Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
18,942 Бардыгы / Улутуңду сактайм десең кызыңды тарбияла, Тегиңди сактайм десең уулуңду тарбияла. Кыргыз эли эзелтеден кыз баланын тарбиясына өзгөчө маани берип келген.Алсак,кыз бала төрөлгөн күндөн тарта аны өзгөчөлоп бакканга аракет кылышкан. “Кыз-кызыл алтын”,”Кызы бардын,назы бар”,-дешип,кыздарды босогого отургузбай,төргө отургузуп:”Босогого отурсаң,кедей болуп калабыз,жогору отур,сенин ордуң тордө”,-деп кызды аябай аздектеген. Кыз баланын бул жашоодогу орду зор мааниге ээ.Кыз […]
18,943 Бардыгы / Улутуңду сактайм десең кызыңды тарбияла, Тегиңди сактайм десең уулуңду тарбияла. Кыргыз эли эзелтеден кыз баланын тарбиясына өзгөчө маани берип келген.Алсак,кыз бала төрөлгөн күндөн тарта аны өзгөчөлоп бакканга аракет кылышкан. “Кыз-кызыл алтын”,”Кызы бардын,назы бар”,-дешип,кыздарды босогого отургузбай,төргө отургузуп:”Босогого отурсаң,кедей болуп калабыз,жогору отур,сенин ордуң тордө”,-деп кызды аябай аздектеген. Кыз баланын бул жашоодогу орду зор мааниге ээ.Кыз […]
КЫЗ АДЕБИ-БААРЫНАН КЫМБАТ
10.02.2020 / Автор aymak18,944 Бардыгы /
Улутуңду сактайм десең кызыңды тарбияла,
Тегиңди сактайм десең уулуңду тарбияла.
Кыргыз эли эзелтеден кыз баланын тарбиясына өзгөчө маани берип келген.Алсак,кыз бала төрөлгөн күндөн тарта аны өзгөчөлоп бакканга аракет кылышкан. “Кыз-кызыл алтын”,”Кызы бардын,назы бар”,-дешип,кыздарды босогого отургузбай,төргө отургузуп:”Босогого отурсаң,кедей болуп калабыз,жогору отур,сенин ордуң тордө”,-деп кызды аябай аздектеген.
Кыз баланын бул жашоодогу орду зор мааниге ээ.Кыз балдарды тарбиялоо эркек балдарга караганда өтө назик,өтө кылдат мамилени талап кылат.Себеби кыздар келечектеги энелер,улуттун тукумун улантуучулар болуп эсептелет.Алар кандай өсүп жетилет,кандай чөйрөдө кандай тарбия алып жатышат?
2020-жыл Региондорду өнүктүрүү,санариптештирүү жана балдарды колдоо жылына карата айыл аймагындагы балдар жана өспүрүмдөр арасында зордук зомбулуктун жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында Ала-Бука районундагы №10 А.Юсупалиев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде 9-10-11-класс окуучу кыздарынын арасында “Кыз адеби-баарынан кымбат” темасында тегерек стол өткөрүлдү.Тегерек столго райондук билим берүү бөлумүнүн башчысы Ч.А.Турдукулова,райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Т.Өмүрова, РБББнүн адистери Х.Талипов, Б.Акпаралиевдер,Ала-Бука районундагы балдар жана өспүрүмдөр менен иштөө боюнча башкы адис Р.Нематуллаева жетектеген топ, Ак-Коргон айыл округундагы ЖЖӨИ тескөөчүсү К.Шабданов,Ак-Коргон айылдык ооруканасынын үй-бүлөлүк дарыгери З.Мадаминова, “Молдо Кыргыз” мечитинин имамы Ш.Исмоилов жана айылдын алдыңкы үлгүлүү аялдары, ажы энелер, мугалимдер катышты.Тегерек столдо бүгүнкү күндөгү эң көгөйлүү маселелер талкууланды, чечмеленди, тарбиялык жактары да ачык корсөтүлду.Алсак, кыздар арасындагы кылмыштуулук, эрте никеге туруу жана кесип тандоо деген темалардын тегерегинде ой- пикирлер ортого салынды.Тегерек столду мектеп директору С.Сотиволдиева алып барды.Көрсөтүлгөн видеороликтер жана 11-класс окуучу кыздарынын аткаруусундагы сахналык көрүнуш,уюштуруучу тарабынан берилген суроолор катышуучулар жана келген меймандардын арасында кызуу талкуунун журушүнө себеп болду.Окуучу кыздар арасында бүгүнкү күндөгү өрчүп бараткан кылмыштуулук бир эле класс жетекчисинин, мугалимдердин, мектептин, ата-эненин көйгөйу эмес,бул жалпы коомдун оорусу, көйгөйү. Бекеринен,бир балага кырк кошуна жооптуу,деп даанышмандар айтышпаган. “Кызга кырк үйдөн тыюу”,-деп, энелер кызынын чачын орүп жаткан учурда таалим-тарбия, журүм-турум, адеп-ахлак тууралуу кызынын кулагына кумдай куюп, ар бир өрүмүндө атанын мурасы, эненин намысы “өрүлгөн чачтай” бекем болушун уктурушкан. Бирок бүгүн мына ушундай таалим-тарбия толук берилип жатабы? Кыз баланын, аял затынын ээлеген орду, милдети тууралуу Ш.Исмоилов диний түшүнүктордү айтып, мисалдар аркылуу тушунтүрду.
Эрте никеге туруунун терс жактарын медициналык жактан З.Мадаминова сөз алып, фактылар менен айтып отту.Бул боюнча Р.Нематуллаева да статистикалык маалыматтар менен маселени ачык-айкын тушунтүрду.Окуучу кыздар оздөрүн кызыктырган суроолоруна дарыгерден,балдар инспекторлорунан жооп алышты.Айылдын үлгүлүү аялдары да турмуштук тажрыйбаларынан келип чыгып,ой-пикирлерин билдирди.
Тегерек столдо Д.Инамова, М.Артикова, Ш.Толибхонова, Ш.Ахмедова, А.Абдуганиева, Д.Ахмедова, Д.Жумабаева, С.Келсинбаева, С.Инамовалардын ой-пикирлери катышуучуларга татыктуу болду. Окуучулар берилген тапшырмаларга жакшы даярданып келишкендерин көрсөтүшүп, өз ойлорун ачык айта алышты.
Мындай иш –чаралардын көбүрөк өткөрүлүшүнүн негизинде кыздар коомдо, мекетептерде, үй-бүлөдө жүрүш- турушу жана адеби боюнча эстетикалык табиттерин жогорулатуусуна өбөлгө болот.
Ала-Бука районундагы А.Юсупалиев атындагы №10 жалпы орто билим берүүчү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими
Мавлюда Абдуганиева.
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.