Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
4,439 Бардыгы / ОШ. Кыргызстан дын түштүк башкалаасында Улуу жеңиштин 72 жылдыгы салтанаттуу түрдө кең-кесири белгиленди. Бул сапар оштуктар Жеңиштин күнү абдан кымбатка тургандыгын баса белгилешти. -Улуу Ата Мекендик согуш – ХХ кылымдын трагедиясы. Бирок согуш алааматы канчалык оор, канчалык кайгылуу болбосун 72 жылдан бери жергебизде желбиреп турган Жеңиштин Туусу бизди ар убак сыймыкка бөлөп, келечекке […]
4,440 Бардыгы / ОШ. Кыргызстан дын түштүк башкалаасында Улуу жеңиштин 72 жылдыгы салтанаттуу түрдө кең-кесири белгиленди. Бул сапар оштуктар Жеңиштин күнү абдан кымбатка тургандыгын баса белгилешти. -Улуу Ата Мекендик согуш – ХХ кылымдын трагедиясы. Бирок согуш алааматы канчалык оор, канчалык кайгылуу болбосун 72 жылдан бери жергебизде желбиреп турган Жеңиштин Туусу бизди ар убак сыймыкка бөлөп, келечекке […]
АТАЛАР ЭРДИГИ ЭСКИРБЕЙТ
10.05.2017 / Автор orozalieva4,441 Бардыгы /
ОШ. Кыргызстан
дын түштүк башкалаасында Улуу жеңиштин 72 жылдыгы салтанаттуу түрдө кең-кесири белгиленди. Бул сапар оштуктар Жеңиштин күнү абдан кымбатка тургандыгын баса белгилешти.
-Улуу Ата Мекендик согуш – ХХ кылымдын трагедиясы. Бирок
согуш алааматы канчалык оор, канчалык кайгылуу болбосун 72 жылдан бери жергебизде желбиреп турган Жеңиштин Туусу бизди ар убак сыймыкка бөлөп, келечекке үмүттүү кароого шыктандырып тургандыгы талашсыз чындык. Биз бүгүн ушул чындык менен гана жашап, ушул чындык үчүн гана күрөшүп келебиз, – деди Ош шаарынын мэри Айтмамамат Кадырбаев. – Батышта кан күйүп, өмүр менен өлүмдүн күрөшү жүрүп жаткан чакта ооруктун каармандарынын салымы дагы теңдешсиз экендигин тануу жарабас. «Баардыгы фронт үчүн!», «Баардыгы Жеңиш үчүн!» деген ураан менен элибиз күнү-түнү талыкпай эмгектенип, Улуу Жеңишти тездетүүгө өзгөчө салым кошкондугун ким танат. Бүгүн ооруктун 34 каарманы дагы биз менен бирге Жеңиши майрамын чогуу-чараан белгилеп олтурушат.
Кепке кошулган Кыргыз Өкмөтүнүн башчысынын биринчи орун басары Мукамбеткалый Абылгазиев оштук ардагерлерди Президент Алмазбек Атамбаевдин, премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун атынан кызуу куттуктап, тирүү калган согуш ардагерлерине эл көзүнчө таазим этти.
– 1418 күн тынбай салгылашкан Сиздерге өмүр бою ыраазыбыз!
Мээнетиңиздер кайтты. Жергебизге түбөлүк тынчтык орноду. Анын аркасында мамлекетибиз дагы эгемендүүлүккө жетишти. – деди биринчи вице-премьер-министр Мукамбеткалый Абылгазиев. – Бирок, бул Жеңиш оңойлук менен келген жок! Абдан эле кымбатка түштү. Туруктуу тынччылык үчүн 27 миллион адамдын өмүрү кыйылды. Дагы миллондогон мекендештерибиз майыптын кейпин кийишти. Аттиң… Азыр булардын дагы көбү арабызда жок. Булардын катары жыл өткөн сайын улам суюлуп гана баратат. Азыр арабызда Улуу Ата Мекендик согушка катышкандардын 672си гана калышты. Мындан ары эми ушуларды барктап-баалаганга ыктаганыбыз ийги.
– Улуу Ата Мекендик согуштун башынан аягына дейре үзгүлтүксүз катыштым. Адамзат тарыхында мындай узакка созулган кыргын дегеле болгон эмес! -деп көзүн жаштады Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Абдымитал Тураев. – Биз башыбыздан кечирген азап-тозоктуу күндөрдү мындан ары силер жана кийинки муундар таптакыр көрбөгүлө! Бирок, согуш ааламаты адам баласына кыргындан башка жакшылык алып келбестигин билип жүргүлө, айланайындар!
– Жашым жетпегендиктен, мен Улуу Ата Мекендик согушка
катышпай калдым, – деп эскерет дагы бир согуштун катышуучусу Касымбай Жолдошев. – Бирок, СССРдин Жапанияга каршы согушуна аралаштым. Андыктан, баарыңарга өмүр бою тынччылык., бакыбат турмуш гана тилейимн! Кудай жеригибизди бөөдө кырсыктан, анан бейажал кыргындан сактасынчы!
Баса, Улуу Жеңиштин 72 жылдыгынан урматына Ош шаарынын тургундары дагы адаттагыдай “Өпчөс полк” жүрүшүн уюштурушту. Анда Улуу Ата Мекендик согушка катышкан аталарынын, чоң аталарынын жана тууган-уруктарынын сүрөттөрүн көтөрүшкөн мекендештерибиз жергебизги бейпилчилик тилешти.
– Менин чоң атам Жамшит Абылкасымов Улуу Ата Мекендик
согушка 1942-жылы аттанып, бирок, аял аяктаса дагы үч жыл аскерде кызматын улантып жүрүптүр, – деди Ош шаарынын кичинекей тургуну Чыңгыз Асылбеков. – Ошондуктан, биз аны менен өмүр бою сыймыктанабыз. Жыл сайын моминтип 9-майда Ош шаарынын борбордук аянтында “Өчпөс полк” жүрүшүнө чоң атамдын сүрөтүн көтөрүп катышып келатам. Булардын эрдиги унутулууга тийииш эмес! Анткени. бүгүнкү жаркын турмушубузду ушул чоң атамдар камсыз этишпедиби. Кокус немистерге жеңилип калсак, анда Кыргызстан бүгүнкүдөй эгемен мамлекет болушу күмөн эле…
Улуу Ата Мекендик согушка Ош шаарынан 14 621 жердешибиз аттанып, булардын 3 627си согуш талаасында баатырларча курман болушкан. Ал эми Ата Мекенине Жеңиш менен кайтышкан 10 979 эр азаматыбыздын тынч заманда көздөрү өтүп кетти. Бирок, Жеңиштин 72 жылдыгын булар биз менен чогуу белгилей албай калганы, албетте, чоң арман! Ушул тапта Ош шаарында бул апааттын 15 гана баатыры жашап жатышат.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Ош шаары
Автор orozalieva
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg РУСЛАН МАМАТОВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕРЛИКТЕН БАШ ТАРТТЫ
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg ОРУСИЯДАН ОШКО ДЭЭРЛИК 400 ТОННА АЗЫК-ТҮЛҮК ЖЕТКИРИЛДИ
-
26.04.2023 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДЕ ЖАҢЫ МЕКТЕПТИН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ
-
05.05.2023 / Автор anarkan_kg УШУНДАЙ ЖЕТЕКЧИ БАР АРАБЫЗДА…
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.