Аймак

Козубай АБДЫКАЛЫКОВ, ЖОБОнун хирургия бөлүмүнүн башчысы, м. и.к.: “ЧЕТ ӨЛКӨГӨ КӨП ЧАКЫРЫШАТ, ЭЛИМДИ ТАШТАП КАЙДА КЕТМЕК ЭЛЕМ”

Козубай АБДЫКАЛЫКОВ, ЖОБОнун хирургия бөлүмүнүн башчысы, м. и.к.:  “ЧЕТ ӨЛКӨГӨ КӨП ЧАКЫРЫШАТ, ЭЛИМДИ ТАШТАП КАЙДА КЕТМЕК ЭЛЕМ”

 5,651 Бардыгы /

Сегиз сааттык иш убактыбызда кабинетте олтуруп иштеп “чарчадым” деп жүргөн экенбиз деп ойлоп калдым. Анткени бүгүнкү каарманыбыз сегиз сааттап тик туруп операция жасап жүргөн эл сыймыгы, эл сыйлаган, калкы кадырлаган атактуу хирург. Бул инсанга карата “колу жеңил”, “баардык бейтабына бирдей мамиле жасаган, мансапка, байлыкка карап ымала күтпөгөн, жөнөкөй”, “өз ишинин профессионалы, мыктынын мыктысы” деген сындар айтылып жүрөт. Жарытылуу эргүүгө чыгып эс албаган, жада калса жекшемби күнү да ооруканасына келип кеткен, жумушуна жипсиз байланган жетекчи, гезитибиздин 2012-жылдагы тандоосу боюнча “Жылдын мыктысы” аталган шыпаагер Козубай АБДЫКАЛЫКОВ 35 жылдан бери элибизге өмүр, ден соолук тартуулап келет. Айылдаштары аны жаш кезинде “шыңга бойлуу, ошондо эле бир нерсе чыгаары байкалып турган бала эле. Колуна дипломатын көтөрүп алып, элден обочороок болуп өзгөчөлөнүп турчу” деп айтышат. Анын өз оозунан уккан таржымалын баян этмекчибиз.

Козубай АБДЫКАЛЫКОВ, ЖОБОнун хирургия бөлүмүнүн башчысы, м. и.к.: “ЧЕТ ӨЛКӨГӨ КӨП ЧАКЫРЫШАТ, ЭЛИМДИ ТАШТАП КАЙДА КЕТМЕК ЭЛЕМ”

 

 

 

 

 

 

 

ҮЧ МЕКТЕПТЕ ОКУДУМ
1959-жылы 15-январда Базар-Коргон районуна караштуу Киров токой чарбасынын Дашман деген айылында туулгам. Атам токой чарбасынын атбагары болчу. Апам үй кожойкеси эле. Үй-бүлөдө тогуз бир туугандын бешинчисимин. Төрт уул, беш кыз болуп топураган чоң үй -бүлөдө өстүм. Балалыгым табият койнунда, теребел жашыл бак, бийик тоо курчаган көрктүү жерде эркин өттү. 4-класска чейин айылыбыздагы башталгыч мектепте окудум. Анан улуу агам Бишкектеги политехникалык институтту аяктап, Көк-Жаңгакка келип иштеп калды. Ал мени Көк-Жаңгакка алып барып мектепке киргизди. Айылда орусча билчү эмесмин да, кыйналып кысталып акыры тилди өздөштүрүп жакшы окуп кеттим. Кийин Кочкор-Атага интернатка которулдум. Анда орусчаны жакшы эле өздөштүрүп калдым. 9-10-классты кайра Көк-Жаңгактан аяктадым. Ошентип бала кезден ар мектепте окуп, башта жаңы классташтарга аралашуу кыйын болсо, кийинчерээк бала экенбиз да бат эле тил табышып жүрдүм.
Мектепте биология, физика сабактарын өзгөчө жакшы көрчүмүн. Олимпиадага физикадан облустук деңгээлге жетчүмүн. Химия, математика сабактарынан да олимпиадага катышып жүргөм. Бирок 4-классымда эле врач болушумду билет элем. Дашманда жүргөндө эле дарыгер болсом деген ынтаам күч эле. Ошон үчүн жакшы окуу керек экендигин билип, максатымды көздөй тыным албай билим алууга аракет кылдым.

