Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДА ФОТО КӨРГӨЗМӨ АЧЫЛДЫ

ЖАЛАЛ-АБАДДА ФОТО КӨРГӨЗМӨ АЧЫЛДЫ

 3,767 Бардыгы /

Жалал-Абад шаарындагы автовогзалдын чон залында «Жалал-Абад Айылдык Кеңеш Кызматы» Коомдук Фонду жана кызматташтары «Хелп Эйдж Интернешнл Кыргызстан», «Бабушка Эдопшни Ресурстук борбору» менен биргеликте уюштурган «Позитивдүү карылык» фото көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөгө профессионал фотографтардын 20дан ашуун сүрөтү коюлду. Сүрөттөрдөгү каармандар Кыргызстандык карыялар. Алардын үлгүлүү жана позитивдүү жашоо образын чагылдырган бул сүрөттөрдү көрүүгө алыскы жакынкы айылдардан келген карыялар жана шаар тургундары, окуучулар, студенттер болду. Долбоордун Жалал-Абад облусу боюнча координатору Алмазбек Эшенкуловдун айтымында бул сүрөттөр бир жума бою ушул эле залда турат жана каалоочулар келип көрүшсө болот. «Биздин «Жалал-Абад облусундагы улгайган адамдардын жашоо деңгээлин жакшыртуу» долбоорунун алкагында облусубуздун 4 районунда түрдүү багыттарда топ түзүлүп, ага улгайган адамдар кирген. Карыяларыбыздын коомдо, үй-бүлөдө орду чоң. Алар неберелерин тарбиялап, уул-кыздарына насаат айткандан сырткары үй-бүлө казынасына кошумча киреше алып келишүүдө»,- деди Эшенкулов. Хелп Эйдж Интершенл Кыргызстан уюмунун адиси Салтанат Сапарбекова буларга топтолду: «Бул иш чара элдин маанайын көтөрүп, калыптанып калган терс стериотиптерге каршы пикир жаратат деп ишенебиз. Анткени биздин каармандар арасында 71 жашында англис тилин үйрөнүү баштаган, 80 жаштагы апанын йога менен машыгып жүргөнү жана Эл аралык марафондорго барып, катышып жүргөн жеңил атлеттер карыяларыбыз бар».

ЖАЛАЛ-АБАДДА ФОТО КӨРГӨЗМӨ АЧЫЛДЫ

 

ЖАЛАЛ-АБАДДА ФОТО КӨРГӨЗМӨ АЧЫЛДЫ

 

ЖАЛАЛ-АБАДДА ФОТО КӨРГӨЗМӨ АЧЫЛДЫ

 

ЖАЛАЛ-АБАДДА ФОТО КӨРГӨЗМӨ АЧЫЛДЫ

 

ЖАЛАЛ-АБАДДА ФОТО КӨРГӨЗМӨ АЧЫЛДЫ

 

ЖАЛАЛ-АБАДДА ФОТО КӨРГӨЗМӨ АЧЫЛДЫ

 

ЖАЛАЛ-АБАДДА ФОТО КӨРГӨЗМӨ АЧЫЛДЫ

 

ЖАЛАЛ-АБАДДА ФОТО КӨРГӨЗМӨ АЧЫЛДЫ

 

ЖАЛАЛ-АБАДДА ФОТО КӨРГӨЗМӨ АЧЫЛДЫ

 

ЖАЛАЛ-АБАДДА ФОТО КӨРГӨЗМӨ АЧЫЛДЫ

 

ЖАЛАЛ-АБАДДА ФОТО КӨРГӨЗМӨ АЧЫЛДЫ

 

ЖАЛАЛ-АБАДДА ФОТО КӨРГӨЗМӨ АЧЫЛДЫ

 

ЖАЛАЛ-АБАДДА ФОТО КӨРГӨЗМӨ АЧЫЛДЫ

 

ЖАЛАЛ-АБАДДА ФОТО КӨРГӨЗМӨ АЧЫЛДЫ

 

ЖАЛАЛ-АБАДДА ФОТО КӨРГӨЗМӨ АЧЫЛДЫ

 

ЖАЛАЛ-АБАДДА ФОТО КӨРГӨЗМӨ АЧЫЛДЫ

 

ЖАЛАЛ-АБАДДА ФОТО КӨРГӨЗМӨ АЧЫЛДЫ

 

ЖАЛАЛ-АБАДДА ФОТО КӨРГӨЗМӨ АЧЫЛДЫ

 

ЖАЛАЛ-АБАДДА ФОТО КӨРГӨЗМӨ АЧЫЛДЫ

 

ЖАЛАЛ-АБАДДА ФОТО КӨРГӨЗМӨ АЧЫЛДЫ

 

ЖАЛАЛ-АБАДДА ФОТО КӨРГӨЗМӨ АЧЫЛДЫ

 

ЖАЛАЛ-АБАДДА ФОТО КӨРГӨЗМӨ АЧЫЛДЫ

 

ЖАЛАЛ-АБАДДА ФОТО КӨРГӨЗМӨ АЧЫЛДЫ

 

ЖАЛАЛ-АБАДДА ФОТО КӨРГӨЗМӨ АЧЫЛДЫ

 

ЖАЛАЛ-АБАДДА ФОТО КӨРГӨЗМӨ АЧЫЛДЫ

 

ЖАЛАЛ-АБАДДА ФОТО КӨРГӨЗМӨ АЧЫЛДЫ

 

ЖАЛАЛ-АБАДДА ФОТО КӨРГӨЗМӨ АЧЫЛДЫ

 

ЖАЛАЛ-АБАДДА ФОТО КӨРГӨЗМӨ АЧЫЛДЫ

 

ЖАЛАЛ-АБАДДА ФОТО КӨРГӨЗМӨ АЧЫЛДЫ

 

ЖАЛАЛ-АБАДДА ФОТО КӨРГӨЗМӨ АЧЫЛДЫ

 

ЖАЛАЛ-АБАДДА ФОТО КӨРГӨЗМӨ АЧЫЛДЫ

 

ЖАЛАЛ-АБАДДА ФОТО КӨРГӨЗМӨ АЧЫЛДЫ

Гулмайрам САБИРБЕКОВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17