Аймак

ЖАҢГАК АЯНТЫ – ЖАЙЛОО ЭМЕС!

ЖАҢГАК АЯНТЫ – ЖАЙЛОО ЭМЕС!

 3,266 Бардыгы /

– Үйдө ким бар? Бирөө-жарым бар бекен? – деген суроолор менен биз барган айрым үйлөрдө жооп боло бербеди. Ал аз келгенсип, кышта доолдай тиктирем деп айтканын саратанда түк эстегиси келбегендей, эшик алдында узунан сулап жаткан иттер дагы үрүп чыкканга жарабады.

Өзүм адырлуу айылда өсүп чоңоюп, анан ушул Орток жергеси жаңгак токойлуу экенин угуп эле жүрсөм дагы бул тарапка биринчи ирет иш сапары менен баратып, токойду аралап өткөн машина жолунун эки тарабын көз чаптыра карай жүрүп, жунгли токойлоруна окшоп кетээрин: бир жери түнт көрүнсө, бир жеринен Күн нурлары жыш бак-шактын арасынан кымындай болсо да жол таап өтүп чагылышкан симметриялык сүрөттөлүштөрдү байкай, бир таң калган элем.

Мониторинг максаты менен барып, керектүү адамдардын баарына эмес, айрымдарына араң жолугуп, сөз арасында – эмнеге элдер көрүнбөйт, үйлөрү кулпулануу, дегенибизче, – оо, көпчүлүгү малдарын алып, мындан жогору жайлоолорго чыгып кетишкен, деп айтышты.

Айлана бир ажайып жапжашыл, арыкта шаркыраган суу, гүлдөр аралашкан ар кандай чөптөр,учуп-конгон көпөлөктөр, чымчыктардын сайраганы ж.б.

Жайлоодой болуп турган бул жерди таштай дагы өйдө кетишсе кандай бул дегенибиз менен, ал бекеринен эмес – токой аянтын ири, майда мүйүздүү малдарга тебелетип-тепселетпей калуу камылгасы экен.

Ооба, ушундай болгону менен, жалпысынан, Жалал-Абад аймагында барган сайын аянты азайып, жайытка айланып бара жаткан жаңгак токой маселесине астейдил маани берген мамиле, менежмент керек экендиги турган сөз.

Ошентсе дагы, бул сүрөттү аркы өйүздөгү кырдан тартып алганмын. Караңыздарчы, кандай сонун!

Зирек Асанова, Жалал-Абад-Орток-Жалал-Абад.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17