Аймак

ЖАШАГЫСЫ КЕЛГЕН КЕСИПТЕШ…

ЖАШАГЫСЫ КЕЛГЕН КЕСИПТЕШ…

 2,185 Бардыгы /

Улуу Ата Мекендик согуштан кайтпай калган менин чоң атам Темиров Асанды таап бергилечи, деп атайын Сузак райондук аскер комиссариатына бардым. Жалал-Абадда эмне көп, матиз менен тико маншинелери көп. “акимиат, военкомат” деп кыйкырык салган жерден бир машинага 3 адам түшүп, бир паста эле жетип бардык.

Военкоматка кире бериштеги кабыл алуу адиси паспортту текшерип, телефонду бул жакка таштаңыз деп, начальник отпускада, орун басары акимчиликте экенин айтып, майордун кабинетине жөнөттү. Майор менин созүмду угуп эле, бир кабинетке алып барып, ал жердеги кызматкерлерге бул эженин маселесин карап койгула, деп чыгып кетти.

Баягы мен түшуп барган таксиде кошо барган жаш киши такси токтоору менен эле, шыпылдап тушуп кеткен, ошол жерде туруптур. Баткен окуясында жарадар болуп пенсия алып турат экен, ошон үчун жыл сайын соцфондго справка тапшырып турам дейт. Анын справкасын бир кыйлада даярдап бергенден кийин жаш озбек жигит кыргызча сүйлөп мага кайрылды.

Менин сөзүмү угуп, азыр баары электронный эже, деп компьютерин ары карап, бери карап эч бир таппай, андай жок экен деди.

Макул анда, кайтпай калган менин чоң атамды таппасаңар, тирүү келишип, орден-медалдары менен баштарын жогору көтөрүп, эл жерине далай кызмат өтөгөн чоң атамдын эгизи Темиров Үсөн авамды, таятам Солтоев Тургунбайды карап көргүлөчу, анда, салыштыруу иретинде десем, алардын да аты-жөнү чыкпады.

Бул кандай десем, – ээ эже биз дагы эски китептеп буякка тушургөнбүз та, деп калды, тиги адис. Анда ошо китебиңерди мен карап көрсөм болобу десем, дароо эле колума карматышты.

Эскилиги аябай жетип, жазуулар даана окулбай, айрылып калган барактар да бар экен.

Табылып калат гоо, деп барактай баштадым, кызыгы, бүт эле славян улутундагы аты-жөндү окуп, бир учурда бир эле Узак деген ысымды көрүп, аай-иий десе, Сузак районубуз ушундай көп улуттан турганбы, ыя, деп өзүмчө тазза таң калсам болобу. Отуз-кырк барактан кийип таба аларыма ишене бербей, бул жазуулар окулбайт го, ия, сүрөткө алып койбосуздарбы, мүмкүн мага окшоп бирөөлөр дагы издеп келип калат деп, китепти кайра кайтардым.

Сүрөткө алганга каражат керек, эже, мен чоң атаңыздын аты-жөнүн жазып алдым, өзүм дагы бул китепти жакшылап карап чыгамын, деп жооп узатты.

Орун басар келгендир деп барсам, ал да ордунда экен, жылуу кабыл алып, ал дагы макул,карайбыз, Өзгөн район комиссариатынан да сурашытарбыз деп калды.

Мен болсо андан ары тогуз жолдун тоому болгон круговой деген жерге чейин эгин талааларын маашырлана карап коюп, жөө-жалаң эле басып бардым. Аптап эми лапылдайт. Ап жерден матизге отуруп шаардын шабдалызар базарына барып түштүм. Такси өзү деле ошол эле жерге чейн барат.

***

Ушул базардан кездеме дүкөндөрүн аралаганды жакшы көрөм, ошентип кетип жатсам, орто жолдо бир такыба өңдөнгөн кыргыз киши арабага өрүк салып алып, жеп көргүлө, жегени бекер,жүда ширин, арман болбойт алсаңар, көзү өткөн аталарым эккен, ар бирин өз колум менен тердим, сообу тийсин деп сатып жүруптүр. Адатта, жеп көрүүнү туура көрбөгөнүм менен, мейличи эми ушундан эч нерсе деле болбостур деген ой менен

бирөөну ооз тийсем, бир аз котур аралап калганы болбосо, чындап эле аябай ширин экен. Тегеректей калып, сатып алып жаткандардай, мен дагы бир кило сатып алып, айрым иштеримди бүтүргүчө обед маалы болуп кеткендиктен, бир чакан кафеге туш келип, кой, андан көрө көк чай ичейин деп кирип калдым.

Ал жердеги кыздар, утурлап тосуп эмне тамак деп сураганынан көк чай дедим, дагы дешкенде анан айтайын, мыноу өрүктү жууп алайынбы деп калдым. – Ой, өзүбүз эле жууп беребиз, баарын жебейсиз, да деп жарымынан азыраак идишке салып, жууп, бир чайнек көк чай менен алып келип берди. Мен дагы ошол жактагы адат менен дароо эки пиялага куюп, табы кайткыча өрүк жеп отурдуи.

Кафе чакан болгону менен салкын, таза эле экен, ал жерде бир-эки-үч-төрттөн отургандар, телефон карашып же акырын сүйлошүп коюп, көкчай менен өрүк гана жеп отурган калээти көрүнүштөн тышкары, уютуный эле маанай менен лагман, манты, менин балдарым кичине кезинде айткандай, шашиликти (шашлык) жеп жатышты. Болгон да, үч фарш, беш фарш, жарым нан, бир нан, кара чай, көк чай деген сөздөр келгендердин көпчүлүгү тарабынан байма-бай айтылып турду. Шашилик жебеген мага же өөн учурап кеттиби, ия, билбейм, да.

Өрүктөн дагы жуудурсамбы деп, кайра иштеримди бүтүргөнчө дагы бир жерге барып, кыйлаа кутүү менен отурсам, мурдагы кесиптешим, азыр Жалал-Абад дубаны боюнча дагы бир жооптуу кызматтын жетекчиси жолугуп калды. Аны менен өткөн кеткенди сүйлөшүп, көтөрүп жүргөн калган өрүктү көрсөтүп, жүр, өрүк жегенче көк чай алып берейин десем, деги эле, жөн сүйлөбөгн неме “жашагым келет, эжеке, жашагым” деген жооп менен ары кетти.

Бул мен үчүн сый тамактай эле, демиш болуп, күтүү абалын улантып кала бердим.

Зирек Асанова, Бишкек шаары.

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17