Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
4,192 Бардыгы / Бул чайнек, пиаладагы чай былтыр Ноокен районундагы бир чайханада чай ичкенче тартылган. Жалал-Абад, Ошто эмне көп, чайханалар, чай ичкендер көп. Чайханадагы чарпаяларга (тапчан) отуруп алышып, түйүнчөктөрүн маккам (бекем), ишеничтүү таризде өздөрүнө жакын коюп, шашпаай чай ичип отурган мүнөздүү көрүнүш. Чайханачылар демдеп берген чайнектен өз колдору менен майда пиалага утуру куюп ичип, ыссык наавай […]
4,193 Бардыгы / Бул чайнек, пиаладагы чай былтыр Ноокен районундагы бир чайханада чай ичкенче тартылган. Жалал-Абад, Ошто эмне көп, чайханалар, чай ичкендер көп. Чайханадагы чарпаяларга (тапчан) отуруп алышып, түйүнчөктөрүн маккам (бекем), ишеничтүү таризде өздөрүнө жакын коюп, шашпаай чай ичип отурган мүнөздүү көрүнүш. Чайханачылар демдеп берген чайнектен өз колдору менен майда пиалага утуру куюп ичип, ыссык наавай […]
ӨМҮРҮ СООЛБОС ЧАЙХАНА
27.12.2018 / Автор anarkan_kg4,194 Бардыгы /
Бул чайнек, пиаладагы чай былтыр Ноокен районундагы бир чайханада чай ичкенче тартылган. Жалал-Абад, Ошто эмне көп, чайханалар, чай ичкендер көп. Чайханадагы чарпаяларга (тапчан) отуруп алышып, түйүнчөктөрүн маккам (бекем), ишеничтүү таризде өздөрүнө жакын коюп, шашпаай чай ичип отурган мүнөздүү көрүнүш.
Чайханачылар демдеп берген чайнектен өз колдору менен майда пиалага утуру куюп ичип, ыссык наавай нандан тиштеп, майда чайнап отурганды жактырышат. Эгерде бир адам отуруп чай ичем десе деле чайханачылар бир чайнек менен 2 пиала алып келип беришет. Бул эч жерде жазылып, айтылбаганы менен өзүнөн-өзү түшүнүктүү, анткени чай ичилгенден кийин, ш(ч)амасин (түбүн) бош турган пиалага төгүп таштап, дагы ыссык чайдан куюп алып, аны колу менен айландырып, чеберчилик менен чайпалтып, төгүп-чачип албай, үйлөөп-үйлөөп коюп иче беришет.
Сырттан карагандарга ушинтип шашпаай отургандар бир жагынан бул жашоого топуктук менен карап, “Барына Шүгүр” деп отургандай да сезилип кетет. Бирок экинчи жагынан дайым эле мындай эместей.
Бир чарпаяда эки-үч же төрт- беш бейтааныштар отуруп калса, биринин чайы түгөнүп, кайра алдыргыча жанында отургандар “келиңиз” деп өз чайнегиндеги чайдан куюп, тиги чайын күтүп калган адамга сунуп, ал адам “иче бербейсизби” сөзүн айтканы менен сунган колду суутуп, көңүлүн оорутуп койбоюн деген ички сый-урмат, аёо менен чайды сыпаа алып ичип коет.
Ошентип отурганча эмне маселе боюнча жүргөнүн эч ким сурабаса деле бирөөсү сөз баштап, сөздөрү жагдайга жараша сыпайы суроо-жооптор менен улана берет. Таң калычтуусу бул жерде бир дагы “Ээ, эмне сурап жатасын, ишиңиз эмне” сыяктуу одоно сөздөргө ныпым орун жоктой. Тек гана, кептин контентине (мазмунуна) жараша бирде жылмаю, бирде аёо, бирде тамаша байкалган майин, жумшаак кобурашуулар аркылуу бир жеңилдеп калышкандай көрүнүп кетет)
Колдоп, коштогон сөздөрү аягына чыгып, бири-бири менен жылуу коштошуп жатышып, буга салам айтыңыз, тигини көрүп калсаңыз менден салам айтып коюңуз, майли эми, “көрүшүп-көрүшпөсөк да тынч бололу” дешип, бара турган жактарына бет алышат.
Эми, чайхана демекчи, илгери союз учурунда Жалал-Абад шаарына белгилүү “Ялла” ырчылар тобу “Чайхана на все времена” жарнамасы менен келип, ырдап кетишкенин мен ошол учурдагы “Ленинчил жаш” гезитине “Чайхана бардык убакта” темасы менен кабар жөнөтө калсам, ленинчилер “Өмүрү соолбос чайхана” деп темасын гана өзгөртүшүп, калган айткан-дегендерим ошол эле боюнча гезит бетинен орун алганы да оюма келе калбадыбы
Узаак жашап, ысык чайдан ичип жүрө бериңиздер.
Зирек Асанова, Бишкек шары
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
-
04.05.2023 / Автор anarkan_kg КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБге АВТОУНАА ТАПШЫРДЫ
-
24.05.2023 / Автор anarkan_kg СУЗАК МИЛИЦИЯСЫ ТАРАБЫНАН ПРОФИЛАКТИКАЛЫК ИШТЕР ЖҮРҮҮДӨ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.