Аймак

АКМАН ЖЫТТАНГАН ЧЫГАРМА

АКМАН ЖЫТТАНГАН ЧЫГАРМА

 4,379 Бардыгы /

Бекен үкам күндөрдүн биринде жакында китептерим чыгат деп сүйүнчүлөп калды. Боёктору кургай электе мага салып жибер дедим. Айткан сөзүнө туруп “Кун”, “Туяк” жана “Баткен туткуну” деген повесттерин Бишкектен такси менен салып жибериптир. Сулайман Кайыповдун бул китептерге жазган пикирлерин окуп бул китептин “адашып”, ааламды кыдырып келгендигин билгенден кийин бул китептериңди мага бер, мен жакында Умрага барам, Мединага, Меккеге алып барып келейин дедим. “Кун” менен “Баткен туткуну” деген китептер мени менен бирге кичи ажылыкка барып келишти.

“Кунду” окуй баштап, андагы окуяларга аралашып сүңгүп кеттим. Алгач эле Оогандагы согуштун ок-дары жыттанган жыты сезилди. Себеби бул согуштун жыты мага тааныш болчу, Бекенден кийинки Алтынбек деген үкабиз бул согушта эки жылын өткөргөн. Анын анча-мынча айтып калганынан согуштун кандай болгону, көз алдыма элестеп турчу. Ар кандай кыйынчылыктарга карапайым адамдардын балдары ошол совет мезгилинде эле бара тургандыгы, азыр болсо андан бетери болуп кеткендигин ошол кез менен салыштырып, Мекен бир гана жалаңтөштөргө, карапайымдарга керекпи деген ой ээрчиди. Азыркы учурда Мекенди коргоодо кимдердин балдары аскерде кызмат кылышууда? Албетте жогорку бийликте тургандардын, ЖКнын депутаттарынын, байлардын балдары эмес, карапайым элдердин балдары да.

Согуш, туткундагы биринчи күндөр. Оогандык боевиктин ага лейтенантка берген суроосу: -Силерди мында ким чакырды! Ооганстан ата-бабамдын, менин жерим, бул жакка силерди эч ким чакырган жок, өлүм издеп өзүңөр келдиңер… Боевиктин Брежневдин портретин алып келип, туткун офицерине берип, Генкатчынын эки көзүнө атсаң туткундан бошойсуң дегендей кылат. Ал тапанчаны алганда, -Жолдош лейтенант, сизге эмне болду? Ал деген Брежнев да…-деп Мундузбек ага жалт карады. Ал тапанчаны алып боевикти көздөй атканда ок жок болуп чыгат. Экөөнө ор каздырып, аларды тирүү көмгөнгө даярдап жатышканда, боевик Мундузбекке эгерде ал Брежневдин портретине сийсе жанындагы офицерди сактап кала турганын айтат. …-Ал биздин падышабыз да… Мен анте албайм… Өлсөм өлөөрмүн, бирок чыккынчылыкты менден күтпөгүлө! Андайга колум барбайт-дейт. Ойлонуп көрүп, Мундузбек офицерди сактап калуу үчүн боевиктин айтканына макул болот. Ошол учурда аны чет өлкөлүк кабарчы камерасына тартып турат. Бул жерде идеология менен канга синген патриоттуулук, эки системанын, капитализм менен социализмдин, алардын идеологиясынын күрөшү даана көрсөтүлгөн.

