Аймак

ОКУУЧУГА ЖЕКЕЧЕ ЖАНА ӨЗГӨЧӨЛӨНГӨН МАМИЛЕ

 34,250 Бардыгы /

ОКУУЧУГА  ЖЕКЕЧЕ  ЖАНА  ӨЗГӨЧӨЛӨНГӨН  МАМИЛЕАр бир окуучунун жөндөмунө жана талабына шайкеш келе турган билим берүү стратегиясын практикалоодо, окуучулардын өзгөчөлүгүн, керектөөлөрүн эске алып окутуу жараянын биргелешип пландаштырууда ,баалоо маданиятын калыптандырууда жаш кесиптештериме усулдук жардам көрсөтуп келем.
Балдардын ар тараптуу өсүшүн жана жакшы окуусун камсыздоо учун ата-энелер менен тыгыз байланыш түзөм. Төмөндө көп жылдык иш тажрыйбамдан жаш кесиптештер менен бөлүшкүм келет.
Окуучулар кара күч жагынан ар түрдүү. Боюнун өсүүсү дагы бирдей эмес , Ошондой эле алардын ой жүгүртүүсү,акыл эмгегине керектелүүчү күчү дагы тең эмес.Эске тутуусу, көнүл буруусу, кыял чабыты бири-биринен айырмаланат. Ой жүгүртүүсүнүн тездиги, сапаты, туруктуулугу, тереңдиги ар бир окуучуда ар түрдүү.
Ал эми жетишпеген окуучуларга келсек, аларда акылы, ой жүгүртүүсү өөрчүбөгөн, көнүлүн жана оюн бир жерге топтой албайт, сөз байлыгы аз, өз оюн айтып түшүндүрө албайт, ой чабыты тар, жаңы нерсени билүүгө талпынбайт,эске тутуу сапаты начар. Көп жылдык иш тажрыйбабыз, изилдөөлөрүбүз, практикабызды талдагандf балдардын сабагынан жетишүүсү же жетишпөөсү алардын ден-соолугу менен түздөн туз байланыштуу деген тыянакка келип отурабыз.
Адатта окуучу ден соолугуна байланыштуу мектепке көпкө чейин келе албай калса гана биз ошол окуучу жетишпей калды деген проблема көтөрүшүбүз мүмкүн. Ал эми күн сайын сабакта отурган , бирок ден-соолугунун айынан ошол сабактарда иштей албаган, сабакты толук деңгеелде өздөштүрүүгө дарамети келбеген окуучуларга канчалык деңгеелде көңул буруп жатабыз?
Сабактардан жетишпей, жазма иштерде аркада калып, үйдө да, мектепте да канаттандыраарлык жумуш кылбаган окуучу көпчүлүк учурда ден- соолугунун начар акыбалда экендигинен, ошонун айынан акыл-эсин бир жерге топтой албай, өзүнүн чаржайыт ой жүгүртүүсүнөн азап чегет. Көпчүлүк учурда врачтар бала соо деген диагноз менен мектепке жөнөтө беришет, анткени ал ооруулар кадимки диагностикада аныкталбайт жана баланын ата энеси , окутуучу , врач менен биргеликте , көп иштеп, көп убакыт коротуп ,аныктоосу мумкун. Баланын интеллектуалдык өсүүсү ой жүгүртүүсү, акыл чабыты, эске тутуусу, ой топтоосу, жалпы эле жүрүш-турушу ден-соолугуна көз каранды экендиги бизге айдан ачык. Мындай ден- соолугу начар окуучуларды союздун убагындагыдай кучтуу тамактандыруу,узагыраак убакыт таза абада сейилдетүү, ойнотуу, жазында ,жайында, күзүндө таза абада дем алдыруу сыяктуу чаралар санаторий, ден-соолукту чыңдоочу лагерлер д.у.с. мекемелер аркылуу ишке ашырылса жакшы болор эле. Ушундай ден- соолукту чындай турган чаралардан кийин да окуучу жетише албаса, ооруй берсе, демек мындай окуучунун акыбалын оңдой албайбыз,себеп генетикада деп кое калмакпыз.
Окуучунун ден-соолугун оңдоп койсок эле ал жетишип кетет деп айтуудан алыспыз, мында педагогдорго чоң иш бар. Бул балдарды окутуп тарбиялоодо башкача иш чаралар керек ,алардын өзгөчөлүгүн эске алуу,жаңыча көз караш,атайын педагогдук чебердик, жекече мамиле.
Азыркы убакта мындай мамиле жөнундо көп эле айтышкансыйт, бирок биз окуган улуу педагогдордон өткөзуп эч ким таамай айта элек.
Балдар эч качан өздөрүн башка балдардан кем сезбеш керек.Аларга талапты кадимки балдарга койгондой эле коюш керек. Аларда дайыма акыл эмгегине урматтоо,акыл эмгегине муктаждыкты тарбиялообуз зарыл.Ошондой эле аларда озун сыйлоо, керт башын баалоону, кайталангыс, өзгөчө адам экенин сезүүсүн тарбиялоо башкы орунда.
Эгерде биз аларды атайын окуу жайларга бөлүп койсок,мындай окуучу өзүн андан бетер кем баалап, анан дагы мектептин толук кандуу турмушунан бөлүнүп калышы, коомчулукта, коллективде тарбиялануу деген баалуу нерседен кур калышы анык.
