Аймак

ШААР ЖЕТЕКЧИСИ ТАЗА БОЛСО, ШААРЫБЫЗ ӨСӨ БЕРЕТ

 2,905 Бардыгы /

Же шаарыбызда жакшы иштердин болуп жатышынын себеби эмнеде?

ШААР ЖЕТЕКЧИСИ ТАЗА БОЛСО, ШААРЫБЫЗ ӨСӨ БЕРЕТЖакшылыкты жакшы деп оозго алганга не жетсин. Ылайым, жакшы иштерибиз көбүрөөк жүзөгө ашсын.
Жалал-Абаддын шаар башчылыгына Салайдин Авазовдун келиши менен калаа турмушуна жандуу кыймыл кошо кирди. Буга дейре топтоло берген көйгөйлөрдү чечүү бардык багыттар боюнча күн тартибине коюлду. Иштиктүү башталган иштер, ийгиликтер тез эле назарга илинди. Өзгөчө унаа токтоочу жайлардагы чаржайыт башаламандыкты тартипке келтирип, жөө жүргүнчүлөрдү да, айдоочулардын өздөрүнда машакатка салган жол коопсуздук меселесин чечүү зарылдыгы алда качан эле бышып жетилген болчу. Ал үчүн шаардын башкы Ленин көчөсүн талапка ылайык абалда кеңейтүүнүн тогошкон тоскоолдуктарын жеңип чыгуу керек эле. Бул түйүндү чечүүдө абалкы мэрлер үмүтү үзүлгөн туюкка кабылышкан. С. Авазов туңгуюктан жол таба билди.Асма көпүрө бүткөрүлдү, эми экинчиси курулуп жатат. Башкы көчөнү жаңыртып түзүүнүн борбордук бөлүгү аяктап, андан ары жумуш улантылды жана экинчи этабы да жүзөгө ашырылды. Азыркы кеңейтилген Ленин көчөсү шаарды көркүнө чыгарып койду.
Шаар тургундары “болбосо кантейли” деген пессимизмден арылып, өз күчтөрүнө жана мүмкүнчүлүктөрүнө бел байлап, жакшылыкка болгон ишенимдери кайра жандана түшкөнсүдү. Сөзүбүздү курук калтырбай бир мисалга кайрыла өтөлү. Ошол Ленин көчөсүн кеңейтүү иштери улантылды дебедикпи. Көчөдө иштер жүрүп, жол кыймылына тоскоолдук келтириши турган кеп. Ошол максатта ишти тезирээк бүткөрүү үчүн жумушчулар эки мөөнөттө иш алып барууга өз ыктыяры менен киришишти. Бул деген, эски союздун ыдырашынан кийинки эчак унутулган көрүнүш эмеспи. Азыр минтип эки мөөнөттө ишти уюштуруу кыйын нерсе- бул биринчиден.
Экинчиден, Ленин көчөсүндө иш баштоо оңойго турбады, айрым ызы-чуу менен оокат кылганга көнүп калган тараптар чуу чыгарышып, шаар башчысына ар тараптан ар кандай кысым жасалды. Аны ээрден оодара салгысы келгендер пайда болду. Бирок С. Авазов кызматынан айрылып калуудан коркпогон, намыстуу жетекчи экенин далилдеп, бардык жоопкерчиликти өзүнө алды да, ишти уланта берди. Акырында анын кашкөй аракеттери жеңип чыгып, жалпынын кызыкчылыгын жогору коюп иштөө кандай экенин далилдеп койду. Эгер башка жетекчи болгондо ызы-чуудан алыс болуп, кызматынан кетип калышынан сактанып, мындай олуттуу ишке барбашы мүмкүн эле.
