Аймак

МАКСАТБЕК АЖЫ ТОКТОМУШЕВ МУФТИЯТТЫН ИЧИНДЕ ЭГЕБЕЙСИЗ РЕФОРМА ЖАСАДЫ

 2,111 Бардыгы /

МАКСАТБЕК АЖЫ ТОКТОМУШЕВ МУФТИЯТТЫН ИЧИНДЕ ЭГЕБЕЙСИЗ РЕФОРМА ЖАСАДЫРеспубликалык бир катар жалпыга маалдымдоо каражаттарында соңку мезгилде Муфтий Максатбек ажы Токтомушевди жалаң гана бир жактуу каралаган, а түгүл анын инсандык нарк-насилине дейре жөнсүз шек келтирген калпыс материалдар жарыяланып жатат. Албетте, мунун баарын эле “Ар биринин абийирине койдук!” десек, мындай алакөөдөндөрдүн жана наадандардын аягы дагыле тыйылчудай эмес. Ошону үчүн биз дагы инсандык парызыбызды аткарып, билгенибизди калайык-калкка моминтип жар салып коелу дедик.
Баса, жогорудагы макалада санакталган фактылардин бири дагы чындыкка таптакыр коошпойт! Эгерде материалдарда баса айтылган фактылардын кур дегенде бирөөсү эле ырасталганда, укук коргоо органдары Максатбек ажы Токтомушевди үзгүлтүксүз текшеришип, анан эбак эле жоопкерчиликке тартышмак. Демек, Максатбек ажы Токтомушевди курулай жаманатталоо ал жасап жаткан дин жаатындагы реформа жакпай калып, дал ошол жаңылоодон жапа чегип калган көрө албастардын гана иши экендиги эми даана көрүнүп жатпайбы.
Кыргызстан Мусулмандар Дин башкармалыгы өзүнүн кыска тарыхында бир топ кыйынчылыктар менен коштолсо дагы атайын уюм сыңары түзүлүп, калыптангандыгына мына быйыл отуз жылдан ашып баратат. Бул аралыкта мусулмандардын азирети Муфтийи болуп бир катар инсандар татыктуу кызмат өтөп кетишти. Алардын ар кимиси өз убагында адал эмгектерди гана жасап, артында жакшынакай гана из калтырышты. Туура, мезгилинде аталган башкармачылыкты жетектеп келишкен азирети Муфтийлердин далайы оор кырдаалдарга туш болуп, сын-пикирлер менен коштолуп, кызмат өтөштү. Бирок, баары тең дооруна жараша татыктуу инсандар экендигин айгинелешти. Себеби, өтө кыска аралыкта дүйнө жүзүнө Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгын өзүнчө мекеме сыңары кеңири таанытышты. Эмгек жамаааттарын түзүштү. Кыргызстандын ичинде бардык мамлекеттик түзүмдөр аны өзүнчө уюм катары таанышты. Мындан тышкары дагы көптөгөн мээнеттердин акыбети кайтып, башкармалык заманбап деңгээлге көтөрүлүүсүнө шарт жаратышты.
Баса, Кыргызстан Мусулмандан азирети муфтийлигине Максатбек ажы Токтомушев дайындалгандан бери бул башкармачылыкта айтаарлык ийгиликтер болгондугун эч ким тана албас. Маселен, жыл сайын ызы-чуу менен коштолгон ажылыкты уюштуруу дагы ар дайым чыр-чатак, алдамчылык жана коррупция менен коштолчу. Ошондуктан, бул маанилүү иш-чара чукул арада тартиптештерилип, элге жат көрүнүштөр дароо тыйылып, ажылыкты уюштуруудагы дүйнөлүк алдыңкы өлкөлөрдүн таррыйбалары байма-бай колдонулуп, кыска аралыкта, көз тийбесин, мыкты мамлекеттердин сабына кошулдук. Дал ушунун өзү – азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин ак кызматынын гана акыбети! Албетте, мындай ийгиликке жетишүүдө мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин дагы түздөн-түз көзөмөлү жана Мамлекеттик Дин иштери боюнча комиссиянынын дагы салымы ат көтөргүс.
