Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
5,575 Бардыгы / Маектешибиз – Кара-Суу шаарынын мэри Зарлык ТУРГУНБАЕВ. Эч бир партиянын мүчөсү эмес. Ошого карабастан 2013-жылы Кара-Суу шаарынын мэрлигине 31 депутат тарабынан бир добуштан шайланган. Иштин көзүн билгендиктен, өтө кыска аралыкта байыркы калаага 700 миллион сом инвестиция тартып, а түгүл шаардын инфратүзүмүн жакшыртканга дагы үлгүрдү. – Зарлык мырза, эч бир партияга мүчө болбой туруп […]
5,576 Бардыгы / Маектешибиз – Кара-Суу шаарынын мэри Зарлык ТУРГУНБАЕВ. Эч бир партиянын мүчөсү эмес. Ошого карабастан 2013-жылы Кара-Суу шаарынын мэрлигине 31 депутат тарабынан бир добуштан шайланган. Иштин көзүн билгендиктен, өтө кыска аралыкта байыркы калаага 700 миллион сом инвестиция тартып, а түгүл шаардын инфратүзүмүн жакшыртканга дагы үлгүрдү. – Зарлык мырза, эч бир партияга мүчө болбой туруп […]
Зарлык ТУРГУНБАЕВ: “МИССИЯМ БҮТТҮ. ЖАШТАРГА ОРУН БОШОТОМ”
20.09.2017 / Автор anarkan_kg5,577 Бардыгы /
Маектешибиз – Кара-Суу шаарынын мэри Зарлык ТУРГУНБАЕВ. Эч бир партиянын мүчөсү эмес. Ошого карабастан 2013-жылы Кара-Суу шаарынын мэрлигине 31 депутат тарабынан бир добуштан шайланган. Иштин көзүн билгендиктен, өтө кыска аралыкта байыркы калаага 700 миллион сом инвестиция тартып, а түгүл шаардын инфратүзүмүн жакшыртканга дагы үлгүрдү.
– Зарлык мырза, эч бир партияга мүчө болбой туруп төрт жыл абалы Кара-Суу шаарынын мэрлигине шайланганыңыздын негизги сыры эмнеде?
-Жалпыга маалым. Ушул кезге дейре жана азыр дагы эч бир саясий уюмга мүчө эмесмин. Ошондуктан, 2013-жылдагы Кара-Суу шаардык Кеңешинин шайлоосунда менин талапкерлигимди КСДП көрсөткөн. Бирок, ошондо деле жана кийинки төрт жыл бою бир дагы партиянын камчысын чапкан жокмун! Өзү мэрликке шайланганга дейре мамлекеттик жооптуу кызматтарды аркаладым. Мансабымдан куп пайдаланып шайлоодо административдик ресурстарды дегеле пайдаланбадым. Ошол себептүү бийликчи КСДП париясы мени мэрликке шайланышымды толук кандуу кубаттаган. Болгону ошол.
– Деги төрт жыл аралыгында эмне жумуштарды жасаганга үлгүрдүңүз?
–Эң башкысы жердештерим эстеп жүргүдөй эң таза иштедим. Бир дагы жосунсуз жоруктарга аралашпадым. Баса, Ош облусундагы эң эски Кара-Суу шаарынын эмдигиче канализациясы жок экен. Андыктан, атайын сынакка катышып, ЕврАзия өнүктүрүү жана реконструкция банкынан 6 миллион 3 миң евро уттук. Тендер өткөрүлдү. Эми калаабызда канализациянын курулушу башталып, бара-бара заманбап түйүндөр тартылат.
-Мындан тышкары ички жана тышкы мүмкүмкүнчүлүктөрдү таптакыр пайдаланбадыңыздарбы?
– Кантип? Мен дээрлик мэрлик кызматты аркалаган төрт жыл ичинде Кара-Суу шаарына эле жалпы жонунан 700 миллион сомдук ички жана тышкы инвестиция тартылды. Мынча каражаттын бардыгын чыпчыргасын коротпостон өз максаттарына гана короттук. Маселен, адегенде шаарыбыздын инфратүзүмдөрүн жакшыртканга бекем ыктадык. Калаабыздагы жападан жалгыз Жоомарт Бөкөнбаев атындагы сейил бакты оңдоп-түзөп, жергиликтүү калк жана коноктор эс алганга заманбап шарттарды жараттык. А көчөлөрүбүздү бүт ирээттеп, жарыктандырып, баарына тең алфальт төшөдүк. Мындан тышкары калаабыздагы алты мектепке, үч бала бакчага капиталдык ремонт жасадык.
-Зарлык мырза, айып этпегейсиз, биз билгенден 48 жашка эми гана толдуңуз. Дагыле баралыңыздасыз. Дагы бир ирет Кара-Суу шаарынын мэрлигине талапкерлигиңизди койгонго жана утканга мүмкүнчүлүгүңүз бар. Неге антпедиңиз?
-Ооба. Абдан туура баамдапсыздар. Таза иштедим.Артымдан бир дагы жаман сөз ээрчитпедим. Бирок, саламатчылыгыма байланыштуу убактылуу эс алууну чечтим. Бирок, жаңы мэр шайлангыча иштеп турабыз го.
Эң башкысы менин мэрлик миссиям бүттү. Эми жаштарга орун бошотоюн. Анын үстүнө жумуш деп эле жан сабап иштей бербестен, бул сапар саламатчылыгыма дагы кам көрүүгө мезгил жетти. Ден соолугумду кичине оңдоп-түзөп, чарчаганымды жазсам, анан дагы бир ылайыктуу жумуш ыроолошсо, аны дагы абийирдүү жана таза аркалаганга даярмын!
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
16.08.2023 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАДДА БЫЙЫЛ 17 МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА ТАПШЫРЫЛАТ
-
21.08.2023 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДЕ МЫЙЗАМСЫЗ ЛОТЕРЕЯ УЮШТУРГАНДАР КАРМАЛЫШТЫ
-
25.08.2023 / Автор anarkan_kg ЭКОНОМИКА МИНИСТРЛИГИ ЧЕК АРАДАГЫ АБАЛ ҮЧҮН КАЗАК ТАРАПТЫ АЙЫПТАДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.