35 ЖЫЛ БИР ОРУНДА…

Мектепти аяктап андагы Фрунзе шаарын көздөй жөнөдүм. Медицина институтуна өттүм. Баш көтөрбөй окуу керек болду. Төртүнчү курста субординатурага Жалал-Абад шаарына бөлүнүп келдим. Ал кездери ата-энемдин түбү орто-азиялыктар болгондуктан Сузакка көчүп келген маалы эле. Мага да Жалал-Абад ыңгайлуу болду. Ошондо эле бул оорукана мага абдан жагып калган. 1980-жылдар болчу. Бул жерде абдан күчтүү хирургдар иштейт экен, ошондон улам хирургияга болгон кызыгуум күчөдү. Анан кайра институтка барганда ушул багыттагы курстарга катышып жүрдүм. Хирургиядан сабак өткөн Калдарбек Исаков деген агайыбыз бар эле, ошол киши кружокторуна тартып, менин бул тармактагы кызыгуумду ого бетер күчөтүп мага чоң устаттык кылды. Ошол жылдары атам каза болуп, атасыз окуу кыйынчылыктарды жаратты. Бирок ал кезде жогорулатылган стипендия алып, өзүмдү өзүм эптеп кеттим. Апам жакында 93 жашка чыгып сыйымды, чайымды ичип дүйнө салды… Раматылык атам менин жетишкендиктеримди, жакшылыктарымды көрбөй өткөнүнө өкүнөм.
1982-жылы интернатураны бүтүрүп келдим, мени Сузакка бөлүшкөн. Барсам бош орун жок экен. Ушул ооруканага тузум, бүткүл өмүрүм жазылган окшобойбу, кайрылып келип калдым. Азырынча “Тез жардамда” иште дешти. Бир айдан кийин эле кезметчи дарыгерликке чакырып алышты. Ошол ошол болду тагдырым ушундай беле 35 жылдан бери бир жерден жылбай эмгектенип келе жатам. Баягы, дарак бир жерден көгөрөт деген мен болдум сыягы (күлүп). Башка жакка кетпей калуумдун себеби мындан го дейм: Бул жердеги хирургдар күчтүү эле дебедимби, ошолордун таалим-тарбиясын алсам, билгенин үйрөнүп калсам деген умтулуу менен алардын артынан бир карыш да калбай иштей бердим. Ошентип 12 жылдан кийин 1993-жылы хирургия бөлүмүнүн жетекчиси пенсияга чыгып жатып, жумушун мага өткөрүп берип кетти.
Өзүмдүн беш уул, бир кызым бар. Турмуш ушундай экен, биринчи аялым каза болуп калды. Үч уулубуз бар эле, азыр ошол үчүнчү уулум Бишкекте кардиохирург болуп эмгектенип жатат. Кийинчерээк Кара-Кулжанын кызына үйлөндүм. Ал да ушул ооруканада хирург. Балдарым чоңоюп, ар кимиси өз жолу менен, кудайга шүгүр.

Козубай АБДЫКАЛЫКОВ, ЖОБОнун хирургия бөлүмүнүн башчысы, м. и.к.: “ЧЕТ ӨЛКӨГӨ КӨП ЧАКЫРЫШАТ, ЭЛИМДИ ТАШТАП КАЙДА КЕТМЕК ЭЛЕМ”

 

 

 

 

 

 

ОПЕРАЦИЯ БУЛ ТАЖРЫЙБА
Ушул күнгө чейин канча операцияга киргенимди эсептеп көрбөптүрмүн. Болжол менен айтсам, чоң жана кичи операциялар биригип жылына 1500 операция жасалат. Алардын жарымына кирсем да, 35 жылдык иш тажрыйбамда 20 миңге чукул операцияга катышыптырмын. Илгери бир күндө жети, сегиз жолу кирчүмүн. Эсимде бир түнү таң атканча 8 операция жасадык. Андайда биринчи эле нерв системалары чарчайт, анткени абдан басым менен “ушул ишти аман -эсен бүтүрүп алсам экен” деген санаа баары бир болот. Анан бут чарчайт. Кечке тик туруп алып иштейсин. Жаштыктын деми ушундай экен, суткалап деле иштеп тынымсыз операцияларга кирип жумушка жатыгып, каныгып келе бердик.
Негизи хирургдун профессионал болуп чыгуусу дал ушул операцияларга көп кирип колду, көздү каныктыргандан такшалат. Канчалык практика жүзүндө көп эмгектенсең, ошончолук билимиң артат, анан баягы эл арасында айтылып жүргөн “анын колу жеңил” деген ат берилет. Бирок, албетте кудайдан берген талант да болуусу керек.
Негизи акыркы учурларда жаңы дарылар чыгып, айрыкча он эки эли ичегенин жарасынын дарысы чыккандан кийин ашказандын операциялары аябай эле кыскарды. Ага чейин бир күндө 3-4 ашказан операциясын жасачубуз. Медицина өнүгүп, айрым ооруларды дары менен айыктырып калганыбыз албетте жакшы.
2009-жылы Тверге барып эндовидеохирургиялык ыкма менен операция жасоону окуп келгем. Андан бери өттү алууда, грыжаны, аялдардагы ыйлаакчаларды ушул ыкма менен жасап жатабыз. Учурда эндовидеохирургиялык ыкма менен жасоо үчүн эки мониторубуз бар. 2016-жылы аларды бирин жаңыладык. Жакында эки адисибизди Тверге жиберип окуттук.