Деги эле С. Авазов шаардыктардын үмүтүн колдон келишинче актап келатат. Буга да бир мисал келтирели. Көпчүлүктүн суроо-талаптары боюнча “Акыйкат “газетасынын 2015-жылдын 10-августундагы санына мэрдин калаа башчылыгындагы жигердүү кадамдарына багышталган макала жарыяланган. Макаланын аягында сөз мындайча каалоо менен аяктаган: “Урматтуу Салайдин Абдивалиевич! Жаратып жаткан ийгиликтериңиз элиңизге тартуулаган учурдагы сиздин “авансыңыз”. Аталган каалоолорубуз – дагы да алдыга умтулууга дем берүүчү тилек кылган азырынча сизге аманаттаган биздин “авансыбыз”. Али үмүттөр алдыда.”
Андан бери жыл айланыптыр. Жакында шаардык, айылдык тааныштар жолугушуп, шаар ичин атайы айланып чыктык. Аракетке кошулган берекеттүү жылыштардын күбөсү болдук. Кызуу жүрүп жаткан жаңы-жаңы курулуштарды көздөн кечирдик. Калаадагы жаратмандык шилтемдер көз алдыбызда көрүнөө жасалып, басма сөз беттеринде да аябай кеңири, даана маалымдалып келе жаткандыктан алар тууралуу бирме-бир кайталап токтолууга кажет калбагандай. Бир эле убакта шаардагы он чакты объекттерде кызуу иш жүрүп жтканын көргөн Сузак районунун тургундары ушундай жакшы жетекчиге туш келген шаардыктарга ачык эле суктанып турушту. Алар “Бизде да ушундай жетекчи болсо…” дешти. Айтайын дегеним, былтыркы биз берген авансты С. Авазов актады. Быйылкы Ленин көчөсүнүн кеңейтилип ачылышы, кадимки шаардагыдай кенен жана жарык көчөлүү болуп калышыбыз, биздин баарыбызды кубантты. Ошол эле мезгилде шаардагы башка да аймактарда ушундай жакшы курулуштар жүрүп, бүтүп жатат. Авансты актаганы ушул да!
Шаардыктар арасында да шаар башчысы тууралуу жакшы кептер айтылып жатканын угуп, барган сайын пейилибиз оңолуп баратабы деп кыйла кубанып да калам. Себеби, мындан мурдагы айрым шаар башчыларынын дарегине шаардыктардан жакшы кепти, мактоо сөзүн угуш кыйын эле. Ар качандан бир качан шаар башчыларына болгон капачылык, нааразылык көп айтылып, бул кадимки эле адатка айланып кеткенсиген. Эми болсо, эл шаар башчысын, анын кылган иштерин жакшы сөздөр менен алкап, өзүнүн адилеттигин, пейилинин түз экенин көрсөтүп жатат. Элге да ыраазы болбой коё албайсың. “Ар ишке натыйжасын чыгарып баа бергиле”,– дейт Мухаммад алейхиссалам. Жакшыны жакшы деп баа берсек, жакшылыгыбызга Кудай да береке берер.
Учурда шаар турмушу көңүл буруунун борборуна айланган. Аймагыбызда эле эмес, чет жакта мээнет кечирип жатышкан мекендештерибиз да сурамжылашып, шаар турмушунан кабар табууга кызыгып жатышканы жөн жерден эмес. Шаар жетекчилигинин жаңычыл, түзүүчүлүк аракеттери, талапчан принциптүүлүгү, таза жана адилеттүүлүгү калк арасында жакшы пикирлерди жаратып, аны мурда-кийин башы көрүнгөн мыкты жетекчилердин катарына коюп жатышат. Чынында “Эл айтса, эп айтат”, “Калк айтса, калп айтпайт”, “Элдин көзү көрөгөч” эмеспи. Сынына толгон инсандарга, жарашыктуу оң образдагы аталыштарды эл өзү табат тура. Акын Жоробек Султаналиевдин ырында айтылгандай:
“Болгон эмес, бир устаты жок адам,
Эстүүлөр да, көсөмдөрдөн окуган”.