Андан ары окуя Мундузбекти Тыныбек ажынын анын кыргыз экенин билип сатып алышы менен уланат. Мундузбектин жашоосу Памирде өтөт. Тыныбек ажы менен Мундузбектин аңгемелешүүсүнөн улам Мундузбектин Акмандан экени, көз ирмемде ааламды айланып чыкчу ойлор Тыныбекти жаштык кезине, Акманга алып кетет. Мекенине болгон сагынычы, кусалыгы аны өмүр бою өмүр бою коштоп жүргөнүн көзүн жаштап, арман менен эскерет. …Ата Журт деген ыйык сөздүн маанисине жетүү, бир ууч топурактын баркын билүүдөн башталат. Анын баркын мендей болуп тагдыры өгөйлөгөн, жер безген адам гана билет. …Балким, бирөөлөр үчүн бул жөн гана топурак болсо, а мен үчүн баа жеткис буюмдай көрүнөт. Бир ууч топурак салынган тери баштыгымды жанымдан бир көз ирмемге да калтырганым жок, өмүр бою өзүм менен чогуу алып жүрөм. Алтын, күмүштү белиме түйгөнүм жок. Тыныбек ажынын бул айткан сөздөрүндө “туулган жериңдин топурагы алтын” деген кыргыздын Ата Журтка кыска, так берилген баасы. Ошол алтынды, бардык кымбат темирлерди Ата Журттан тапсаң болот, бирок ошол кымбат деп эсептелген темирлер менен Ата Журтту жоготсоң кайра сатып ала албайсың деген маанини

түшүнүүгө болот. Эч кимге айтпаган сырларын ошол топуракка айтат. Ата Журту менен топурак аркылуу байланышат.

Мекенди сүйүү деген бул баалуулукту азыркы учурда биздин элибиз жоготуп, кайсалап, таппай турган учуру.

Повестте жек көрүү менен сүйүүнүн кош сызыктары бири-бири менен жарыша ааламдын чексиз мейкиндгинде жарыша созулуп жүрүшөт.

Тыныбек ажынын Памирдеги кыргыздарга дагы бир кыргыздын башы кошулганына сүйүнүп, анын өмүрүнүн узун болушун, алганы алтын, кармаганы күмүш, мүрөктүн суусун ичишин тилеп бата кылат. Бирок бул батасын Мундузбек менен чечилишип сурашканда анын илгерки сөөккө сиңген кеги эске түшүп, жек көрүүсү жеңип кетет.

Комузсуз кыргыз, кыргызсыз комуз жашабагандыгы, кыргыздын тарыхы оозэки чыгармалар менен комуз күүлөрүндө жашагандыгы чыгармага асман мелжиген аска-зоолордон ашып, күңгүрөнө аккан дарыялардын үстү менен өткөн күүнүн ыргагы кооздук берип турат. Күүдөгү арман, бир гана Тыныбек ажынын арманы эмес, кыргыздын арманы катары сезилет.

Тоолук кыргыздар бийик аска-мөңгүлүү тоолорсуз жашай албагандыгы, тоолор алардын душмандардан коргоочусу, жан сактагыч чептери экендиги, Пакистандын ысык жерлерине чыдабай, хандын сөзүнө тике каршы чыга алышпай кайра тоолоруна кайткандар тууралуу жазылган жерлери кыргыздын өңүн ачып турат.

Акырындап чертилген күү боз үйдө отургандардын бардыгын муютуп, төөлөргө, аттарга артылган жүктөрдүн алдында ак калпактуу ак сакалдарын жайкалткан аксакалдардын, алардын артынан ээрчий бастырган ак элечектүү аппак кийинишкен байбичелердин, ак балтыр наристелерин бешиктерине бөлөп, өңөрүп алган, көйнөктөрүнүн бажырайган кызыл-тазыл гүлдөрү керимсел желге толкугандай көрүнгөн келиндердин жана кыздардын шаңкылдап күлгөндөрү, жаштыкка тойбогон жаштардын күлүк аттарын көчтүн ары-бери жагына чаап ак калпактуу тоолордун арасына бейиштей болгон кыргыз жерлерин аралап бара жаткандыгын, көч да эки түрдүү болорун, жанын ала качкан көчтө күлкүлөр менен ырлар жаңырбай, дагы эмне болуп кетер экен деген чочулоо, коркуу коштоп жүрөрүн эске салат. Күү ал гана эмес китеп окурмандарына да угулгандай сезим калтырат.

Күү Тыныбек ажыны Акманга, Жаракеге алып келет. Башынан өткөн окуялар көз алдына тартылат. Совет бийлиги кыргыздын айылына жөн келбек, элди экиге, кызылдар жана басмачылар кылып бөлүп келет. Жакын туугандарды сөөк өчтү душмандарга айландырып келет. Совет бийлигине баш ийбегендерди кылыч, мынтык менен күчкө салып зордуктап баш ийдирип келет.

