Аймак

Мыктыгерлер кылмыштуулукка каршы.

 3,727 Бардыгы /

Мыктыгерлер кылмыштуулукка каршы.
Жалал-Абад облусунун “Курманбек” фольклордук талаасында “Мекеним менин Кыргызстан” долбоорунун негизинде “Мыктыгерлер кылмыштуулукка каршы” деген аталыштагы спорттук мелдеш укук коргоо жана күч органдарынын демилгеси астында жогорку класстын окуучулары арасында алгачкы аскердик жана спорттук даярдыктарын чыңдоо багытында профилактикалык иш-чара болуп өттү. Аталган мелдешке облустун дээрлик баардык райондорунан мектеп окуучулары команда түзүп, ар бир жамааттан 20дан спортсмен катышышты.
Булар мелдешкен сынакта алгач старттан барып гранат ыргытышты кийин мина талаасынан өтүп, түтүн талаасынан өтүп барып окоп казышты, суу кечмеликке барып ал жердеги жарадарларга жардам берип суудан алып өтүп, андан соң ок атуучу жайга барып, мишенге ок атышты, жардан аркан менен чыгышкандан кийин автомат чачып жыйноо болду. Мындан өткөн ар бир команда ыкчам аракет менен чатыр тигип кайра бузушкандан соң сеткадан жөрмөлөп өтүшүп финишке көздөй жол тартышты жана ар бир команда өздөрүнүн көтөргөн тууларын сайышты.
ОИИБнин жетекчиси Жеңиш Жоробековдун айтымында, иш-чара «Мекеним менин Кыргызстан» долбоорунун алкагында өтүүдө.
«Демилгени КР өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн уюштуруусу, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн көмөгү менен ишке ашып жатат. Жалпысынан район-шаарлардан 11 команда катышып жатат», – дейт Жеңиш Жоробеков.

Санрабия Сатыбалдиева, “Аймак”
Мыктыгерлер кылмыштуулукка каршы.
Мыктыгерлер кылмыштуулукка каршы.
Мыктыгерлер кылмыштуулукка каршы.
Мыктыгерлер кылмыштуулукка каршы.
Мыктыгерлер кылмыштуулукка каршы.
Мыктыгерлер кылмыштуулукка каршы.
Мыктыгерлер кылмыштуулукка каршы.
Мыктыгерлер кылмыштуулукка каршы.
Мыктыгерлер кылмыштуулукка каршы.
Мыктыгерлер кылмыштуулукка каршы.
Мыктыгерлер кылмыштуулукка каршы.
Мыктыгерлер кылмыштуулукка каршы.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17