Аймак

Жалал-Абадда областтык бийликти басып алды деп айыпталып соттолгондорду жактоочулар нааразылык билдирип пикетке чыгышты (фото)

 1,625 Бардыгы /

Жалал-Абадда     областтык   бийликти басып алды деп айыпталып соттолгондорду  жактоочулар  нааразылык билдирип  пикетке чыгышты (фото) КР Өкмөтүнун Жалал-Абад областы боюнча өкүлчүлүгүнүн аппаратына басып алып “элдик губернатор” болгон деген айып менен Медер Үсөнов, Шайырбек Ташиев, Жеңиш Токторбаев, Абсатар Сыргабаевге Жалал-Абад шаардык соту тарабынан берилген жазаларга макул эместигин билдирип айыптоочулар тарабынан каршы сунуш келтирилип, бүгүн Жалал-Абад областтык соту карамак болгон. Сот болоордун алдында айыпталып жаткандардын санаалаштары, “Ата Журнт” партиясынын мүчөлөрү бул саясый буюртма жана атайылап жасап жатат деген талаптар менен нааразылык билдирип митингге чыгышыты. Бирок сот башталып, өз ара кеңешип даттанган тарап КР Өкмөтүнун Жалал-Абад областы боюнча өкүлчүлүгүнүн аппаратынын өкүлү келбей калгандыгына байланыштуу 6 –декабарга жылдырылды. Бирок нааразылыкка чыккан тарап ага макул болбой Соттун имаратынан алдынан КР Өкмөтүн Жалал-Абад областы боюнча өкүлчүлүгүнүн аппаратынын имаратынын алдына кирип барышып өкүл Ж.Төрөмаматов менен Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын башчысы Ж.Жоробеков менен чогуу кайрадан соттун имаратын көздөй бара жатышат
Ал эми айыпталып жаткан Медер Үсөнов нааразылыкка чыккандарды “Ата Журт” партиясынын жактоочулары экенин айтып, “Мен Ата Журт” партиясынын мүчөсү эмес экендигин айтып тиешеси жок экендигин билдирди.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 30-31-май күндөрү Жалал-Абад шаардык прократурасы тарабынан М.Усеновго, Ж.Токторбаевге, А. Сыргабаевге жана Ш. Ташиевге облустук бийлик имаратын басып алды деп кылмыш ишин козгогон. 6-ноябрда Жалал-Абад шаардык соту М.Үсөнов менен Ж.Токторбаевге 6 жылдан, А.Сыргабаев менен Ш.Ташиевге 4 жылдан шарттуу түрдө кесүү тууралуу өкүмүн чыгарган. Өкүмгө канааттанбаган прокуратура өкүлдөрү облустук сотко Медер Үсөнов менен Жеңиш Токторбаевге 12,5 жыл, ал эми Абсатар Сыргабаев менен Шайырбек Ташиевге 9 жылдан эркинен ажыратууну суранууда.

Самат Токтоев, “Аймак”

Жалал-Абадда     областтык   бийликти басып алды деп айыпталып соттолгондорду  жактоочулар  нааразылык билдирип  пикетке чыгышты (фото)Жалал-Абадда     областтык   бийликти басып алды деп айыпталып соттолгондорду  жактоочулар  нааразылык билдирип  пикетке чыгышты (фото)Жалал-Абадда     областтык   бийликти басып алды деп айыпталып соттолгондорду  жактоочулар  нааразылык билдирип  пикетке чыгышты (фото)Жалал-Абадда     областтык   бийликти басып алды деп айыпталып соттолгондорду  жактоочулар  нааразылык билдирип  пикетке чыгышты (фото)Жалал-Абадда     областтык   бийликти басып алды деп айыпталып соттолгондорду  жактоочулар  нааразылык билдирип  пикетке чыгышты (фото)Жалал-Абадда     областтык   бийликти басып алды деп айыпталып соттолгондорду  жактоочулар  нааразылык билдирип  пикетке чыгышты (фото)

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17