Чыгарманы окуган сайын андагы каармандар Акмандан чыккан өзүбүздүн эле жакын туугандар экендигин аңдайбыз. Китептеги окуяларды биз бала кезде, азыркылардын тили менен айтканда төрт тарапка кеткен көчөгө “Төрт көчө” деп адамдар өздөрү ат коюп алышкан көчөнүн бир бурчунда, Жээнкул аканин үйүнүн алдында узатасынан жаткырылган, адамдар отура берип, үстү жылтырап калган бака теректин үстүнө, зымга конгон чабалекейлерге окшоп катар тизилип отуруп алышкан айылдаштарыбыздын “маалымат борборунда” өз замандарынын сөзмөрлөрү ошол окуяларга түрдүү бааларын беришип, сөз кызыгандыктан курсактарынын ачкандарын, малдарына чөп салынбай, сугарылбай калгандарын эстеринен чыгарышып, муюп угушар эле. Аталарыбыздын калдайган тондорунун этектерине жармашып, биз да ошол окуяларды денелерибизге сиңирип алчубуз. Ошондогу аксакалдардын айткандары китепти окуган сайын көз алдыма келип турду.

Кеңеш өкмөтү жаңы келген учурда эл арасынан өздөрүнө иштей турган адамдарды ар түрдүү айла-амалдар менен өздөрү тарапка тартышкан. Кээ бирине кичинекей бийлик берсе, кээлерин силер бай-манаптардын уруктарысыңар, бизге каршы чыксаңар өзүңөрдү баш кылып, бала-чакаларыңар, урук-туугандарыңар менен камайбыз, атыла тургандарыңарды атабыз, атылбай тургандарды Шиберге айдайбыз деп коркутушкан. Ар бир айылдан баканооздорду таап, алар айылдарда кандай кыймыл болуп жаткандыгы, кимдин эмне дегенин, айылда кимдин кадыры бийик, эл кимди уга тургандыгы, кимдин малы көп экендигинен бери ат тезегин кургатпай жеткирчү жерге жеткизип турушкан.

Малдарынан ажыраган байлар Кеңеш өкмөтүнө кек сактап, алардын саясатын жактырбай, өкмөттөн өч алып турушкан. Ошентип, басмачылар алардын корбашылары пайда болгон. Бул учурду пайдаланган сырттагы күчтөр бул басмачылык кыймылга жардам берип турушкандыгы кийин тарыхта жазылбадыбы. Басмачылар жер соорусун жакшы билгендиктен, бийик тоолорго бекинишип, аларды кармоо жана жок кылуу кызылдарга оңой турбагандыктан, аларды кармоо үчүн алардын жакын адамдарын пайдаланышкан. Кечээ эле бир тууган тага-жээндер бири-бирине “сөөк өчтү” душмандарга айланышкан.

Ошол кезде жеке менчиктерин коргоо үчүн байлар Кеңеш өкмөтүнө каршы күрөшкө чыгышты. Алардын мүлктөрүнө көз арткан кедейлер жок жерден байып калууну көздөшүп, алардын байлыктарын тартып алуу үчүн ким күчтүү болсо ошол тарапка өтүштү. Ар кандай тополоң мезгил өзүнүн “басмачыларын” чыгара тургандыгын биз “жапайы капитализмге” өткөн учурда көрүп жатабыз го. “Жапайы капитализм” учурунда алдамчылык (афёра), бирөөнүн мүлкүн тартып алуу, тоноочулук менен баюу кадимки көрүнүш болуп калбадыбы.

Ошол учурду азыркы заман менен салыштырып көрөлү. Азыркы учурдагы байлардын мал-мүлктөрүн өкмөткө алабыз деген сөз чыксынчы, эмне болоор экен?! Байлар өз мүлктөрүн коргош үчүн жандарын, байлыктарын аябастан күрөшкө чыгышат. Азыркы күндө байлар курган спорт залдар, ал жерлерде машыккан жаштар ушундай окуялар болуп кетсе, алардын жоокерлери болбойт деп ким кепилдик бере алат?