С. Авазовдун окутуучусу да, устаты да эл болду. Муну биз өз башыбыздан өткөн мисалдардан билип отурабыз. Кечээ жакында, 24-август күнү шаар жетекчилигине кирип чыгалы деп, анын кабылдамасына бет алдык. Адегенде шаар башчысынын жумуш убактысы тар болбоду бекен, биз тынчын албайт бекенбиз деп, азыноолак ыңгасыздандык. Ал жерден кудай жалгап, өз көз карашы түз, кесе билдирүүнү тутунган шаардык кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты, шаардын Ардактуу атуулу, Ч. Айтматов атындагы аймактык башкаруунун төрагасы Максат Жусупбековду жолуктуруп калдык. Келген жөнүбүздү, ыңгайсыздыгыбызды айтсак, М. Жусупбеков: “Жок, андай эмес. Салайдин Абдувалиевичтин эшиги кандай шарт болсо да силер үчүн ачык. Бул жетекчи – бөлөкчө инсан. Ал элдин сунуштарын сын-пикирлерин угуп, кеңешүүгө муктаж”, – деди. Кабыл алуусунда турсак, ишибиз оңунан келип, өзү чыгып калбаспы. Жылуу саламдашып кол алышкан соң: “Эмне турасыңар, кана жүргүлө, бизде айрым-айрым бөлүнүп, жашыра турган сөз болбойт. Бардык маселе, суроо-талаптар ачык-айкын, чогуу-чаран чечилет”, – деп кабинетине баштап кирди.
Жолгушуудан биз шаар башчысынын ким экенин даана аңдап чыктык. Ал биз менен болгон баарлашууда элге, элдин адилеттигине, айкөлдүгүнө абдан ыраазы экенин байкадык. Ал: “Мурда мен энергетика тармагында иштеп, эл менен жакындашпаган экенмин. Анан “эл – аккан суу, бүгүн бир жакты караса, эртең экинчи жакты карайт. Элди алдап кетиш оңой” деп айтышкандарын укканмын. Бирок алардын бирөө да туура эмес экен. Мен өзүм буга күбө болуп, элге өтө ишенип калдым. Эл кимдин иштегенин, кимдин иштебей эле алдап жүргөнүн көрүп турат экен. Иштеген кишини колдоп, ага ишенет экен. Элдей калыс тараза жок экен”, – деп бизге аябай ичи жарыла сүйлөп, Жалал-Абад шаарынын тургундарына өтө ыраазы экенин көрүп, биз да элге ыраазы болгон жетекчи катары ага ыраазы болуп отурдук.
Анан биз бир катар сунуштарды айтсак, ал бизге да ыраазы болуп: “Элден көп сунуштар, кеңештер керек. Себеби, шаарды жакшы кылыш – баарыбыздын ишибиз. Биз көрбөй, билбей жаткан нерселерди эл бизге айтып, бизге ишенип турса, биз жакшы иштерди жасаганга колубуздан келет”, – деп чечиле сүйлөдү. Анан көп жыл энергетика тармагында иштеп, эми республиканын жетекчилери Жалал-Абад шаарын оңдош керек деп, ушул жакка жиберишкенин, ошондуктан элге таза иштеп бергиси келерин айттып отурду бизге.
Биз айрым шаар ишканаларынын жетекчилери менен да пикир алышканыбызда, алар да шаар башчысынын таза иштеп жатканын айтышты. Алар шаардын ишканаларында коррупция деген балакет улам азайып баратканын, жең ичинен иш бүтүрүп, шаарга зыян келтирүү болбой калганын ачык эле айтып беришти. Көрсө, шаар башчысынын аларга “таза иштегиле, текшерүүчүлөргө акча бербегиле, акча талап кылышса анда мага айткыла, мен силерди коргоп алам” – деп айткандары башка жетекчилерге да абдан жагыптыр. Баякыдай баса калып акча жемей, текшерүүчүлөргө акча бермей, процентке отуруу деген нерселер жоголгону тууралуу да сөз эл аралап жүрөт, кулагыбыз чалды. Эми ушинтип таза иштей беришсе, албетте мындан шаарыбыз, шаарыбыздын эли утат да.
