Аймак

Түркия Республикасынынын өкмөтүнө караштуу сыртта жашаган түрктөр жана тектеш элдер башкармалыгынын төрагасы ОшМУда болду

 1,730 Бардыгы /

Түркия Республикасынынын өкмөтүнө караштуу сыртта жашаган түрктөр жана тектеш элдер башкармалыгынын төрагасы ОшМУда болду

Aymak.kg – Түркия Республикасынынын өкмөтүнө караштуу сыртта жашаган түрктөр жана тектеш элдер башкармалыгынын төрагасы Кудрет Бүлбүл баштаган топ Ош мамлекеттик университетине келип, ОшМУнун ректору Каныбек Исаковдун кабыл алуусунда болду.
Жолугушуу учурунда эки элдин карым-катнашы, достугу, билим берүү тармагындагы кызматташтыгы тууралуу сөз болду.
Сапардын алкагында делегация ОшМУнун музей менен таанышып, университет тууралуу маалымат алышты. Андан соң төрага баштаган топ 20 жылдан ашуун убакыттан бери жаш муундарга таалим-тарбия берип келе жаткан ОшМУнун Теология факультети жана «Ыйман» лицейинен кабар алып, студенттер менен жолугушуп, билим алып жаткан студенттерге, окуучуларга түзүлгөн шарттар менен таанышып чыкты. Ошондой эле Караханиддер доорунда жашаган белгилүү аалым Имам Сарахсинин күмбөзүнө барып, куран окуп, зыярат кылышты.
Белгилей кетсек, окуу жылдын башында эле Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч ОшМУга келип, билим берүү тармагындагы бир топ биргелешкен кызматташуулар боюнча сөз болгон. Делегация ошондой эле ОшМУнун Теология факультети, “Ыйман” лицейиндеги студенттердин билим алуусуна түзүлгөн шарттар менен таанышып, окутуучулар менен жолугушуп кайткан.
Бүгүнкү күндө ОшМУ Түркиянын Анкара, Кастамону сыяктуу бир топ университеттери менен билим берүү тармагында өз ара байланышып, студенттер, окутуучулар академиялык тажрыйба алмашуу, илимий изилдөө иштерди жүргүзүү боюнча программалар аркылуу кызматташып келет.

Түркия Республикасынынын өкмөтүнө караштуу сыртта жашаган түрктөр жана тектеш элдер башкармалыгынын төрагасы ОшМУда болду
Түркия Республикасынынын өкмөтүнө караштуу сыртта жашаган түрктөр жана тектеш элдер башкармалыгынын төрагасы ОшМУда болду
Түркия Республикасынынын өкмөтүнө караштуу сыртта жашаган түрктөр жана тектеш элдер башкармалыгынын төрагасы ОшМУда болду

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17