Мен басмачылык кыймылды актайын же жактайын деп жаткан жерим жок. Илгери басмачылык кыймылга ууру-зөөкүрлөрдүн кошулуп калышы, элди тоноп, жаш кыз-келиндерди зордоп-кордоолору, кээ бир адамдардын басмачыларды өз жерин коргогон патриоттор дегендери ынанымдуу чыкпай жатат. Бүгүнкү күндө деле ошондой “басмачылар” аттарын “рэкет”, “уюшкан кылмыштуулук”, “опузалоо” деген жаңы аттар менен илгерки басмачылар жасап жаткан иштерди жасап жаткандыктарын угуп жүрөбүз го.

Эми сөзүбүздү кайрадан чыгармадагы окуяларга буралы. Тыныбек ажы Мундузбектин кимдин баласы, чоң атасы ким экенин сурап, бир кездеги эң жакын тууганынын небереси экендигин билгенден кийин эзелки жек көрүүсү күчөп, жанында отурган жаш жигитти жек көрө баштады.

-Чоң атаңды жаш кезимде көрүп-билип калганмын. Өмүрүнүн акыры кандай болду, кандай өлдү? Мына ушул суроо менен ал анын чоң атасынын Тыныбектин атасы менен агасын намаз учурунда өлтүргөндүгү үчүн Кудай аны кандай жазалагандыгын билгиси келгендей.

-Бечара чоң атам өтө кыйналып өлдү… Көп жылдар бою ооруп, төшөккө жатып, өзү баса албай калган болчу. Анткени жашында денесинде калган коргошун огу бар дешчү, балким ошонун залакасы тийген болсо керек. Бечара чоң атам, өмүрүнүн акыркы жылдары өтө кыйналып жүрүп, анан каза болгонун жаш болсом да көрүп, билип калдым…(“Кун”, 138-б)

Тыныбек ажы ичинен: -Мен ошондо аны атып өлтүрдүм дегеним менен жаза атып калган окшойм. Ушунча жылдар бою Асанкулду өлтүрдүм, атамдын кегин кууп, кунун алдым деп өзүмдү өзүм алдап, калп жашап жүргөн экенмин да мен шордуу. Кан ургур десе, кеч болсо да акыры каргыш жеткен тура! Ушул жашка келип, угар сөзүм ушул беле… …(“Кун”, 138-б)

Жек көрүү… каргыш… Кудайдын Асанкулду кантип жазалагандыгына ыраазы болбогондой. Анын бекеринен “чоң атаң кантип өлдү?”-деп суроо берген жок. Анын каргышы Кудайга жеткенби? Кудай аны кандай жазалады деген суроолорго жооп издеди.

Китептеги окуянын өзөгү болгон ошол Асанкул абаны, аны менен бирге болгон дагы башка бир абабызды, мен бала кезде көрүп калдым. Эки абабыз кээде жолугуп калганда “мүссалладан” татып коюшуп, намаз окушар эле. Намазды окуп бүтөрдө бата кылышып, жаш кезде билип, билбей кылышкан күнөөлөрүнө өкүнүшүп, Кудайдан аларды кечиришин өтүнүшүп, көздөрүнөн аккан жаштары аппак сакалдарынан салаалай тамчылап жайнамазга агып турганын көрчүмүн. Мен өзүмчө алардын ыйлагандарына таң калып, эмнеге ыйлап жатышканына таң калчумун, түшүнчү эмесмин.

Биздин “Төрт көчөдөгү” “маалымат борборунда” арадан бир же эки муун өтүп кеткендигине карабастан бул окуянын болуп кетишине өздөрүнчө баа беришчү. “Добул отрат” (добровольный отряд) же ыктыярдуу отряддын командирлери жашыруун келишип, китептеги Асанкул абаны, башка туугандарды коркуткандыктан, айласыздан бала-чакаларын, туугандарын сактап калыш үчүн ушундай жолго баргандыгын, акырын эки жактарын карашып, бул сөздөрдү айтышкандан кийин тондорунун этектерин кагыныша, шашып туруп кетишчү. Окуянын аягы эмне менен бүткөнүнө көздөрүбүз жетпей, алардын сөздөрүнө тойбой биз да малдарды сугарганы, чөп салганы үйлөрүбүзгө кетчүбүз.

