Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
7,042 Бардыгы / Жалал-Абад шаардык Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо (Мамкаттоо) башкармалыгына иши түшпөгөн киши аз. Бул мекеме эмне иш кылат? Анын учурдагы абалы, эл менен кызматташуусу жана кадрдык маселелери тууралуу начальниги Осмонов Алманбек Эрмаматович биз менен ой бөлүштү.\\-Алманбек Эрмаматович, айтсаңыз сиздер тараптан элдерге кандай кызматтар көрсөтүлүүдө? – Негизинен биздин ишкана 1999-жылы “Жерге жайгаштыруу […]
7,043 Бардыгы / Жалал-Абад шаардык Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо (Мамкаттоо) башкармалыгына иши түшпөгөн киши аз. Бул мекеме эмне иш кылат? Анын учурдагы абалы, эл менен кызматташуусу жана кадрдык маселелери тууралуу начальниги Осмонов Алманбек Эрмаматович биз менен ой бөлүштү.\\-Алманбек Эрмаматович, айтсаңыз сиздер тараптан элдерге кандай кызматтар көрсөтүлүүдө? – Негизинен биздин ишкана 1999-жылы “Жерге жайгаштыруу […]
А.Осмонов,Жалал-Абад шаардык Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо (Мамкаттоо) башкармалыгынын жетекчиси: “Бизде ачык айкын иш алып баруу үчүн толук шарт бар”
10.07.2014 / Автор Orozaly7,044 Бардыгы /
Жалал-Абад шаардык Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо (Мамкаттоо) башкармалыгына иши түшпөгөн киши аз. Бул мекеме эмне иш кылат? Анын учурдагы абалы, эл менен кызматташуусу жана кадрдык маселелери тууралуу начальниги Осмонов Алманбек Эрмаматович биз менен ой бөлүштү.\\
-Алманбек Эрмаматович, айтсаңыз сиздер тараптан элдерге кандай кызматтар көрсөтүлүүдө?
– Негизинен биздин ишкана 1999-жылы “Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы” болуп түзүлгөн. Бизде 3 бөлүмдүн негизинде элге кызмат көрсөтүлөт. Алар жерге жайгаштыруу, каттоо жана финансы бөлүмдөрү. Мында биздин кызматкерлер мамлекеттик акт жана техникалык паспортторду даярдап беришет. Андан сырткары биздин шаардын өзүндө эле 27 миң кыймылсыз мүлк бар. Анын ичинен 15 миңи жер үйлөр, 8 миңи көп кабаттуу үйлөр болсо, калганы жер үлүштөрү болуп саналат. Элдердин каттоого байланыштуу кандай гана иштери болбосун, эгер биздин ишканага тиешелүү болсо баардык кызматтар өз убагында орду менен көрсөтүлөт.
-Эл менен сиздердин ортоңуздарда пикир келишпестиктер же болбосо элдер сиздерге нааразычылыгын билдирген учурлар болгонбу?
-Албетте, чоң ишкана болгондуктан ар кандай иштерде түшүнбөстүктөр болбой койбойт. Эгер алардын кээ бир документтери туура эмес болуп калган болсо, биз алар менен иш жүргүзө албайбыз. А элдер болсо ал нерсени түшүнбөстөн ортодо пикир келишпестиктер жаралып калат. Бирок биз аны түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен жөнгө салып алабыз.
Ал эми нааразычылыктар боюнча ооба, кызматкерлерге нааразы болуп, корс мамиле кылат деген учурлар көп кездешкен. Бул боюнча биз керектүү чараларды көрүп, ал кызматкерлерге сөгүш жарыялап, эскертүү берип, кээ бирин жумуштан да айдаганбыз.
– Аталган мамкаттоодо кадрдык маселелери кандай орун алган? Көңүл түйшөлткөн көйгөйлөр барбы?
-Бизде жалпы 36 адам эмгектенет. Алардын 50-60%ы стажы ашып калган кызматкерлер болсо 15 жылдан бери иштеп, калганы 5-6 жылдан бери эмгектенишет. Баардыгы жогорку билимдүү юристтер. Баары тең кызматын мыкты билген, ар бир ишти өз орду менен аткарып, катачылыкты аз кетирген кызматкерлер.
Ишканабызда кыйынчылык туудурган деле эч нерсе жок. Анткени өткөн жылы мекемебизди бүтүндөй оңдоп-түзөөдөн өткөргөнбүз. Эмеректерибиз жаңы, видео байкоочторубуз бар, кадрдык маселеден жогоруда айткандай көйгөй жок. Айлык маяналары да көңүл жарытаарлык десем болот. Кыскасы бүтүндөй шартыбыз бар.
