Аймак

СҮМӨЛӨКТӨН СӨЗ

СҮМӨЛӨКТӨН СӨЗ

 1,546 Бардыгы /

“Азыр бышат, азыр, күтө туралы балдарым, бышып калат”,- деп тамак сураган балдарын утуру сооротуп, аргасы куруп, очокко от жагып, кара казанда суу менен ташты аралаштырып отурган Эненин, апасынын сөзүнө үмүт- ишенич менен алаксып отуруп уктап калган ачка балдардын ырыскысына Жараткандан таң эрте ушул тамак ыроолонгонун сүмөлөктү алгач жеген учурларда уккан элек. Сүмөлөктү (базарда сатылгандарды эмес) аябай жакшы көрүп жеймин, бирок ушул укканым бул тамакты жеген сайын оюмда ошончолук образдуу болуп тура берет… Айтмакчы, бул – жакында эле Жалал-Абадда бышырылган 40 казан сүмөлөктөн аз да болсо ооз тийип койгула дегенден Даамы далайга чейин айта тургандай экен, ошентсе да бетинде себеленген жаңгакты өзүбүз эле кошуп кооздой калдык Жамааттын жакшы ниет-тилектери, биргелешкен аракеттери менен даярдалып, кайра эле жалпыга таркатуунун өзү – Дүйнөнү сактап калуудагы сулуулук эмей, эмине?… Бизди да көңүлгө алгандарга, жалпы эле ушул ишке катышып, өтөсүнө чыккандарга айталы биз да аянбай, ыраазылык ыракмат: Ак тилектер аткарылсын абад-ават, Жакшылыктар боло берсин кабат-кабат.

Зирек Асанова, Бишкек шаары

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17