Аймак

Тынчтык – бир соонун кандай кеп

Тынчтык – бир соонун кандай кеп

 2,441 Бардыгы /

Эгерде, бака чардап турган болсо, бул жакшы. Анткени бакалар дагы сезгич келет белем, бир шоокумду угаары менен токтой калып, суунун түбү жака, ары көздөй сүзө качат экен. Мен муну Жалал-Абад шаарында биздин үйгө жакын турган арык суусун бойлой ары-бери жүрүп байкаган элем.

Ошол шаарда айрыкча, жылдын ушул күндөрү жакындаганда адамдарда этиаттануу сезимдери байкалып калаар эле, “тынчылык эле болсо экен” – деп.

Жалал-Абад курортун билесиздер да, адырлуу бийик жеринде жайгашкан. Күн жылып жаз башталары менен ошол жактан кеч кирер замат ар кандай эстрада ырлары шаар менен бир болуп угулуп турат. Анын үстүнө, биздин үй курорттун этегине жакын болгондуктан бизге бир топ ырчылар ырдаган ырлар, мисалы “Исфана, исфана… не кыласын Лейлекте, алып кетем Бишкекке,… жүздөрүңө байланам, да, карындашым ваай-вааай-яйаай…” деген ыр адамдар бир уктап ойгоно калганга, түн бир оокумна чейин жаңырат эле. Мен болсо, бул ырды Бек Борбуев ырдап жатат гоо, деп эле жүрө бериптирмин, көрсө, Гүлжигит Сатыбеков экен. Айтайын дегеним, ушундай маалда ошо шаан-шөкөттөр да эби-чени менен, аста-секин, көчөдө кеч жүрбөө, машина кыймылдары да азайып, айтор тартип өзүнөн-өзү дагы орноп, адамдардын баардыгы өз үйлөрүндө өздөрүнчө акырын кобурашып, эси-дарти тынчтык болуп, кирпик кагышпаса да, негедир, эрте уйкуга кеткендей абал өкүм сүрүп калаар эле.

Бул өңдүү жымжырттыкта андаа-санда машина шуулдаганы, иттердин үргөнү болбосо, булардын фонунда биздин үйгө жакын арык суусундагы бакалардын бири-бири менен жарышып чардаганы даана углуп турчу. Ушул бакалардын чардаганы токтой калса, эмне болду экен дегендей кулак түрө калып, кайра башташса, биздин дагы кайрадан көңүдөрдү жылуулук аралап, айтор, айтор 2-3 күн ичиндеги ушундай, өзүнчө эле бир калээти уйгу-туйгу түнөгөн абал анан акырындап жоюлуп кетчү.

“Мекенимде Тынчтык эле орноп турсун!” жалпы маанайдын шарында менин болсо азыр эсимди “Атам да сүйлөйт Тынчтык деп, Апам да сүйлөйт Тынчтык деп. Терең сиңген каныма, Тынчтык – бир сонун кандай кеп” ыр саптары ээлеп турат.

Зирек Асанова, Бишкек шаары.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17