Аймак
Аймак

Зарлык ТУРГУНБАЕВ: “МИССИЯМ БҮТТҮ. ЖАШТАРГА ОРУН БОШОТОМ”

Зарлык ТУРГУНБАЕВ: “МИССИЯМ БҮТТҮ. ЖАШТАРГА ОРУН БОШОТОМ”

159 ирет көрүлгөн / раз просмотрено , 6 бүгүн / сегодня

Маектешибиз – Кара-Суу шаарынын мэри Зарлык ТУРГУНБАЕВ. Эч бир партиянын мүчөсү эмес. Ошого карабастан 2013-жылы Кара-Суу шаарынын мэрлигине 31 депутат тарабынан бир добуштан шайланган. Иштин көзүн билгендиктен, өтө кыска аралыкта байыркы калаага 700 миллион сом инвестиция тартып, а түгүл шаардын инфратүзүмүн жакшыртканга дагы үлгүрдү.

  — Зарлык мырза, эч бир партияга мүчө болбой туруп төрт жыл абалы Кара-Суу шаарынын мэрлигине шайланганыңыздын негизги сыры эмнеде?

-Жалпыга маалым. Ушул кезге дейре жана азыр дагы эч бир саясий уюмга мүчө эмесмин. Ошондуктан,  2013-жылдагы Кара-Суу шаардык Кеңешинин шайлоосунда менин талапкерлигимди КСДП көрсөткөн. Бирок, ошондо деле жана кийинки төрт жыл бою бир дагы партиянын камчысын чапкан жокмун! Өзү мэрликке шайланганга дейре мамлекеттик жооптуу кызматтарды аркаладым. Мансабымдан куп пайдаланып шайлоодо административдик ресурстарды дегеле пайдаланбадым. Ошол себептүү бийликчи КСДП париясы мени мэрликке шайланышымды толук кандуу кубаттаган. Болгону ошол.

— Деги төрт жыл аралыгында эмне жумуштарды жасаганга үлгүрдүңүз?

Эң башкысы жердештерим эстеп жүргүдөй эң таза иштедим. Бир дагы жосунсуз жоруктарга аралашпадым. Баса, Ош облусундагы эң эски Кара-Суу шаарынын эмдигиче канализациясы жок экен. Андыктан, атайын сынакка катышып, ЕврАзия өнүктүрүү жана реконструкция банкынан 6 миллион 3 миң евро уттук. Тендер өткөрүлдү. Эми калаабызда канализациянын курулушу башталып, бара-бара заманбап түйүндөр тартылат.

-Мындан тышкары ички жана тышкы мүмкүмкүнчүлүктөрдү таптакыр пайдаланбадыңыздарбы?

— Кантип? Мен дээрлик мэрлик кызматты аркалаган төрт жыл ичинде Кара-Суу шаарына эле жалпы жонунан 700 миллион сомдук ички жана тышкы инвестиция тартылды. Мынча каражаттын бардыгын чыпчыргасын коротпостон өз максаттарына гана короттук. Маселен, адегенде шаарыбыздын инфратүзүмдөрүн жакшыртканга бекем ыктадык. Калаабыздагы жападан жалгыз Жоомарт Бөкөнбаев атындагы сейил бакты оңдоп-түзөп, жергиликтүү калк жана коноктор эс алганга заманбап шарттарды жараттык. А көчөлөрүбүздү бүт ирээттеп, жарыктандырып, баарына тең алфальт төшөдүк. Мындан тышкары калаабыздагы алты мектепке, үч бала бакчага капиталдык ремонт жасадык.

-Зарлык мырза, айып этпегейсиз, биз билгенден 48 жашка эми гана толдуңуз. Дагыле баралыңыздасыз. Дагы бир ирет Кара-Суу шаарынын мэрлигине талапкерлигиңизди койгонго жана утканга мүмкүнчүлүгүңүз бар. Неге антпедиңиз?

-Ооба. Абдан туура баамдапсыздар. Таза иштедим.Артымдан бир дагы жаман сөз ээрчитпедим. Бирок, саламатчылыгыма байланыштуу убактылуу эс алууну чечтим. Бирок, жаңы мэр шайлангыча иштеп турабыз го.

 Эң башкысы менин мэрлик миссиям бүттү. Эми жаштарга орун бошотоюн. Анын үстүнө жумуш деп эле жан сабап иштей бербестен, бул сапар саламатчылыгыма дагы кам көрүүгө мезгил жетти. Ден соолугумду кичине оңдоп-түзөп, чарчаганымды жазсам, анан дагы бир ылайыктуу жумуш ыроолошсо, аны дагы абийирдүү жана таза аркалаганга даярмын!

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Архив

ПнВтСрЧтПтСбВс
      1
23242526272829
3031     
    123
       
 123456
78910111213
28293031   
       
     12
31      
   1234
567891011
       
293031    
       
     12
       
  12345
6789101112
       
  12345
6789101112
2728     
       
      1
3031     
   1234
       
282930    
       
     12
31      
   1234
12131415161718
       
1234567
891011121314
15161718192021
293031    
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
1234567
15161718192021
22232425262728
29      
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
30      
   1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930    
       
     12
3456789
31      
  12345
13141516171819
2728293031  
       
15161718192021
22232425262728
2930     
       
    123
18192021222324
       
  12345
6789101112
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
      1
232425262728 
       
   1234
       
293031    
       
     12
       
  12345
       
2930     
       
    123
       
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
30      
   1234
       
78910111213
14151617181920
282930    
       
     12
31      
     12
2425262728  
       
  12345
       
      1
23242526272829
3031     
    123
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30      
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17