Бир учурда атасынан жана бир тууган агасынан ажыраган Тыныбекти бул окуя көздөгөнүнөн артка кайтпас баатыр кылып койду. Боконосу ката элек Тыныбек атасы менен агасынын өчүн алуу үчүн жаңы орноп келе жаткан советтик система менен өзү жалгыз күрөшкө чыкты. Асанкулдун үйүндө Эргеш экөө Кеңеш өкмөтүнүн душмандарынын өлтүрүлгөнүн “жууп” жатышкан учурда жаш бала аларга коркпостон, тартынбай келип, мынтык сунуп атасынын башын беришин талап кылып турушу, башты алып, Асанкулду атып жарадар кылып качып бара жатканда колго түшүп калышы, Эргештин жарадар болгон Асанкулга аны атып салууга сунуш кылышы окурмандарды кайдигер калтырбайт. Атасы менен агасын атып салган бул баланы да таш боор Асанкул атып салса керек деп ойлошот окурмандар. Бирок мыкаачы Асанкулда да аз да болсо адамдык сапат калганын жазуучу чеберчилик менен көрсөткөнү Эргеш менен Асанкулдун ортосундагы төмөнкү сүйлөшүүлөрдөн көрүнөт.

…-Душманыңды кармап келдим. Кааласаң атып сал! Эгер бооруң ооруса коё берип жибер. Бирок “бөрү баласы ит болбойт” деген сөз бар…

-Бала да… Кантип атам!?

-Атасын деле өлтүрдүң го, бала болсо эмне болуптур? Эң башкысы жаш совет мамлекетинин душманы экенин унутпа!

…-Балага колум барбай турат… Али жаш бала эмеспи… Ана каршы мени көп кайрай бербе! Жаш баланы өлтүрүп салсам элден чыгып калбаймынбы, ошону ойлончу. Эргеш, балага кайраганыңды токтот! Бул жагы деле жетишет ко… (“Кун” 234-б)

Совет мезгилинде Кеңеш өкмөтүнүн келишкис душмандары болгон Жаныбек Казы менен Рахманкул хандын образдары жакшы ачылган. Өз замандарында эл-жери үчүн күйгөн бул азаматтарды советтик идеологиянын күчү менен биз да тап душмандары жек көрчүбүз, себеби ошол кезде бул адамдар тууралуу эч кандай маалыматтар жок болчу. Бул адамдардын Кеңеш өкмөтүнө каршы чыгып, адамдардын канын суудай төккөн деген маалыматтар бар болчу жана алардын кандай адамдар экендиктери тууралуу эч бир жерде айтылган эмес. Кийин гана маалыматтар чыгып, алар тууралуу азыраак маалыматтарды окуп калдык. Бул адамдар тууралуу дагы эле жеришерлик маалыматтар жок.

Асман тиреген Памирдеги кыргыздардын жашоосунун оордугу, Ооганстанга советтик аскерлердин киришинен чочулаган Рахманкул хандын советтик аскерлер барган жерлерден алыс жакка элин алып кеткиси келип, илгертен бери кыргыздарда келе жаткан салт менен ошол жердеги кыргыздардын тың чыкмалары менен акылдашканы, Тыныбек ажынын айтканына көнбөй, өзүн хан катары акыркы чечимди кабыл алып, Пакистандын күн куйкалаган жерине эли менен көчүп кеткендиги, ысыктан кыйналган элдин ооруп, көпчүлүгү ошол жерде кайтыш болуп кеткендиги Рахманкул хандын Түркиянын Пакистандагы элчилигинин кызматкери менен сүйлөшкөндө аябай ынанымдуу көрсөтүлгөн. Элди, ошону менен бирге өзүнүн үй-бүлөсүн сактап калуу үчүн АКШ менен Түркиянын элчиликтерине кайрылганы, башка өлкөлөрдүн элчиликтери менен дипломатиялык тилде сүйлөшө ала тургандыгы, АКШ өкмөтү аларга алыскы Аляскадан жер бере тургандыгы, АКШнын бул аракеттерин көргөн Түркия тез аракеттенүү менен бул маселени чечип чыгышы өтө таасын баяндалган.

