Аймак

Жалал-Абадда спорт майрамы болуп өттү (фоторепортаж)

 2,348 Бардыгы /

2013-жылдын 26-октябрында саат 09.00дө Жалал-Абад мэриясы жана Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилигинин уюштуруусу менен Жалал-Абад облустук администрациясынын колдоосунда 1-ноябрь Кыргыз милициясынын уюшкандыгынын 89 жылдык майрамына карата «Мекеним менин – Кыргызстан!» аталыштагы чоң профилактикалык иш-чаралардын алкагында «Спорт-кылмыштуулукка каршы» деген ураан менен Жалал-Абад шаарында шаңдуу чоң спорттук майрам болуп өттү. Анда спорттун 4 түрү боюнча күч сынашты. Алар – 5 км кросс, кичи-футбол, волейбол жана «Алыш» күрөшү Эң кызыгы 5 км кросс болду Мелдештерге Жалал-Абад облусунун аймагындагы шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери өздөрүнүн курама командаларын түзүп келишип, мектептердин, жогорку окуу жайларынын окуучулары, студенттери, бейөкмөт уюмдар, мекеме-ишканалардын, айыл округдардын жетекчилери, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана жалпы коомчулук активдүү катышышты. Майрамдык салтанат Жалал-Абад облустук администрациясынын алдындагы аянтта болуп 1500дөн ашык спорт сүйүүчүлөрү катышышты.
Бул спорттук майрамды Жалал-Абад облустук администрациясынын, шаардык мэриянын жана Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилери куттуктоо сөз сүйлөшүп, спорттогу чоң-чоң ийгиликтерди каалап кетишти. Жалал-Абад ОИИБнын «Динамо» командасынын самбо боюнча спортчулары ыкмаларды көрсөтүп спорт сүйүүчүлөргө тартуулашты.
Андан кийин кросс башталып, 1000ге жакын спорт сүйүүчүлөр 4 жашар өспүрүмдөрдөн 77 жаштагы карыяларга чейин чуркашып, Жалал-Абад облустук администрациясынын алдындагы аянттан старт алып, Жалал-Абад шаарынын символу болгон Курманбек баатырдан эстелиги турган дарбазага чейин чуркашып женүүчулөр курагына жараша аныкталды.
Кичи-футбол боюнча 18 спорттук команда ат салышса, волейбол оюну боюнча 22 команда катышышып, сүрөөндөр менен майрамдык маанайда өтүп, мурунку жылдары жалаң гана милиция кызматкерлери бул оюндарга катышышса, ушул спорттук майрамда милициялардын командалары элдик кошундардан, спортчулардан, коомчулуктун өкүлдөрүнөн түзүлүп жогорку денгээлдеги кызыктуу оюндарды элге тартуулашты. «Алыш» күрөшү боюнча дагы бүт облус боюнча шаарлардан, райондордон балбандар катышышып мыкты даярдыктарын көрсөтүштү.
Ушул күнү өткөрүлгөн чоң спорттук майрамдын максаты жалпы облусубуздун элинин ынтымагын, биримдигин чыңдоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, айрыкча жаштарды спортко тартуу, жаман адаттардан арылтып, сергек жашоого үгүттөө, ден-соолукту чыңдоо жана жаштардын бири-бирине болгон мамилелерин жакындатып достукту бекемдөө, милицияга болгон көз карашын жакындатып жакшыртууга багытталган.
Жалал-Абад ОИИБгы тарабынан «Мекеним менин – Кыргызстан!» аттуу профилактикалык иш-чаралар дагы өткөрүлүп улантылып тураарын Жалал-Абад ОИИБнын башчысы Ж.Жоробеков маалымдады.

“Aymak.kg”

Фотолор О.Карасартовдуку

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17