Аймак

Ардагерлердин мелдеши милициянын 90 жылдыгына арналды

 1,847 Бардыгы /

Ардагерлердин  мелдеши  милициянын 90  жылдыгына  арналды

Кыргыз Республикасынын ИИМнин милициянын 90 жылдык майрамына карата белгиленген иш-мерчемдерине ылайык, Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилиги жана ардагерлер Кеңеши демилге көтөрүшүп, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына», «Эгемендүүлүктүн 23 жылдык» маарекесине жана «Кыргыз милициясынын 90 жылдык» майрамына карата ушул жылдын 22-августунда Жалал-Абад ОИИБнын, ШРИИБнүн ардагерлери «Мекеним менин-Кыргызстан!» долбоорунун алкагында спорттук мелдеш өткөрүштү.

Бул спорттук мелдеш майрамдык маанай менен өтүп, волейбол, шахмат жана аркан тартыш оюндары боюнча 5 команда беттешишти.
Милициянын ардагерлери ар бир оюнда өздөрүнүн чеберчиликтерин, ыкчамдыктарын көрсөтүшүп, дагы да болсо спортту сүйүп машыгышкандары жалпы көрүүчүлөрдүн купулуна толду.
Бул спорттук мелдештин жыйынтыгында командалык утуш боюнча 1-орунду Ноокен РИИБнүн ардагерлери, 2-орунду Сузак РИИБнүн ардагерлери, 3-орунду Жалал-Абад ОИИБнын ардагерлери камсыз кылышып, акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер менен сыйланышты.
Сыйлыкты Жалал-Абад ОИИБнын башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Жоробеков жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары тапшырышып, андан кийин Жалал-Абад ОИИБнын бөлүм башчыларынан түзүлгөн курама команда менен жалпы милициянын ардагерлеринен түзүлгөн курама команда волейбол оюну боюнча жолдоштук беттешүү өткөрүштү.
Оюнду жыйынтыктагандан кийин Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилиги жана бөлүм башчылары жалпы милициянын ардагерлерине түштөнүү сый тамак уюштуруп беришти.
«Мекеним менин – Кыргызстан!» долбоорунун алкагында Жалал-Абад ОИИБгы тарабынан «Кыргыз Милициясынын 90 жылдык» майрамына карата спорттук жана башка иш-чаралар дагы улантылып өткөрүлмөкчү.

Жусуп Камбаралиев,атайын Aymak.kg үчүн Сүрөөтөрү автордуку

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17