Рахманкул хандын баласы Ариф экөөнө АКШнын элчилиги 17-апрелде билет алып коюшат. Алардын эңсеген үмүтү акыры ишке ашып, кубанычы койнуна батпай самолет учарына төрт саат калганда Түркиянын Пакистандагы элчилигинин кызматкери мейманканага кирип келет. Рахманкул хан мейманканада эс алып отурган жеринде жолугат да:

-Урматтуу Рахманкул хан, саламатсызбы?

-Ассалому алейкум…

-Алейкума салам…

-Сиз ким болосуз?

-Мен Түркия Республикасынын Пакистандагы элчилигинин кызматкери болом. Рахманкул хан, сиздердин өтүнүчүңүздөр канааттандырылды. Түркиянын тоолуу аймагынан Памир кыргыздарына ылайыктуу жер берилди. Сизди издеп биздин кызматкерлер Гилгитке чейин барып, убара болуп келишти….

Бир эле убакта дүйнө жүзүндөгү эки кубаттуу эки мамлекеттин элчилеринен күтүүсүз жакшы кабарды уккан Рахманкул хан эмне айтарын, не кыларын билбей отурган жеринде ойго батып турду. Чынында өтө ыңгайсыз абалда калып, не жооп айтарын билбей башы катты.

-Кечиресиз, мени Американын элчиси кабыл алып, уулум Ариф экөөбүз АКШга самолётто учканы жатабыз.

Түркиянын элчилигинен келген кызматкер:

-Дүйнөдөгү эң чоң мусулман мамлекет катары саналган Түркияны дүйнө жүзүнө шылдың кылбаңыз. Өзүңүз билесиз, кыргыздар менен биздин түпкү тамырыбыз бир. Кечиккен себеби, биз силер үчүн ылайыктуу жай издеп, камылга көрүлүп жатты. Ушуну эске алыңыз…-деди ал.

Рахманкул хан бет маңдайында жооп күтүп отурган Түркия элчилигинин кызматкерине карап:

-Кеч болсо да биз суранган маселени кабыл алгандарыңыздарга ыраазымын. Бирок мен жооптуу угуш үчүн ортодон канчалаган адамдарымдан ажырап калдым. Биз балам экөөбүз, саат төртөн кийин Американын Ала-Аска деген тоолуу жерин көрүп келгени учканы жатабыз. АКШнын элчилигинен самолётко билеттерибизден өйдө алып коюшуптур. Бул тууралуу сиз жакшы билесиз да.

-Кабарым бар…

…. Андан да көптөгөн жылдар мурун ажылыкка барган кезде Рахманкул ханга зыярат кылып жүргөн түрк жараны: “Биздин түпкү аталарыбыз да кыргыздар мекендеген Ала-Тоодон кетишкен экен”-деп айткан сөзүн эстеди. Ушул сөз аны Түркияны көздөй жетелеп, элчиликтин кызматкерине карап:

– Силер боор тартып, өз кандаштарыңызга кучак жайып турганда, түпкү теги, сүйлөгөн тили, туткан дини бир Памир кыргыздары Түркияга журт которуп барууга макул экендигибизди айтып койгонум оң го,-деп Рахманкул хан бир чечимге келип, макул болгонун айтты. (“Кун” 407-409 б)

Повесттеги окуянын кульминациясы Тыныбек ажынын бир кездеги душманы Асанкулдун небереси Мундузбекти атып, атасы менен агасынын кунун алууга чыгарган чечими.

