Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
7,249 Бардыгы / Быйылкы ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында өткөрүлгөн “Кара-Кулжа ажары-2017” райондук кароо-сынагы акыры жыйынтыкталды. Таланттар таймашына өрөөндөгү 49 мекеме-ишкананын өкүлү абдан активдүү катышып, чечүүчү турда жеңишти багындырган тогуз гана кыз-келин соңунда моминтип эл алдында ат салышышты. Бактыгүл Сулайман кызы Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн, Токтогүл Полотбек кызы Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн, Самара Ихвалидин кызы С. Көкөев […]
7,250 Бардыгы / Быйылкы ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында өткөрүлгөн “Кара-Кулжа ажары-2017” райондук кароо-сынагы акыры жыйынтыкталды. Таланттар таймашына өрөөндөгү 49 мекеме-ишкананын өкүлү абдан активдүү катышып, чечүүчү турда жеңишти багындырган тогуз гана кыз-келин соңунда моминтип эл алдында ат салышышты. Бактыгүл Сулайман кызы Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн, Токтогүл Полотбек кызы Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн, Самара Ихвалидин кызы С. Көкөев […]
СУЛУУЛАРГА СУКТАНУУГА АКЫМ БАР!
28.08.2017 / Автор aymak7,251 Бардыгы /
Быйылкы ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында өткөрүлгөн “Кара-Кулжа ажары-2017” райондук кароо-сынагы акыры жыйынтыкталды. Таланттар таймашына өрөөндөгү 49 мекеме-ишкананын өкүлү абдан активдүү катышып, чечүүчү турда жеңишти багындырган тогуз гана кыз-келин соңунда моминтип эл алдында ат салышышты.
Бактыгүл Сулайман кызы Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн, Токтогүл Полотбек кызы Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн, Самара Ихвалидин кызы С. Көкөев атындагы балдар бакчасынын, Бермет Абдыракманова Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн, Телегей Тойчубекова Г. Ибраимова атындагы балдар бакчасынын, Таттыгүл Жуманазар кызы Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун, Жаңыл Жалалдинова А. Каримов атындагы балдар бакчасынын, Максатбү Маматмуса кызы М. Жунусов аймактык ооруканасынын, Айзаада Бактыбек кызы Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн ар-намысын абдан катуу талашып, абийирин өтө бекем коргошту.
- Кароо-сынакка катышкандар саламдашуу, улуттук кийим-кечелерди тартуулоо, аткаруучулук чеберчилиги, хореография, чукул суроолорго жооп кайтаруу, улуттук тамак-аштын түрлөрүн белендөө өңдөнгөн тапшырмаларды эч кыйшаюусуз түрдө аткарышты, – деди “Кара-Кулжа ажары-2017” райондук кароо-сынагынын калыстар тобунун төрагасы, таанымал обончу Акбаралы Тасмаев. – Танып не. Кара-Кулжанын эли чекесинен эле талантуу калк эмеспи. Чынында, бири экинчисинен таптакыр кем калышпайт. Андыктан, аймактагы эң ажарлуу айымдарды аныктоо, албетте, калыстар тобуна дегеле оңойго турган жок! А түгүл жогортон телефон чалуулар дагы болгондугун жашырбастан айтып коюуга дагы тийишмин. Ошентсе деле калыстар тобу кеңешип-таңашып олтуруп, биринчи орунду А. Каримов атындагы балдар бакчасынын тарбиячысы Жаңыл Жалалдиновага, экинчи орунду Г. Ибраимова атындагы балдар бакчасынын тарбиячысы Телегей Тойчубековага, үчүнчү орунду М. Жунусов аймактык ооруканасынын медайымы Максатбү Маматмуса кызына ыйгардык.
Деген менен Кара-Кулжа районунун акиминин орун басары Канболот Тутуев сыйлактарды ээлерине тапшырып жатып, көңүлдөгүсүн ачык эле жар салды.
– Орустун улуу жазуучусу Федор Михайлович Достоевскийдин “Бул дүйнөнү сулуулук гана сактап калат” дегенинде жан бар. Карасаңыздар? Бүгүнкү “Кара-Кулжа ажары-2017” райондук кароо-сынагынын катышуучулары куттуу жергебизди бүгүнүкү ажайып калыбында бекем кармап турушат. Андыктан, эч тартынбастан айтып коюуга митлдетттүмүн, бул сулууларга менин дагы суктанууга акым бар! – деп агынан жарылды Кара-Кулжа районунун акиминин орун басары Канболот Тутуев. – Биз муну менен гана чектелбестен, бул салтыбызды мындан ары дагы жыл сайын улантууну чечтик. Буюрса, жергебизди көрккө дагы, даңкка дагы бөлөгөн перилерибиздин кербени эми эч качан токтобойт!
Кут жылоологон Кара-Кулжа жергесинен кыйла узасак дагы, шаңдуу ыр, жандуу музыка далайга дейре кулагыбызда жаңырып турду…
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Кара-Кулжа району
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg РУСЛАН МАМАТОВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕРЛИКТЕН БАШ ТАРТТЫ
-
26.04.2023 / Автор anarkan_kg ЖО БАЙДЕН ЭКИНЧИ МӨӨНӨТКӨ АТ САЛЫШАТ
-
03.05.2023 / Автор anarkan_kg МЕКТЕПТЕР АРАЛЫК СПАРТАКИАДА ӨТҮҮДӨ
-
23.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭАУнун 30 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН МААРЕКЕЛИК ИШ-ЧАРАЛАР
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.