Аймак

Жалал-Абадда «Атам-апам жана мен» аттуу спорттук маданий жана тарбиялык иш-чара өткөрүлдү

 13,289 Бардыгы /

Жалал-Абадда «Атам-апам жана мен» аттуу спорттук маданий жана тарбиялык иш-чара   өткөрүлдү

Жалал-Абад ОИИБнын басма-сөз кызматынын маалыматына ылайык Жалал-Абад областынын аймагында сабактан сыркары жана каникул учурунда көзөмөлсүз калган жаш өспүрүмдөр арасында алдын алуу иш-чараларынын өткөрүлүп жатканына карабастан түнкүсүн копьютер, интернет клубдарда жүргөн өспүрүмдөр коомчулукту тынчсыздандырып, укукка каршы аракеттерди жасаган жана укук бузуп, кылмыш жасаган жаш өспүрүмдөрдүн саны азайбай келет. Жалал-Абад областынын аймагындагы дээрлик бардык шаар-райондордун орто мектептеринин, лицей жана коледждеринин окуучуларынын кышкы каникулун пайдалуу жана жогору деңгээлде өткөрүү үчүн Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилигинин демилгеси менен «Мекеним менин- Кыргызстан!» долбоорунун алкагында «Биз спорттук үй-бүлө», «Атам-апам жана мен» аттуу спорттук маданий жана тарбиялык иш-чаралар өткөрүлүүдө. .
Бул иш-чаранын негизги максаты кылмыштуулуктун алдын алуу, укук тартибин сактоодо, жаш өспүрүмдөрдү тарбиялоодо ата-энелердин ролун көтөрүү, жаш өспүрүмдөр инспекциясынын милиция кызматкерлери менен мектептердеги педогогикалык жамааттардын, ата-энелердин, жаш өспүрүмдөрдүн өз ара тыгыз байланыштарын чыңдоо, жакшыртуу, жаштарды мекенчилдикке жана патриоттуулукка тарбиялоо болуп эсептелет.
2015-жылдын 15-январь күнү саат 12:00дө Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилиги тарабынан «Мекеним менин-Кыргызстан!» долбоорунун алкагында « Биз спорттук үй-бүлө», «Атам-апам жана мен» аттуу спорттук маданий жана тарбиялык үй-бүлөлүк таймаш сынагынын жыйынтыктоочу туруна Жалал-Абад облусунун бардык район, шаарларынын мектептеринен жалпы 10 команда, Жалал-Абад шаарынан №6 орто мектептен «Ынтымак» командасы, Сузак районунан № 14 Абдраимов о.м. «Кыргызстан» командасы, Базар-Коргон районунан №23 Бабур о.м. «Достук» командасы, Ноокен районунан №33 Алиев о.м. «Ынтымак» командасы, Майлуу-Суу шаарынан «Майлуу-Суу юнайтид» командасы, Таш-Комур шаарынан №10 о.м. «Ынтымак» командасы, Кара-Көл шаарынан №6 Темиров о.м. «Ден-соолук» командасы, Токтогул раойнунан №7 «Тулпар» командасы, Аксы районунан №35 Уметалиев о.м. «Ынтымак командасы», Ала-Бука районунан №15 Турсунбеков о.м. «Шумкар» командасы катышкан мелдеш Жалал-Абад шаарынын «Элдер достугу» спорт сарайында болуп өттү.
Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын ички иштер министиринин орун басары милициянын генерал-майору К.С.Асанов, Жалал-Абад ОИИБнын, ШРИИБнүн жетекчилери, райондук айыл округдарынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылары, коомдук уюмдардын, массалык-маалымат каражаттардын өкүлдөрү жана ата-энелер, педогогдор, окуучулар катышышты.
Үй-бүлөлүк спорттук таймашта спорттун 6 түрү ойнотулуп, жыйынтыгында Аксы районунун «Ынтымак» командасы 1-оунга жетишишип 1-даражадагы диплом жана компьютер, Базар-Коргон районунун «Достук» командасы 2-орунга жетишишип 2-даражадагы диплом менен микротолкун жылыткыч, Сузак районунан «Кыргызстан» командасы 3-орунга 3-даражадагы диплом менен чаңсоргучка ээ болду.

Женген жана калган командаларга грамота жана баалуу белектерди, допломдорду КРнын ИИМнин орун басары милициянын генерал-майору К.С.Асанов тапшырды.
Бул үй-бүлөлүк спорттук мелдеште уткан жана катышкан командаларга ОИИБы тарабынан кызыктыруучу сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылды.

Самат Токтоев,”Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17