-Ажы аба, “ийилген башты, кылыч кеспейт” деген сөз бар. Андан да сиздин алдыңызда күнөөлүү болгудай мен кудайдын тузун уурдаптырмынбы? Чоң атам экөөңүздөрдүн ортоңуздардагы, өзүңүз айткандай эбак эле сөөккө өтүп кеткен кектин каарына калгыдай менин бул окуяга эч кандай тиешем жок. Эмне эле мени күнөөлүү адамдай жарга такап, атып салам деп коркутуп жатасыз. Убагында чоң атамды өлтүрө албаган өзүңүздө да күнөө жатат. Чоң атамды ошондо атып өлтүрсөңүз, мен дагы азыр сиздин алдыңызда өз өкүмүмдү саргая күиүп отурмак эмес элем. Ыраматылык чоң атам үчүн мен жооп бербейм да. Кара күчкө салып, док урунбай мыйзам боюнча да, шарыятта да жок болсо керек.

– Сен бала, тилиңди тартып, оозуңду тый! Шарыятты оозанба…

– Эми өткөн өчүңүздү, кеткен кегиңизди күнөөсүз менден алганы жатканыңызды жараткан Кудай да колдобойт ко… (”Кун” 425-б).

). …Сенин чоң атаңдын айынан туулган жеримден куулуп, мына ушул жерге чейин куулуп келдим. Кунумду алып гана жаным тынчыбаса, бүгүндөн баштап менде тынч уйку жок. Жашоо да бобой калды!-деди Тыныбек ажы мынтыгын көтөрүп баратып.

– Менин тагдырыма деле ошондой оор тагдыр жазылып турат. Бул да пешене экен. Өзүңүз ажы болуп туруп, кудай жолунан адашып, күнөөсү жок адамды өлүмгө буйруп жатасыз… (”Кун” 427-б

Мундузбекке өкүм чыгарып, өз кызы Жибекти капысынан атып алат. Өмүрүндө эң жакшы көргөн эки Жибектен ажырап отурат. Бул жерде элдик чыгарма “Карагул ботом” менен үндөшүп турат. Табыйгаттагы жапайы жаныбарларга аңчылык кылып, оңко тургузган Райым мергенчиге жаныбарлардын каргышы жетип, жалгыз уулу Карагулду адашып атып алганын кошокто “Асынып жүргөн бараңың, какбаш, Ажалы беле баламын, какбаш!” деп боздогон үнү эненин үнү угулуп тургансыйт.

Жараткандын адилеттик таразасы, Тыныбек ажынын тагдырын өлчөп, анын кылган күнөөлөрү менен сооп иштерин таразага койгондой…

Куддиси хадисинде айтылгандай: “Алла Таала айтат: Күнөөнү кичине деп көңүл бурбай койбогун! Кайсы күнөө менен Аллахтын ачуусу келерин билбейсиң. Оо, адам баласы, сен күнөө жасаарда менин азабымды ойлоп, өзүңдү токтото алдыңбы? Сага жамандык кылган адамга жакшылык кылдыңбы? Сага кыянат кылган адамдарга адамкерчилик кылдыңбы?”

Асанкулдун чоң баласы Айдаркулду өлтүргөнү, анын үйүн өрттөгөнү, Асанкулду жарадар кылганы таразанын бир жагындагы палласинде (таразанын табагынын аталышы) турса, анын эл-жеринен безип, көргөн кыйынчылыктары, кылган күнөөлөрүмдү кечир деп Кудайдан кечирим сурап ажылыкка барып келгени таразанын экинчи палласинде турду. Кудай жолундагы ажынын акыркы кылыгы, таразанын ташын күнөө тарабына оодарып ийгендей…

Бекен журналистикага Кыргызстанга анча белгилүү эмес жанр болгон коллаждарынын кооздугу жана маанилүүлүгу, мазмундуулугу менен “Кыргыз Руху” гезитинин эл арасында таанымал болушуна салым кошуу менен тартынбастан кирип келди. Анын колунан жаралган “Кун”, “Туяк”, “Баткен туткуну” деген чыгармаларын окуган окурмандар жазуучулардын катарына жөнөкөй жазуучу эмес, өз үнү, көз карашы бар жазуучунун келгенин байкашат. Бул чыгармаларга дагы көптөгөн сын-пикирлер, ой жоруулар жазылат ко.

Нурмамат ажы САПАРБАЕВ

Сүрөттөрү автордуку. Медина шаарындагы Пайгамбардын мечити

Меккедеги Аль-Харам мечитинде

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17