Аймак

Эргешаалы Озокеев Аксы райондук кеңешинин кошмо жыйынынын төрагасы: Үңкүр-Тоо үчүн атышса атышабыз •

 1,763 Бардыгы /

Эргешаалы Озокеев Аксы райондук кеңешинин кошмо жыйынынын төрагасы: Үңкүр-Тоо үчүн атышса атышабыз    • – Эргешаалы мырза, жакында Аксыдагы Үңкүр-Тоого Өзбекстан өзүнүн желегин илип алып эл нааразы болуп чыкты эле. Бул тоо боюнча маселе кандай чечилди?

– Негизги акыбал азыр чынында так, ачык-айкын боло элек. Туура, биз ызылдап чыккандан кийин эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда сүйлөшүү болуп, ал жерге өз желегин илип кайтарууга алган өзбек чек арачылары чыгып кетти. Бирок биз бул тоонун башы чечилген жок деп ойлойбуз. Кандай соодалашуу болгонун эч ким билбеген боюнча турат. Менимче, бул жерде жөн эле элдин көзүн жазгыруу болду окшойт. Учурда эл ичинде ар кандай жоромол, дөдөмөлдөр айтылып жатат. Ала-Букада Өзбекстандын эки милициясы камалып, ал эми ала-букалык эки бала Өзбекстанда жатат дешкен. Болгону ошолорду алмашуу гана болуптур, бирок Үңкүр-Тоонун маселеси чечилген жок деген сөз жүрүүдө. Тиешелүү жетекчилер элди имиш аңдытып мынча кыйнабай, болгонун болгондой эле айтып коюшса болмок. Өзбекстан ал жерди эртең кааласа эртең, бүгүн кааласа бүгүн келип басып алышы мүмкүн. Андай болгон күндө коңшу өлкөнүн чек арачылары менен жергиликтүү элдин ортосунда чыр чыгат. Андыктан бул талашты азыртан акырына чейин ачыктап коюш зарыл.

– Негизи бул жер буга чейинки документтер боюнча кандай чечилген экен?

– Өзүңөр билсеңер, союз тарагандан кийин өлкө жетекчилери чек ара жерлерин бөлуштүрүп жатып чек аралар ошол республиканын атуулдары мурда кандай ээлесе ошол боюнча калат деген келишимге кол коюшкан.Андай болгон күндө деле Үңкүр –Тоо атамзамандан бери акчылыктарга тиешелүү болуп, бул аймактын эли пайдалаып келген, Кыргызстандын телемунарасы коюлган дегендей. Андан мурда да бул аймак ата-бабаларыбызга караган. Негизи Өзбек тоону качан пайдаланчу эле? Үңкүр-Тоо эч качан Өзбекстан тарапка өтпөш керек. Бардык жагынан биздин талап туура. Кыргызстандын бийлиги эмнеге коркоктук кылып жатканын түшүнбөйбүз. Бул жерде эч кандай соодалашуу, эч кандай сүйлөшүү болбош керек.

-“Аксы жерин коргоо” кыймылы түзүлгөн экен. Азыр бул кыймыл эмне аракеттерди жасап жатат?

– Ал кыймыл 2-локтябрда Үңкүр-Тоо кимге тиешелүү экенин 7-октябрга чейин ачык айтып койгула деген кайрылуу жөнөтүшкөн. Бирок мамлекетибиздин жогорку саясый жетекчилери унчукпай жатат. Мамлекеттик телерадиолор аксылыктар эмнеге кыйкырып жатат деп кызыгып койгон жок. Кыскасы, кыргыз жеринин дагы бир тоосу бөлөк мамлекетке олжо болуп кетип жатканы тууралуу жалпы калк билбей турат. Бул маалыматты жаап-жашырырууда. Ооба, жайырма жылдан бери түштүктө чек ара меселеси чечилбей келатканы белгилүү. Биздин Аксы аймагында эле 34 жерде талаш тилкелер бар. Азыр булардын бири да чечиле элек. Өзбектандын чегинде калып калган биздин жерлер да бар. биз алар так чечилмейинче жөн туралы деп унчукпай эле жашап келатпайбызбы. Ал эми Өзбекстан тигинтип биздин тообузга келип желегин илип алып өкүмзордукка салып эле биздики деп атпайбы. Биз жогорку бийликтин бул маселелер боюнча “дың” деп койбогонуна капабыз. Элге чыгып “бул жер мындай болуп калды. Бул боюнча мындай чара көрүп жатабыз” деп ачык-айкын айтып койушса түшүнөт элек го.

Аксылыктар өлкөнүн акыбалын көрүп туруп өкмөтүү же президентти өмгөктөй бере турган караңгы эл эмес да. Аракет болсо аны баалайт элек. Жогорку жактагы бийлик унчукпай эле тымпыйып жата берсе эл өзү кыймылдайт экен да. Албетте кыймылдаган элди жаман көрүшөт. Бирок биз калыстык үчүн күйгөнүбүздөн айтып жатабыз. Ата-бабалардын жерин кошуналарга жөндөн-жөн эле алдырып койбойбуз. Бул жерде эч кимдин кызыкчылыгы жок, биз жалпы кыргыздын кызыкчылыгы үчүн чырылдып жатабыз.

-Жергиликтүү бийлик бул маселе боюнча кандай позицияда турат?

-Булар адегенде эле туура эмес позицияда туруп алышты. Ак үйгө “бардыгы жакшы, эл тынч”деген көңүл жубаткан маалыматтарды берип коюшту. Бирок Аксыда чынында бул маселе чечилгенге чейин саясый кырдаал курчуй берет. Жалал-Абад облусунун губернатору Үңкүр-Тоону билбей туруп эле ММКга “ал жер өзбектерге тиешелүү” деген маалымат берип ийди. Бул туура эмес. Аксакал көксакалдардын баары бул тоо кыргыздыкы экенин бир ооздон айтып келишет. Бул жерден губернатор чоң катачылык кетирип койду.

– “Аксы жерин коргоо” кыймылынын кийинки кадамдары кандай болушу мүмкүн?

– Бүгүн да жогорку бийликке кайрылуу кабыл алынып жөнөтүлөт. Үңкүр-Тоо тууралуу акыркы чындык айтылыш керек. Эгер эл ага ынанса анда кеп бөлөк, эгер ынанбаса, бийлик бизге көңүл бурбаса анда абал кооптуу. Эгер Үңкүр-Тоону кайрадан өзбек чек арачылары басып алса аксылыктар куралы жок болсо да куралчан чек арачыларды кууп чыгуу үчүн каршы барганга даяр. Атышса атышабыз…

Автору Зайырбек Ажыматов -«Жаңы агым”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17