Баса, өлкөбүздөгү дин кызматкерлеринин армиясынын диний сабаттуулугун жогорулатууга Токтомушевдин өзгөчө салымын атпаса кетпесек жарабас. Натыйжада президентибиздин алдындагы “Ыйман” фонду аркылуу дин кызматкерлерине айлык-стипендия чектелип, бериле баштагандыгы, албетте, мактоого гана арзыйт. Муфтияттын алдында түзүлгөн көз карандысыз аттестациялоо комиссиясы Кыргызстандын бардык булуң-бурчундагы бүт имамдарды дээрлик аттестациядан өткөрдү. Анан алардын илим-билим деңгээлин көтөрүп, диний сабатын чукул арада жойгонго дагы үлгүрдү.
Дин аалымдарын ушул тапта абдан катуу түйшөлдүргөн жагдай: акыркы мезгилде интернет булактарынан алынган ар кандай диний терс маалыматтар жаштарыбызга абдан теңирден тескери таасир этип жаткандыгы жалпыбызга маалым. Айрыкча аялдар, анан ага улай мектеп окуучулары акыркы мезгилде көңүл сыртында гана калып кетишти. Ошондуктан, мындан ары жалпыга маалымдоо каражаттары менен тыгыз жана ийиндеше иштешип, журналисттер менен тыгыз кызматташууга муфтият жана Муфтий Максатбек ажы Токтомушев жеке ынтызарлыгын билдирип, алаканы ого бетер күчөттү.
Ушул тапта Муфтият Ислам баалуулуктарын элге-журтка кенен-чонон жеткрүүдө абдан туура гана жолдо баратат. Аялдар менен иштөө акыркы ждылдарда бир топ жакшы жолго коюлуп жаткандыгын сезбеген киши жок. Ырас, ар кандай жакшы саамалыкты баштоо, сөзсүз кемчиликтер менен коштолот. Бирок, айрым басылмаларда жарыяланган макалалардын авторлору ошол кемчиликтерге ар кандай боекторду ашкере сүртүп жиберип жатышкандыгы, чынында, бизди абдан катуу өкүндүрөт. Айрыкча бизди капалантканы: Кыргызстандын тарыхындагы Муфтий болуп кызмат өтөгөн инсандарга болгон кордуктарды эске алган сөздөрдү айтуу менен учурдагы Муфтийди коркутуп-үркүтүү катары жазгандары ар кайсыл мусулмандын сөзсүз жүрөгүн гана оорутат.
Кыргызстан Мусулмандарынын учурдагы азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевге абдан кыска мөөнөттө, мындайча айтканда, үч жыл аралыгында мурда болуп көрбөгөндөй реформаларды жасагандыгын тануу дегеле мүмкүн эмес. Муфьтияттын аппарат кызматкерлери дейбизби, жүргүзүлүп жаткан эсеп-кысабын алабызбы, мечиттердин пакизалыгын карайбызбы, медреселердеги окутуулардын бирдиктүү программага киргизилишин айтабызбы, илимий конференциялардын өткөрүлүшү, татыктуу кадарларды тандап алуу схемасы, Имам Аьзам Ханифа масхабын тутунуудагы жүргүзүлгөн иш-чараларга токтолобузбу, бул адам жөнүндө мактоо гана сөздөрүн санактай берсек оголе көп.
Жыйынтыктап айтканда, жалпыга маалымдоо каражаттарына ар кандай материалдарды жарыялап жатканда авторлор макала жазаар алдында адамгерчиликти баарынан бийик коюп, өзүнүн жигиттик ар-намысын тастыктап, деңгээлинен төмөн, жалаң гана ушак-айыңга жык толгон материалдарды жазбашын суранып кетмекчимин. Ар кандай башчылык кызматты аркалаганда биз мындан ары артыбызга татыктуу из калтырып кетүүнү гана салтька айландырсак, албетте, көп жагынан утмакпыз. Ошентип, жалпыбыз мындан ары бири-бирибизден натуура сөзсүбүз үчүн кечирим сураганга ыктасак, ошондо гана баарыбызды Кудай колдоп, мындан ары жалаң гана ийгиктер менен коштолмокчубуз.

Абдуашым ЖОРОЕВ, эмге ардагери, Ош шаары

Рубрика: Мен айтпасам, ким айтат?

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17