Аймак

ЭМГЕГИҢИЗ ЭСТЕ ТАШБҮБҮ АПА

ЭМГЕГИҢИЗ ЭСТЕ ТАШБҮБҮ АПА

 2,415 Бардыгы /


ЭМГЕГИҢИЗ ЭСТЕ ТАШБҮБҮ АПА
Ал кез союздун учуру болчу. Ленин атындагы колхоз негизинен мал чарбачылыгына адистешрилиген чарба болгондук тан саан уй абдан көп эле. Ал кездеги Ленин атындагы колхоздун Жайык деген жайлоосуна барсам, ак чатырлар менен боз үйлөрдүн шаарчасы пайда болуп калыптыр. Ак халатчан, колдоруна чакаларын кармаган саанчылар көк кашка тунук сууну бойлошуп, уйларды саап жаткан учур экен. Ал кездеги саан уйларды караган мал чарбачылыгы боюнча башкы зоотехник Асилбек Курбанбаев мени тааныштырган эже Ташбүбү Саматова болду. Эже мени жылуу, энелик мээрим менен кабыл алып, чатырды көздөй ээрчитип жөнөдү. Жол ката бул саанычылык кесипти кандайча тандап алган тууралуу маектешип бара жаттык. Өмүрлүк жолдошу Арапбай аке да бапырандаган ак көнүл ачык адам экен, чай үстүндө баалашып кыйлага олтурдук. Чарбадагы 18 саанынчынын ичинде мыкты иштеген саанчылар да арбын экен. Ташбүбү эже негедир өзү жөнүндө азыраак айтып, кесиптештери тууралуу көбүрөөк сөз кылып жаты.
Ошол учурда Ташбүбү эже 21 уйду кол менен саап, сүтүн тан эртен менен Караван айылындагы сүт заводго жөнөтөт экен. Сүттүн майлуулугу, сапаты жагынан эң мыкты деп мактады мага ферма башчысы. Ташбүбү эже саанчылык кесипке 1952-жылы келген экен. Ошондон бери мал чарбачылыгында эмгектенип, бир нече баалуу сыйлыктардын да ээси болуптур. Эженин эсинен чыкпай калганы эн алгачкы жолу мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгондугу болду. 1966-жылы Ош шаарында мал чарба кызматкерлеринин областтык жыйынында эжеге «Ардак белгиси» ордени тапшыр ылган. Айылга келгенде кесиптештери, ага туугандар баары келип куттукташып, мына талбаган эмгегиндин үзүрү кайтты дешип, куттукташканда, кубанганынан көзүнө жаш алган. Ошол жараткан ийгиликтерин улантып, дагы эки эселенген күч кайрат менен эмгектенип жүрдү. Анын үстүнө балдары да чоңоюп, кол арага жарап, жеңилин жерден, орун колдон алып калды. Бул дагы эженин демине дем, күчүнө күч кошту. Ар бир уйдан саап алган сүт 3200 литрден айланып, бул көрсөткүчтү көп жылдар түшүрбөй иштеп келе жаткандыгы үчүн 1971-жылы мал чарбачылыгындагы мыкты жетишкендиктери үчүн «Эмгек Кызыл Туу» орденин алууга арзыган. Ошол учурда областтык Советтин депутаты
экен. Депутат катары областкка маселе коюп, саанчылардын балдары үчүн бала бакчасын курдуруп, саанчылар кыштоочу мал сарайлары ремонттотууга жетишкен экен. 1976-жылы эженин эмгеги жогору бааланып «Октябрь революциясы» орденин алууга татыктуу болуптур. Саан уйлардан сүт саап алууга гана башкы көрсөткүч болуп калбастан уйдан башма баш музоо алып, аны аман асыроо да ал кезде катуу суралчу. Бул жагынан да эженин иши илгери жүрүп, ийгилик үстүнө ийгилик уланып, саанчылардын турмуш шарттары жакшырып, чарбанын экономикасынын өсүшүнө өзүнүн бараандуу салымын кошкон деп эскерет журналист Абдымомун Калбаев.
Ташбүбү эже 35 жылдык эмгек жолунда, көп кыйынчылык күнджөрдү да башынан өткөрдү. Ардактуу эс алууга чыккандан кийин деле, эмгектен кол үзбөй тириликке тын болуп, балдарды үйлөп, кыздарын берип, энелик милдетти аткарып, айылда урматтуу байбиче болуп, келин кыздарына акыл кенешин айтып жүрдү. Мына ушундай залкар апабыз 2017-жылы 83 жаш курагында дүйнө салды. Эже байсалдуу өмүр жолунда беш уул кызды тарбиялап өстүрдү. Алар атасы менен апасынын ардактуу жолун улантышып, элине эмгенк кылган азаматтар болуп чыга келишти. 22 неберелүү, 14 чеберелүү болду.
Эженин өмүр жолу азыркы жаштарга үлгү болот десек жанылышкандык болбойт. Көзү тирүү кезинде мектептерге келип, басып өткөн өмүр жолун кызыктуу кылып айтып берип, аларды турмушта, чыйрак, ак ниет, адамкерчиликтүү, иштерман болуп өсүүгө үндөп энелик сөзүн аяган жок. Карапайым апабыз тирүү болгондо быйыл туптуура 85 жашка толмок. Эже өлгөн жок, анын артында элге кылган эмгеги, эр азамат жеткен уул кыздары, неберелери менен чөбөрөлөрү калды. Бул макаланы жазганыбыз дын башкы себеби апанын жаркын элесин дагы бир ирет эстеп, ал адамды эскерип коюу болду.
Кыргыз элине белгилүү төкмө акын агабыз, Кыргыз республикасынын эмгек синирген артисти Ысак Барпиев агабыз өзүнүн «Айылдан тапкан ырларым» деген китебинде Ташбүбү апага арнап жазган ырын келтире кетүүнүн ыңгайы келип турат.
ТАШБҮБҮГӨ.
(Саанчы, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь революциясы, Ардак белгиси, ордендеринин ээси, ал кездеги Ленин колхозунун саанчысы. Ташбүбү Саматовага арнаймын.)
Айттым сөз бар, уйдун сүтү тилинде,
Такталганбы? Билбейм аны илимде.
Эки саан мезгили бар уйлардын,
Бири иңирде, бири кечки күүгүмдө.
Сылап-сыйпап челек тоссоң желинге,
Жаныбарым саан уйлар ийүүдө.
Чектеп койгон планын так аткарып,
Ташбү саанычы дайым алдыда жүрүүдө.
Жайлап жайда Пача-Атанын жайыгын,
Бойлой жайып ак жал суунун агымын.
Жашаң отко карындарын теңдетип,
Жакшы көздөп уйларынын баардыгын,
Түйшүгү көп, тынымы жок мээнеттен,
Таши болуп Ташбүбү элге таанылдын.
Калк кадырлап,эмгегиди чон баалап,
Катар-катар ордендерди тагындын. Деп эскерип жазган. Демек энебиздин эмгеги жерде калбай элде калды деп айта алабыз. Кудай жаныңызды жаннатта кылсын эже. Рухунуз балдарды коргоп жүрсүн деп сөзүбүздү аяктайбыз.
Мунара Саматова,
Кашка-Суу айылындагы У.Турдубаев
Атындагы орто мектебинин
математика мугалими.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17