Дагы бир нерсени байкадым. Шаарга жетекчи келсе, кыйла майда жетекчилер кызматын алмаштырып, жаңыланып калчу эле. С. Авазов келгенден бери бир да бир жетекчини кызматтан алып, алмаштырганын билбедик. Мурдагы эле команда менен иштеп келатат. Бирок байкасаңыз, мурдагы жетекчилер ушул эле команда менен шаарда өзгөрүү жасашкан эмес, С. Авазов учурунда ар кайсы ишканалардын жетекчилери жакшы иштеп, шаарды жакшылап жатышат. Жакшы жетекчи башка жетекчилердин экинчи демин ачып, аларга жакшы иштегенге дем берет окшобойбу. Эмнеге мурдагы шаар башчылары ушул команда менен жакшы ийгиликтерди жасашкан жок? Себеби, аларда жетекчилик сапат, жакшы максаттар болбогон болсо керек.
Демек жакшы жетекчилик деген – акыл калчап, тил табышуу менен иш алып баруу. Белгилүү ойчул М. Вебер айткан “башкара билүү искусствосунун нак өзү”. Эптеп атын чыгарып, эл көзүнө көрүнүү, куру шаңданып, атак-даңк алуу илдетине эпкиндебеген, калкынын кызматына жанын жая салган жетекчи гана эл оозуна алынып, ийгиликтерге жете алат. Көрүп жүрөбүз, айрым жетекчилер атайылап бир жасаган жакшы иши деле жок болсо да атын чыгарууга, элдин көзүнө көрүнүүгө аракет кылышып, тилинен бал тамызышат. Бирок ишине келсең…
Менин С. Авазовду дагы бир баалап калган жерим – ал келечек пландарын, максаттарын шаардыктар менен кеңешип, алардын сыноосуна коюп, коомдук угууларда алар менен баарлашып, алардын жактыруусун алып, анан гана иш алып барышы болду. Мурда мен ушундай жетекчини, ушундай эл менен кеңешип иштеген мисалды байкабаптырмын. Же билбей калдым бекен? Бирок азыркы шаар башчысы элди топтоп, алар менен пикир алышып, анан гана максаттарын ишке ашырышы чындап эле мага аябай жакты. Анан дагы иш бүткөндөн кийин элге отчёт берип, элдыин алдына чыгышы да жакшы нерсе. Демек анын элдин алдында жүзү жарык, абийири таза, ошону үчүн элдин алдына чыга алат.
Мен телевизордон болобу, гезиттерден болобу, областтын аймагындагы болуп жаткан иштерге дайыма назарымды сала жүрөм. Кайсы жерде эмне болуп жатканы мага дайыма кызык. Чынында айрым аймактарда жакшы иштер тууралуу угуп же көрүп калам. Бирок реалдуу болуп жаткан иштер негедир аздай туюлат. Ал эми ошол эле кезде Жалал-Абад шаарында болуп жаткан жакшы иштер, өзгөрүүлөр сыяктуу бараандуу кыймыл негедир башка жактардан байкалбайт. Телевидениеде көрсөтүп жаткандай, Жалал-Абадда гана калк үчүн жасалып жаткан күрдөөлдүү иштердин алгылыктуулугу даана жана ачык. Менимче, бул да шаар башчыларынын ниетинен, аракетинен, демилгелүү ишинен болот, себеби элге бир нерсени жасап берейин деген жетекчиге азыр бир дагы тоскоолдук жок.
Мен бул макаламды жазуу менен эмнени айтмакчымын. Дайыма эле ушундай жетекчилер шаарыбызга насип кыла бербейт, келе бербейт. Мурда анча-мынча жетекчиге жарыбай келатсак, эми Кудайга шүгүр, сөзгө чоркок болсо да, ишке батыл, астейдил шаар башчысы келип, элге кызматын кылып жатат. Эми ушундай шаар башчысын алыска кетирбей, өзүбүздүн шаарга көбүрөөк иштетип калуу жагы турат. Жакшы нерсени сактап, жагымсыз нерседен четтеп жашасак, бизде баары болот.

Адыл КАНГЕЛДИЕВ, Барпы коомунун төрагасы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17