“ИЙГИЛИКСИЗ” ОПЕРАЦИЯ БАРДЫК ХИРУРГДА КЕЗДЕШЕТ

Акыркы учурларда эң эле көп өттүн ташы менен ооруп кайрылгандар көбөйдү. 4-5 эсеге өскөн бул дартты окумуштуулар изилдеп жатышат, бирок менимче күнүмдүк тамак-ашка пайдаланып жаткан өсүмдүк майынын сапатынан болсо керек деп ойлойм. Көрсөткүч менен карасак, бейтаптардын 70%ын аялдар түзөт. Эркектерде болсо ашказандын жара оорусу көбүрөөк.
Дүйнө жүзүндөгү бир да хирургдун бардык операциялары оң жыйынтык менен бүтпөйт, кээде “ийгиликсиз” болуп аяктап калат… Кээде оорулуу өтүшүп кеткенде келген болот, кээде хирург операцияны ийнине жеткизе албай калган учурлар да болуп калышы ыктымал. Бирок кээ бир хирургдун ийгиликтүү операциясы көбүрөөк, айрымдарыныкы азыраак болот. Ошондуктан кудай андайдан сактасын, жеңилинен берсин деп тиленип жасап келатабыз.
Ошентип жумуш менен алпурушуп жүрүп көп эле шакирттерди тарбиялап коюптурмун. Эки шакиртим Туркияда, экөө Астанада, дагы экөө Россияда хирург болуп иштеп жатышат. Майрамдарда телефон чалып, кабар алып турушат. Андайда корстон болуп калам. Облусубуздун чөлкөмүндө иштеп жатышкан дарыгерлер да көпчүлүгү менин окуучуларым.

Козубай АБДЫКАЛЫКОВ, ЖОБОнун хирургия бөлүмүнүн башчысы, м. и.к.: “ЧЕТ ӨЛКӨГӨ КӨП ЧАКЫРЫШАТ, ЭЛИМДИ ТАШТАП КАЙДА КЕТМЕК ЭЛЕМ”

 

 

 

 

 

 

 

ЖАШ ХИРУРГГА КЕҢЕШИМ

Өнүккөн өлкөлөрдө жылдык кирешенин 4 пайызын медицинага жумшайт, эң жакшы айлык акы алып эргүү менен иштешет. Бизде эми аз айлыкка канаат кылбагандар Россияга, башка жактарга кетишти. Эмне деген илимдүү, күчтүү дарыгерлерди жоготтук. Биздин өлкө да өнүгүп, татыктуу жашап иштеп каларбыз деген илгери үмүт менен жүрөбүз. Мени да шакирттерим чакырып калышат, анан мен айтам “койгула, жаш өтүп баратат, эли жеримде кадырым бар, ушул жерде эле күнүмдү көрө берейин” дейм. Адамдын өмүрү акча менен байланыштуу эмес да, жоро-жолдош, тууган урук деген бар, элим турса, анан мен үчүн кымбат нерселерди таштап кете албайм го. Орусиядан келип “сизге операция кылдырабыз, орустарга жасаткыбыз келбеди” деп тамашалап келишет.
Жаш хирургдарды чыдамкай болгула, эмгекчил болгула демекчимин. Хирургияны китептен окуп үйрөнө албайсың, ал практика менен коштолушу керек. Бул деген кол өнөрчүлүктөй эле, канчалык көп операцияга кирип көзү каныгып, колу үйрөнсө ошончолук бышат.

ПЛАСТИКАЛЫК ОПЕРАЦИЯ ДА ЖАСАЙБЫЗ

Биздин облустук ооруканада сүйүнүчтүү жаңылык бар. Ал Германия Өнүктүрүү банкы тарабынан түштүк аймакка европа стилиндеги операциялык блок курулуп жатат. Негизи 2014-жылы бул келишимге кол коюлган, бирок бизде жетекчилик бат баттан алмашып тургандыктан иш артка калып келди. Анан былтыр ушул жерде туруктуу иштеген бөлүм башчы, анан хирургиянын жетекчиси деп бул жоопкерчиликти мага жүктөштү. Бул имаратыбыз бүтүп калса, жалпы облусубузга пайдалуу болот. Заманбап хирургиялык аппараттар менен жабдылат. Азыр операциялык залдарга кварц күйгүзүп стирилдесек, анда абаны да стирилдеп берүүчү жабдуулары болот. Операциядан кийин ырбап, ириңдеп кетүү дегендер азаят. Азыр “эң оорулуу жерибиз” лифттин жоктугу болсо, анда жүк ташуучу чоң лифттер болот. Оорулуулар рентгенге, УЗИге, лабораторияга деп ар кайсы жакка чуркабайт, баары бир имаратта жайгашат. Мындан башка трамвалык пункт ачылат, кырсыктап келгендерге ыкчам операция жасалат. Андан сырткары эксперсс лаборатория 600 түрдүү анализди чыгарып берет.
Бул имаратка жалпы 3 млн. евро акча каражаты бөлүнгөн болсо, анын курулушуна 1 млн. 800 миң евро каралган. 1 млн. еврого болсо жабдууларды алабыз, калган 200 миң еврого кадрларды окутуп даярдайбыз.
Акыркы кездери бычак менен кеспей операция жасоо жолдорун көбүрөөк колдонуп жатабыз. Андан сырткары 2013-2014-жылдары Москвадан пластикалык операция жасоону окуп келгем. Ал жаатта да ийгиликтер бар.

Гүлмайрам САБИРБЕКОВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17