Аймак

Кыргыз прокуратурасына -95 жыл АРДАГЕРЛЕР ҮЧҮН ДА ЖАГЫМДУУ

Кыргыз прокуратурасына -95 жыл АРДАГЕРЛЕР ҮЧҮН ДА ЖАГЫМДУУ

 2,577 Бардыгы /

 «Прокуратура» деген сөз латын тилинен келип чыккан. Ал «камкордук көрөм», «камсыз кылам», «алдын алам» деген сөздү түшүндүрөт. Россиянын тарыхында көптөгөн өзгөрүүлөрдү жүргүзгөн Петр I  кезегинде «прокурор-падышанын көзү»  деп баа бергендиги да бекеринен эмес. 

Кыргыз прокуратурасын  түзүлүш тарыхына көз чаптырсак, ал  РСФСРдин курамында турган Кара-Кыргыз автономиялуу областы түзүлгөн учурдан, тактап айтканда 1924-жылдын 22-ноябрынан башталат. 1926-жылы Кара-Кыргыз автономиялуу областы  Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасы болуп өзгөрүлгөн. Кыргыз АССРинин БАКнин 1927-жылдагы 12-мартындагы биринчи сессиясында Юстиция Эл комиссариаты түзүлгөн. Юстиция Эл комиссары бир эле учурда Кыргыз АССРинин биинчи прокурору болуп саналган. Бул кызматка Таш Худайбердиев дайындалган.

Прокуратура органы 95 жылдын аралыгында бир топ өзгөрүүлөрдү баштан кечирсе да кандай этап болбосун  жарандардын укугун коргоодо, кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүүдө, мыйзамдын сакталышына көзөмөл жүргүзүүдө ага чоң   роль  таандык болуп келген. Кеңеш өкмөтүнүн тушунда бул орган аялдардын укугун коргоо багытында көп иштерди алып барган. Көп аял алуу, калың алууга байланыштуу кылмыш укугунун нормаларын так аткарылышын камсыз кылган. Улуу Ата мекендик согуш учурунда прокуратура мамлекеттик, эмгек жана аскер тартибин бузууларга, коомдук мүлктү урдоолорго каршы күрөштү күчөтүп, согушта курман болгон жоокерлердин үй-бүлөсүнүн укугун коргоо багытында иштер жүргүзүлгөн. Согуштан кийин эл чарбасын калыбына келтирүүгө, экономиканын турукташуусуна, ар кандай кылмыш менен күрөшүүдө, аны алдын алууда  бул органдын салымы чоң болгон.

Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин да бул орган мезгилдин  оош-кыйыштарга карабастан өз  милдеттерин аткарып келди.   

Прокуратуранын тарыхы анын кызматкерлери менен тыгыз байланыштуу. Алардын арасында өзүнүн кесипкөйлүгү, принципалдуулугу менен башкаларга үлгү болгондор көп болгон. Көздөрү өтүп кетсе да алардын ысымдары ушул мезгилде да сый-урмат менен  аталып жүрөт. Арабызда көп жыл бул кызматты аркалап жүрүп,  ардактуу эс алууда жүргөн 218 ардагерлерибиз бар. Алар  коомдон сыртта калбай, өздөрүнүн  мол тажрыйбасын жаш адистер менен тең бөлүшүп, алардын кесипкөйлүгүнүн калыптанышына өз салымдарын кошуп  келе жатышат.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан  прокуратура органдарынын өлкөдө мыйзамдарды чыңдоого багытталган аракеттерин колдоого алынып жаткандыгын прокуратура кызматынын  ардагерлери кызуу кубаттап  жатабыз. Дүйнөлүк практика далилдеп көрсөткөндөй күчтүү прокуратурасыз өлкөдө мыйзамдуулуктун өкүм сүрүшүн орнотуу мүмкүн эмес.  Мамлекет башчысынын ишеними прокуратура кызматкерлерин өздөрүнүн милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарууга, кесипкөйлүгүн арттырууга   милдеттендирди. Кызматкерлердин өз ишине,  аброюна карата аяр мамиле кылууга умтулуусун күчөтөт.

 Учурдан пайдаланып, ардагерлер прокуратура органдарынын тергөө иштерин жүргүзүү боюнча топтолгон  чоң тажрыйбасы бар экендигин коомчулуктун эсине салуу менен, кызматтык кылмыштарга байланышкан кылмыш иштерин кайрадан  прокуратурага берүүгө тийиш деп эсептейбиз.

Укук коргоо системасында  жарандардын укугун коргоодо, кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүүдө, мыйзамдын сакталышына көзөмөл жүргүзүүдө прокуратурага  чоң роль таандык. Анын өлкөнүн бүтүндүгүн, стабилдүүлүгүн сакталышын көзөмөлдөп турган бирден-бир мамлекеттик орган экендиги баарыбызга маалым. Көптөгөн ардагерлердин пикирине таянсак, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовдун жүргүзгөн ишине коомчулук өзүнүн оң баасын берип жатат. Кийинки учурда эл арасында  прокуратура кызматкерлеринин   кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү, мыйзамсыз каражаттарды мамлекеттин казынасын кайтаруу багытында   жүргүзүп жаткан чечкиндүү аракеттери тууралуу жылуу сөздөр айтылып жаткандыгы ардагерлер үчүн да жагымдуу.  

Даңктуу датанын алдында түйшүктүү, жоопкерчиликтүү жана сыймыктуу ишине жалпы прокуратура кызматкерлерин жана ардактуу эс алууда жүргөн ардагерлерди  Кыргыз прокуратурасынын 95 жылдык мааракеси менен кызуу куттуктайм.

Баймурза ЖААНБАЕВ, Кыргыз Республикасынын  прокуратура органынын  кеңешинин төрагасы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17