Аймак

Айыл аймактары ар бир сомду кайда жумшаарын ачык талкуулап жатышат

 2,819 Бардыгы /

Айыл аймактары ар бир сомду кайда жумшаарын ачык талкуулап жатышат

Азыркыга чейин жергиликтүү салык төлөбөгөн тургундар бар
Сузак районуна караштуу Багыш айыл аймагында бюджеттик угуу болуп өттү. Анда айыл аймагынын башчысы Рахман Шергазиев өткөн жылдын башындагы жыйында аныкталган социалдык жана экономикалык пландаштыруу жана башкаруунун аткарылышы жөнүндө маалымат берди. Ошондой эле 2015-жылда артыкчылык берчү көйгөйлөр, аларды аныктоо маселеси талкууланды. Айыл аймагынын уставы талкууланып, кабыл алынды. Жыйынга айылдык кеңештин төрагасы Жоро Саипов, аялдар кеңешинин төрайымы Анаркүл Машаева, айыл башчылар жана айылдын тургундары катышты.
Р.Шергазиев айыл аймагындагы бюджеттин аткарылышы эч кандай күмөн жаратпай, ачык-айкын болушу керек экендигин белгилеп, жыл ичиндеги иштерди ортого салды.
Багыш аймагынын 20 миң 326 га жери бар. Алардын ичинен айыл чарба багытындагы жерлер 5 миң 8 гектар. Жалпы калктын саны 20 миң 298 адам. Айыл өкмөтүнүн аппаратында 32 кызматкер иштейт. 21 айылдык кеңештин депутаты бар.
1703 адам пенсия, 421 адам жөлөк пул алат. Айыл аймагынын башчысынын айтымында өткөн жылы Багыш жана аларга чектеш беш айыл аймагынын элинин муктаждыгы менен 75 орундуу заманбап эки кабаттуу Октябрь ооруканасы ишке киргизилди. Оорукана жаңы эмеректер жана медициналык аппараттар, ошондой эле жаш кадрлар иш менен камсыз болушкан. Жергиликтүү бюджеттен каржыланып Октябрь айылындагы Мичурин атындагы көчөгө 35 даана түнкү жарык чырактар орнотулду. Багыш айыл өкмөтүнө караштуу Р.Исманалиев атындагы орто мектепке 20 жыл мурда бүткөн бүтүрүүчүлөр105 миң сом, айыл өкмөтү 30 миң сом каржыланып ишке киргизилди. Түнкү жарыктандыруунун негизинде кылмыштуулук азайып, элдин коопсуздугуна шарттар түзүлгөн.
Мичурин орто мектебинде 1-4 класска чейинки 680 окуучулар үчүн түшкү тамактануусуна ысык тамак берүү үчүн ООН тарабынан 762 миң сом, айыл өкмөтү 91 миң сом каржылап, тиешелүү эмеректер менен камсыз болушкан. Социалдык багыттагы ар кандай иш чараларга, көмүр, отун менен камсыз кылууга жергиликтүү бюджеттен 77 миң сом каржыланган. Айыл өкмөтү 150 миң сом, жамаат 300 миң сом жумшап, Т.Тайгараевдин үй-музейи калыбына келтирилип, жаш өспүрүмдөрдү тарбиялоого мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Октябрь айында айыл өкмөттүн жана ата-энелердин колдоосу менен 50 орундуу бала бакча ачылган. Эмеректер айыл өкмөтү тарабынан алып берилген.
-Ошондой эле Кызыл-Туу айылына бала бакча куруу үчүн жер тилкеси ажыратылып, долбоору даяр болду, ушул жылы куруу пландаштырылып жатат деди,- Р.Шергазиев.
Мындан сырткары Өнүктүрүү саясат институту тарабынан бир топ техникалык жабдуу, 13 отургуч жана 10 миң сом айыл өкмөтүнүн аппаратына алынган.
-Биз Өнүктүрүү саясат институту аркылуу Швейцария менен кызматташып келе жатабыз. Ал эми ошол эле Өнүктүрүү саясат институту тарабынан “Таштандылардан арылуу, тазалыктын булагы долбоору тарабынан 1 млн. сомдук сертификат утуп алып, ага айыл өкмөтүнө 187 миң сом кошуп МТЗ-82,1 тракторуна ээ болуп, таштандыларды ташып чыгара баштадык,- деди айыл аймагынын башчысы.
Суроо-жооп болуп, ар бир айылдын кызыкчылыктары ортого салынды. Ага айыл башчысы тиешелүү жоопторду берди.
Жыйында Швейцария мамлекети тарабынан пилоттук айыл аймактарына бериле турган 450 миң сомго үч көйгөй аныкталды. Алар тракторго кошумча жабдык, таза суу жана мектепке эмеректин зарылдыгы айтылып, көптөгөн талаш тартыштардын негизинде мектепке эмерек алуу зарылдыгына токтолушту.
Р. Шергазиев жергиликтүү бюджетти көтөрүүдө жергиликтүү тургундар тиешелүү салыкты убагында төлөбөй жаткандыгын айтып, сынга алды. 2015-жылга аткарууга 7 көйгөй аныкталып, аткаруу аракети көрүлө турган болду.

Орозалы Карасартов,”Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17