Экинчиден , окуучу сабакта өзүнүн акыл дараметине жараша тапшырма алышы керек жана бул ишти окуучу ийгиликтуу аякташ керек. Өзүнүн ийгилигин бир эле иштен көрүү да окуучуда өзүнүн күчүнө ишенүү сезимин ойготот. Улам кийинки ишке окуучу өзүнүн ийгилигине ишенип кадам таштайт.Ийгиликтин даамын татып, өзүнүн жеңишине сүйүнүү,кылган ишине канааттануу-булар адамды алга талпынткан кучтор. Алар ички дүнүйөнү өзгөртөт эмеспи.
Партага отургузуп алып эле балдарга кошумча сабактарды уюштура бербестен, бул же тигил баланын турмуштук тажрыйбасына таянып баян жазуу,жөндөмунө жараша маселе түзүү, мисал аткаруудагы ийгиликтер баланын көнүлүнүн көтөрүлүшүнө түрткү болушу керек. Эгерде балдардын ой жүгүртүүсүн, кабыл алуусун өстүрүү үчүн табият койнунда сабак уюштурсак , канча утушка ээ болот элек. Дарактардын колокосу, булактардын шылдырашы,гүлгө конгон көпөлөктөрбү, жапан аарыларбы,капчыгайга түшкөн жалгыз аяк жолбу,бийик чокудан өзүндүн туулуп-өскөн айылыңдын көрүнүшүн карообу -кичинекей адамдын көнүлүн өзүнө буруп, акылынын, ой жүгүртүүсүнүн өсүшүнө туртку боло турган нерселер азбы?
Педагогдордун көз жаздымынан дайыма жакшы окуган балдар да чыкпаш керек. Мугалим баланын өзгөчө талантын изилдеп билип ,анын акылы жана чыгармачылык дарамети кайсы багытта көбүрөөк ийгилик алып келерин кечикпей аныктап, анын жөндөмү андан ары өсө бере турган тапшырма кое алышы педагогдук чеберчилигинин далили эмеспи? Ушундай балдарда ашыкча убакыттын болушу талапка ылайык келер эле.Ошол эле учурда бала өзүнүн жөндөмүн андан ары өсүшүнө жана өзүн-өзү тарбиялоо керек экендигин аңдап билип алышы өтө зарыл. Ошого жараша мектепте көптөгөн кружоктор иштеп, компетенттуу чебер педагогдор иштесе талапка ылайык болор эле. Ал эми сабакта бул балдар үчүн программаны чегинен тышкары тапшырма берилиши керек. Ошол эле убакта бул тапшырмалар жаш өзгөчөлүгүнө жараша ,ой жүгүртүүсүн андан ары өстүрө турган болушу керек. Ошентип отуруп ар бир класста өзүнүн математиги, физиги ,химиги биологу болот. Орто окуган окуучуларды ала турганболсок , аларды үчкө бөлүп карасак болот.
Биринчиси тырышчаак окуучулар. Алар өздөру кээ бир тапшырмалардыа ткарып коюшат. Экинчиси жардамга муктаж окуучулар. Алар мугалимдин жардамысыз алга жыла алышпайт. Үчүнчүсү –шашпай иштеген окуучулар .Аларга кошумча убакыт берсе ийгиликтүү болуп чыга келишет. Алар жардамга муктаж эмес десек жаңылышпайбыз.
Эч кимге байкалбай, тартипти бузбай, эч нерсеге кызыкпай жүргөн балдар – тарбиялоого кыйын балдар. Аларды өздөрү кызыккан ишине тартып,ошол ийгиликтуу иши аркылуу аларда сыймыктануу сезимин ойготуу керек. Окууда да айрымалуу мамиле болуу керек. Акыл эмгегинде ар бир окуучуга айрым башка-башка тапшырма керек, тапшырманын мазмунунда да, убакыттын бөлүнүшүндө да айырма болуу керек. Тажрыйбалуу педагог бир окуучуга бир тапшырма берет, ал эми экинчи окуучуга эки же уч, төрт тапшырма бериши мумкун,бирок жеңилирээк. Адабият сабагында бир окуучу сочинение жазышы мумкун, экинчи окуучу текст устундо иштеши мумкун, учунчу окуучу тексттин мазмуну боюнча сурот тарта алат.
Эгер сиз ар бир баладагы өзгөчөлүктү байкасаңыз, эгер сиз бала менен кошо анын ийгилигине сүйүнүп , анын күйүтүнө кошо күйүнө алсаңыз, алар жөнүндө ойлоп, алар учун кам көрө билсеңиз, сиз ушул кесипти аркалап кете аласыз. Педагогдун чыгармачылыгы бул биринчи иретте кичинекей адамды үйрөнүү, өстүрүү, адамгерчилик сапаттарын байытуу, баланын күчүнө ишенүү. Азыр биз сепкен үрөн он жылдан кийин кандай болуп жетилерин көрө билүү.


Гүлжан АЙТЫКУЛОВА, Н.Орозалиев атындагы орто мектебинин башталгыч орус класстарынын мугалими, насаатчы-мугалим

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17