Аймак

ЖООЛУК ЖӨНҮНДӨ ЭКИ ООЗ СӨЗ

ЖООЛУК ЖӨНҮНДӨ ЭКИ ООЗ СӨЗ

 5,155 Бардыгы /

Жоолугумдун гүлдөрү,

Сонун экен карачы.

Ысык-суукта өзүнчө,

Болуп турат арачы.

Же, жоолук жөнүндө жөн-жай эле

Билбейм, айыл жеринде туулуп-өскөндүктөнбү, айтор, биз кичине кезибизден эле жоолук салынып чоңойгонбуз.

Кышкы суук мезгилдерде эле допу, тумак кийбесек, көпчүлүк учурда, айрыкча, айыл-чарба жумуштарында: пахта түбүн жумшартуу, тамеки көчөтүн отургузуу, пахта, жаңгак терүү, чөп жыйноо, дагы жана башка толгон-токой мээнеттерде жоолук башыбыздан түшчү эмес.

Бир жагынан, биз ал кезде жоолукту күндүн табынан, сууктун күчүнөн этият болуу максатында колубузда болгонун, колубузга тийгенин зарыл буюм катары гана пайдаланчу экенбиз.

Бирок ошол учурда эже, апалар, энелердин сөздөрүнөн “пахта жоолук, чыныгы жүлан жоолук, бир байлам, бир ором жоолук, сегиз чааралик, он эки чааралик жоолук, тыбыт жоолук, чачылуу жоолук, капрон, нейлон, шайы, жылтырак, жапан жоолук” ж.б. дегендерин угуп калат элек.

Бул сөздөрдөн улам, мага ал кездеги аялзатынын табити өтө жөнөкөй, баёо, ошол эле учурда нарктуу да болгондой сезилет.

Анткени, алар жоолук жасалган кездемелердин сапаты, түрлөрү, түстөрү жана дагы алардагы кооз гүлдөрү тууралуу гана сүйлөшүп, татынакай салынып жүрүшкөн сыягы.

Ал эми түр жоолуктарды апалар, чоң энелер өздөрүнө эң сонун, жарашыктуу салынып алышкандагы сүрдүү-сүйкүмдүү, суп-сулуу болуп көрүнүшкөндөрүн “нарктуу” деп айтууга толук арзыбагандачы.

Ошентип, бул – жоолукту саясат-паясаты, таңуулоосу жок эле салынган тээ алыскы жана ага жакыныраак учурлардын табигый таризинин салмактуулугуна таң кала карагандагы гана бир-эки ооз сөз.

Зирек Асанова

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17