Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДА «НООРУЗ-2018»

ЖАЛАЛ-АБАДДА «НООРУЗ-2018»

 11,790 Бардыгы /

Бүгүн 21-март күнү Жалал-Абад шаарынынын Эркиндик аянтында Нооруз майрамы салтанаттуу түрдө белгиленди.

Майрамдык салтанаттын официалдуу бөлүгүндө  өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, шаардын мэри Салайдин Авазов, шаардык кеңештин төрагасы Мураталы Тагаевдерге сөз берилип, шаар тургундарын жана конокторун бүгүнкү Нооруз майрамы менен куттуктап өтүштү.

Нооруз майрамы кубанычтын, жаңы үмүт жана тилектин күнү катары майрамдык шаң менен жыл сайын белгиленип келет.

Нооруз майрамы-жер бетине жылуулук, жаратылышка сулуулук берип, адамдардын жүрөгүнө мээрим менен бирге ишеничтин үрөөнүн сепкен майрам болуп саналат.

“Алгач жалпы эле кыргыз элинин бүгүнкү Нооруз майрамы менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Жаратканыбыз баарыбызга ден соолук, тынчтык, оомат берсин! Элибизде дайыма ушундай майрамдарды ынтымакта, ыр-күлкү менен тосуп жүрө берели. Менин бүгүнкү майрамдык маанайым абдан жакшы. Бактыбызга жараша аба ырайы да сонун, жаркырап күн тийип турат. Мен ойлойм жалпы эле кыргыз элинин маанайы ушул күндөй болуп жаркырап турат деп”-дейт шаар тургуну Мамира Жоробаева.

Иш чаранын андан аркы бөлүгү оюн-зооктор, спорттук оюндар, филармониянын таланттарынын коштоосундагы чоң программадагы концерт менен коштолду.

Бүбүсара Орозалиева, «Аймак»

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17