-Мыйзамсыз документтерди каттоо же болбосо бир эле кыймылсыз мүлк 2 адамга катталып калып соңунда чырлуу учурлар көп кездешет. А сиздер буга кандай карайсыздар?
-Бизде мыйзамсыз документтер деген болбойт. Чындыгында мындай көрүнүш биздин ишканада болгон эмес. Мыйзамдуу документтер келгенден соң гана каттай алабыз. Башка нерселерге жол жок. Ал эми сиз айткандай 2 адамга катталып калды деген нерсе бизде болгон эмес. Ооба, 2 адамга бирдей документтер берилүүсү мүмкүн, бирок экөөнө бирдей катталбайт. Ал документтерди башка ишканалар берет. Биз болгону мыйзамдуусун жана биринчи келгенин гана каттоого укугубуз бар.
-Коррупцияга каршы кандай иш-аракеттер жүргүзүлөт? Негизи эле мамкаттоодо коррупция жокпу?
-Чынында коррупция түп тамыры менен жок дегенден алысмын. Бирок биздин кызматкерлер арасынан коррупция жыттанган көрүнүштөр байкалган эмес. Жума сайын аппарат жыйынын өткөрүп турабыз. Анда коррупцияга каршы түшүндүрмөлөрдү берип, алдын алуунун аракеттерин көрөбүз. Баардык иш жүргүзүүбүз жана архивдик иш кагаздарыбыз бирдиктүү базага киргизилип электрондук жол менен жүргүзүлөт. Электрондук базабыз республика боюнча бирдиктүү болгону үчүн жогорку органыбыз болгон КРдин мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо департаментине чогултулуп, анализ жүргүзүлүп турат.
Коррупцияны болтурбоо максатында кызмат акы үчүн төлөнүүчү төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн “Кыргызстан” АКБ менен түзүлгөн келишимдин негизинде банктын кассасы орнотулган жана баардык шарттары түзүлүп берилген. Түзүлгөн иш-чаранын негизинде ишкананын адистерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, республикада болуп жаткан коррупциялык иштер боюнча маалыматтар жеткирилип турууда.
-Адатта кандай гана ишкана болбосун кызматкерлери өз ара пикир келишпестиктин айынан бөлүнүп жарылууларга дуушар болушат. Сиздердин жамааттын биримдүүлүгү боюнча эмне деп айта аласыз?
-Буга чейин болуп келиши мүмкүн,бирок мен жетекчи болуп келгенден бери андай ишке жол бере элекмин. Себеби бизде интрига, бөлүнүп жарылуу деген нерселер таптакыр жок. Бири-бирине жардамдашып, көмөк көрсөтүшүп ынтымактуу үй-бүлөдөй эле иш алып барышат.
Иштеген эс алууну да билиш керек дегендей чогулуп алып эс алууга чыгып турабыз. Мына жакында эле баарыбыз Таласка, Манас атанын күмбөзүнө барып, куран окуп келдик. Бул сыяктуу эс алуулар жыл сайын болуп турат. Көз тийбесин, негизи коллектив аябай ынтымактуу.
-Орозо айынын алгачкы аптасы келип калбадыбы,кадырман элибизге кандай каалоолоруңуз бар?
-Жараткан жалпы журтумдан жакшылыгын аябасын. Улуу Рамазан айы менен бүтүндөй Кыргыз элимди куттуктаймын. Туткан орозолору кабыл болуп, үй-бүлөлөрү менен тынч-аман, бейпил турмуш сүрүшсүн.
Маектешкен: Санрабия САТЫБАЛДИЕВА, “Аймак”
Автор Orozaly
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
24.04.2023 / Автор anarkan_kg СҮТТҮ ТАШУУГА САЛЫНГАН ТЫЮУ БОЮНЧА ОРУСИЯДАН КАТ КЕЛЕ ЭЛЕК
-
26.04.2023 / Автор anarkan_kg «ЧЕК АРАЧЫГА – БИРДЕН КИТЕП» АКЦИЯСЫНДА 4 МИҢГЕ ЖАКЫН КИТЕП ТОПТОЛДУ
-
08.05.2023 / Автор anarkan_kg ЖКККББ: 9-МАЙ МАЙРАМ КҮНҮНӨ КАРАТА АЙРЫМ КӨЧӨЛӨР ЖАБЫЛАТ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.