Аймак

ОШТУН “АЛАЙ” КОМАНДАСЫ ФУТБОЛ БОЮНЧА СУПЕРКУБОКТУ 2-ИРЕТ ЖЕҢИП АЛДЫ

ОШТУН “АЛАЙ” КОМАНДАСЫ ФУТБОЛ БОЮНЧА СУПЕРКУБОКТУ 2-ИРЕТ ЖЕҢИП АЛДЫ

 16,791 Бардыгы /

Оштун “Алай” клубу футбол боюнча Суперкубоктун жеңүүчүсү болду. Жалал-Абаддагы “Курманбек” стадионунда орун алган беттеште Оштун “Алай” командасы Бишкектин “Дордой” командасы менен кез келди.

Кызуу беттештин жыйынтыгында, “Алай” футболдук клубу пенальтилер сериясында “Дордойдун” үстүнөн жеңишке жетти.

Эсеп саны 20-мүнөттө ачылды, “Дордойдун” оюнчусу Ислам Шамшиев таамай сокку менен эсеп санын 1:0 кылды. Арадан 7 мүнөт өтүп, эсеп саны 1:1ге айланды. “Алайдын” оючусу Амируддин Шарифинин соккусунан улам Александр Мищенко ката кетирип, өз дарбазасына гол киргизди. 68-мүнөттө “Алай” эсепти 1:2 кылып, алдыга чыкты. “Алай” командасы контр-чабуулга чыгып Жоел Кожонун голу менен жыйынтыктады. Беттештин аягына 5 мүнөт калганда Кайрат Жыргалбек уулунун чыгарып берүүсүн Авазбек Откеев кабыл алып, таамай сокку менен эсепти 2:2 кылганга жетишти. Командалар кошумча 15 мүнөттөн 2 тайм ойноп, бирок гол киргизгенге үлгүрүшкөн жок.

Муну менен кызуу беттештин жыйынтыгы пенальтилер сериясы менен жыйынтыкталды. Анда “Алай” командасынын оюнчулары таамай болуп, 4:2 эсеби менен Суперкубоктун жеңүүчүсү болду.

Эске салсак, “Алай” футболдук клубу 2017-жылы дагы Суперкубоктун жеңүүчүсү болгон.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17