Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
6,725 Бардыгы / Кыргыз калпагы-суукта ызгардан, ысыкта күндөн сактаган жайлуу баш кийим. Калпакка түшүрүлгөн ар бир оюмдун өзүнчө маанилери бар, ошол оймо-чиймелердин түшүрүлгөнүнө карата эркектердин жашкурагын билүүгө да болот. Калпак кышкысын-жылытат, жайкысын-сергитет. 2011-жылы белгилүү режиссер Рысбек Жабиров ак калпак күнүн белгилейли деген демилге көтөрүп чыккан. Жети жылдан бери жыл жаңырып жазайынын башталышында ак калпак майрамы өлкөнүн […]
6,726 Бардыгы / Кыргыз калпагы-суукта ызгардан, ысыкта күндөн сактаган жайлуу баш кийим. Калпакка түшүрүлгөн ар бир оюмдун өзүнчө маанилери бар, ошол оймо-чиймелердин түшүрүлгөнүнө карата эркектердин жашкурагын билүүгө да болот. Калпак кышкысын-жылытат, жайкысын-сергитет. 2011-жылы белгилүү режиссер Рысбек Жабиров ак калпак күнүн белгилейли деген демилге көтөрүп чыккан. Жети жылдан бери жыл жаңырып жазайынын башталышында ак калпак майрамы өлкөнүн […]
«АК КАЛПАГЫҢ КУТТУУ БОЛСУН, АЙЛАНАЙЫН!»
02.03.2018 / Автор aymak6,727 Бардыгы /
Кыргыз калпагы-суукта ызгардан, ысыкта күндөн сактаган жайлуу баш кийим. Калпакка түшүрүлгөн ар бир оюмдун өзүнчө маанилери бар, ошол оймо-чиймелердин түшүрүлгөнүнө карата эркектердин жашкурагын билүүгө да болот. Калпак кышкысын-жылытат, жайкысын-сергитет. 2011-жылы белгилүү режиссер Рысбек Жабиров ак калпак күнүн белгилейли деген демилге көтөрүп чыккан. Жети жылдан бери жыл жаңырып жазайынын башталышында ак калпак майрамы өлкөнүн бардык аймактарында кызуу белгиленет. Бул майрам Аксы жергесинде да унутта калбай, тескерисинче жыл өткөн сайын күчүнө кирип, мыкты деңгээлде белгиленип келе жатат. Жалал-Абад областык телерадиокомпаниясынын Аксыдагы бөлүмү тарабынан демилгеленип, төрт жылдан бери район боюнча ар бир айыл өкмөттөрдө «Ак калпагың кут болсун, айланайын!» деген аталышындагы акциясын өткөрүп келет. Эң алгач Көш-Дөбө айыл аймагында, андан Кербен шаарында, былтыркы жылы Авлетим айыл өкмөтүндө чоң иш-чаралар өткөрөлөп келген.
Бул акция быйылкы жылы Жерге-Тал айыл аймагына караштуу Рыскул Абдылдаев атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунда өткөрүлдү. Аталган балдар бакчасында 120 бала тарбияланып, 21 жумушчу эмгектенип келүүдө.
Ак калпак майрамына карата уюштурулган атайын бөбөктөрдүн чакан концертине күбө болдук.
Мотурайган бөбөктөр калпак жөнүндө көркөм ырларды окушту, андан сырткары «Манас» айтышып, аземди көркүнө чыгарды.
Жерге-Тал айыл аймагынын жетекчилиги атайын ушул майрамга арнап ар бир баланын башына, калпагың башыңдан түшпөсүн деген ниетте ак калпак кийгизди. Айыл аксакалы Жолон Жээнтаев жалпы журтка ак батасын сунуп, уюштуруучу топко ошондой эле бала бакчанын жамаатына ыраазычылыгын айтып алкады
-Тарбия башаты бакчадан башталат эмеспи, уядан эмнени көрсө учканда ошону алат. Жаш бөбөктөргө кичинекейлигинен баштап кыргыздын каада-салттарын, үрп-адаттарын үйрөтсөк, улуттук кийимдерин кийгизсек ошол баланын кан-жанында кыргызмын деген бир сезим ойгонот деген үмүттөбүз. Азыркы күндө Жерге-Тал айыл аймагы боюнча эки бала бакча иштеп, жалпы 184 бала тарбияланып жатат. Албетте бул көрсөткүч аз. Буюрса быйылкы жылкы планга дагы эки бала бакчанын куру иштерин коюп жатабыз,-дейт Жерге-Тал айыл аймагынын башчысы Таалай Айтыкулов
Жаз айынын башталышы менен жакшылыктын жыты жыттанат деген бекеринен эмес го дейм. Ала-Тоонун ак мөңгүлүү карындай балпайган байбичелерибиздин накыл сөздөрү, алардын кеңпейилдиги кыргызды кыргыз кылып сактап тургандай. Нускалуу байбичелердин небересин эркелетип, ата-бабадан калган нарктуу сөздөрдү айтып берип отурганы эртеңки күнүбүздүн келечектүү экенинен кабар берип турат эмеспи.
Акциянын кийинки кезеги Кашка-Суу айыл аймагына өткөрүлүп берилди. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Абдуталип Субанов: «Бул акцияны кийинки жылы мындан да жакшы деңгээлде өткөрөбүз» деп убада берди.
Келген коноктор өздөрүнүн ак баталарын ыроолошуп жалпы жамаатка ыраазычылыктарын айтышып, мындай иштерди, жыйындарды дагы да көп-көп өткөрүп турууну айтышып Жалал-Абад мамлекеттик телерадиокомпаниясынын жетекчилигине мындай демилгеси үчүн ыраазылык билдиришти. Акырында биз дагы ак калпагын кут болсун, айланайын бөбөктай демекчибиз. Ак калпак күнүнүздөр менен баарыңыздарды куттуктайбыз.
Нуржамал Айтмырзаева, Аксы району.
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg УКМК РАЙЫМБЕК МАТРАИМОВ МЕНЕН КОШО ҮЧ БИР ТУУГАНЫ КАРМАЛГАНЫН БИЛДИРДИ
-
02.04.2024 / Автор anarkan_kg СОТ АТКАРУУЧУГА БИЙЛИКТЕН АША ЧАБУУ МЕНЕН КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ
-
08.04.2024 / Автор anarkan_kg ТҮРКИЯ ТАЖИКСТАНДЫКТАР ҮЧҮН ВИЗА РЕЖИМИН КИРГИЗДИ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.