүү органдар аны чечишпестен, сотко жөнөтүшүүдө.

Кептин баары, бул мүлк мурда Кадыржан Батыровго тийиштүү мүлк катары эсептелгенинде болуп жатат. Чынында бул №24 үй Кадырдан Батыровдун атында эмес болчу, Карамат Батырованын наамында катталып турган. Экинчиден, А. Азимова К. Батыровго туугандык же саясий жактан эч бир жакындыгы жок, карапайым окутуучу-мугалим болгон. Кала берсе, ал – Кыргыз ССРинин өнүгүшүнө чоң салым кошкон Социалисттик Эмгектин Баатыры Файзулла Тешебаевдин кызы. Акыркы жылдары К. Батыровго таандык окуу жайында иштеп, батир алган болчу. Эми мамлекеттик органдардын кайдыгерлигинен, сот органдарынын адилетсиздигинен, ишти мыйзамдуу карабай, жарандын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын эске албаганынан ошол өзүнө таандык батирге ээ боло албай келет.

Ырас, 2010-жылы Жалал-Абад шаарында улуттар аралык араздашуу болуп, кан төгүлдү, коомчулук да, мамлекет да көп зыян тартты. Анын келип чыгышына Кадыржан Батыров күнөөлүү деп табылып, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратууга соттолгон жана ага таандык деп эсептелген мүлктөр конфискация иретинде мамлекетти эсебине алынган. Бирок, бир кезде К. Батыровго таандык ишканада же окуу жайында иштеген бейкүнөө жарандар мындан жабыр тартып, өзүнө таандык мүлктөн ажырап же ага жете албай калышы адилетсиздик болор эле.

Учурда бул №24 үй Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-сентябрындагы №490 токтомуна ылайык Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилген. Ага Сиз премьер-министр кезиңизде кол койгонсуз. Бирок, ушул күнгө чейин ал үйгө тийиштүү көйгөйлөр чечилбей келет. Анткени, Жалал-Абад областынын прокуратурасынын 2017-жылдын апрелиндеги маалыматы боюнча, ал үйдө 52 батир болсо, 10 батирине Жалал-Абад областтык жана Жалал-Абад областтык райондор аралык сотунун чечимине укук тастыктоочу документтер берилген; 11 батирге ар кайсы инстанциядагы соттордун чечими менен укукту тастыктоочу документтер берилген; 31 батирде эч бир уруксат берүүчү документтерсиз эле жашап жатышат. Себеби, бул үй убагында басып алынган болчу.

Урматтуу Президент!

Биз ушундай көйгөйлөр жаралып жатканы тууралуу Сизге, Башкы прокуратурага бир нече ирет кайрылганбыз. Тилекке каршы, биздин кайрылуубуз боюнча жөндүү жооп ала алган жокпуз. Башкы прокуратура жана прокуратура органдары, Мамкаттоо органдары кайрылуубузга жөндүү жоопторду бере алышкан жок. Ар бир алынган жооп катта биз жүр-нары мамилени көрдүк, ишти маңызынан чечүү аракети дегеле байкалбады.

Кыргызстандын жарандарынын укук жана мыйзамдуу кызыкчылыктары жаатындагы маселелер улутуна, расасына, социалдык же башка өзгөчөлүктөрүнө жана айырмачылыктарына карабастан тең укуктуу, бирдей чечилиши керек го. Тилекке каршы, №24 үйдөгү батирлердин мыйзамдуу ээлеринин ушул күнгө чейин ал батирлерге кире албай жатышы ойго салат. Анткени, ошол эле үйдөгү батирлерге башка айрым атуулдар жеке менчик укуктарын каттоого мүмкүнчүлүк алышкан. Ал эми А. Азимова ушул күнгө чейин мындай укуктан пайдалана албай келет.

Кыргызстандагы бардык жарандардын конституциялык укуктарынын кепилдигин алган мамлекет башчысы катары А. Азимованын өзүнө мыйзамдуу берилген батирине жеке менчик укугун каттоо жагынан тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан туура, адилеттүү жана мыйзамдуу чечим чыгарылышы үчүн Сиздин жеке өзүңүздөн жардам суроого аргасыз болдук.

Ушул ишти кылдат текшертип, өн чечилишине көмөк көрсөтүүңүздү өтүнөм.

Кайрылууга тийиштүү документтер тиркелет.

Айзада Азимованын өкүлү:                                                       А.КАДЫРОВ.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17