Аймак

Шаардын келечеги кандай?

 2,046 Бардыгы /

Шаардын келечеги кандай?
Бүгүнкү күндө Жалал Абад облусунун жалпы бюджеттеги акчалары кайда кетип жатат? Эмне жумуштар, кандай жардамдар болду?- бул жана башка суроолор кимди гана кызыктырбай койбойт. Шаарыбыз канча жылдан бери өз кейпин бузбай, ошол-ошол эле бойдон келе жатат. Кандай гана бийлик башчылыры келбесин бары өз арабаларын тартып шаар көйгөйлөрүн ойлонуп да койушпайт. Көйгөй демекчи шаардын борбордук көчөлөрүндө тилемчилерди, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбызды кезиктирүүгө болот.Алар жыргаганынан чыгып жатышканы жок. Мунун баары мамлекетибиздин жакырлыгына келип такалат. Буту- колу соо болуп туруп өткөн- кеткенден тыйын сурап тиричилик өткөргөн жарандарыбызга бир туруп жумушсуздуктан деп боруң ачыса, бир туруп зээниң кейийт. Эгер мамлекет такыр эле жумуш менен камсыз кыла албаса, сода же дыйканчылык менен алектенишсе эмнеге болбосун деген ой жаралат.Буларго ар кандай жолдор менен турмушун өткөрүп жатышат, а мумкунчулукгу чектелген жарандарыбыз суук-ыссыкка карабай, бир ордунан жылбай олтурушуп күнүнө канча тыйын табаары белгисиз. Бул көйгөй жакынкы аралыкта чечилип, шаарыбыз көркө келээри бул биздин азыркы мерибиздин колунда. Андыктан шаар башчыларыбызга ийгилик каалайбыз!

Алмаш Бараталиева, практикант

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17