Аймак
Аймак

Ала-Бука райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Чынара АБДЫКАПАРОВА: “ЭЛИБИЗДИН ЖАРДАМЫ МЕНЕН МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗАЛАР ЧЫҢДАЛУУДА”

Ала-Бука райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Чынара АБДЫКАПАРОВА: “ЭЛИБИЗДИН ЖАРДАМЫ МЕНЕН МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗАЛАР ЧЫҢДАЛУУДА”

161 ирет көрүлгөн / раз просмотрено , 9 бүгүн / сегодня

Билим берүү системасы мамлекетибиздин бирден бир күчтүү тармагы болушу керек. Анткени келечек муунду тарбиялап өстүрүүчү мекеме мектептер болуп саналат. Бүгүн биз Ала-Бука райондук билим берүү башкармалыгына баш багып, алардын абалын сурадык. Башкармалыктын жетекчиси Чынара Абдыкапарова менен бул тармактын күңгөй тескейин, ийгилик, кемчилдиктерин маектештик.

 — Чынара Абдыкапаровна окуу жылы да башталып калды. Быйылкы райондук билим берүү бөлүмү кандай жаңылыктар менен иш баштадыңыздар?

 — Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Азия Өнүктүрүү банкы жана Американын Колумбия университети тарабынан уюштурулган “Секторду өнүктүрүү программасы: Билим берүү тутумун бекемдөө” максатында жүргүзүлгөн “Инновациялык 100 мектеп” долбоорун  ишке ашыруу боюнча  пилоттук мектеп болуп биздин районубузда  Н.Орозалиев атындагы орто мектеби  2013-2014-окуу жылынан бери иштеп келе жатат. Быйылкы окуу жылынан баштап, бул мектеп “Инновациялык мектеп”  долбоорунун негизинде районубуздагы башка мектептер үчүн тажрыйба үйрөтүүчү  ресурстук борбор катары иш алып барышат.

Ошондой эле, ЮНИСЕФтин финансылык колдоосу менен Кыргыз Республикасынын максаттуу райондорунда “Көп тилдүү билим берүү” Программаларын ишке ашыруунун  алкагында 2015-2016 жылынан тартып, Т. Балтагулов  атындагы орто мектеби, А.Турабаев атындагы орто мектеби, Х. Исаев  мектептеринде бул программа ишке ашырылууда. Инновациялык мектептин педагогикалык жамааты атайын семинар-курстардан өтүшүүдө жана инновациялык мектепке жакын жайгашкан №4 А.Акпаралиев жана №15 А.Навои мектептери тыгыз байланышта иштөөдө.

— А мектептердин материалдык – техникалык базасы кандай абалда?

 — Былтыркы окуу жылына салыштырмалуу 2016-2017-окуу жылынын ушул мезгилине чейин 15 даана заманбап компьтер жана 4 даана интерактивдүү доска менен мектептердин материалдык техникалык базасы чыңдалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун негизинде  “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жалпы билим берүүчү мектептеринин 1-4-классынын окуучуларынын бирдиктүү мектеп формасын киргизүү” жөнүндөгү токтомдорун ишке ашыруу максатында Кара-Көл шаарындагы “Нур Ай”  кийим тигүү кичи ишканасы менен келишимдер түзүлдү. Жыйынтыгында болжол менен 6800 окуучу болду. Анын 260 окуучусуна бекер, ал эми 800 окуучуга 15%-30% га чейин жеңилдетилген түрдө жардам берилип, болжол менен  500 000  сомго жакын демөөрчүлүк көрсөтүлдү. 2017- жылынын 1- кварталына карата  райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүүчү мектептерде 5-8-класстар арасында окуучуларынын бирдиктүү мектеп формасын киргизүү” жөнүндөгү токтомдорун ишке ашыруу максатында Кара-Көл шаарындагы “Нур Ай”  кийим тигүү кичи ишканасы менен келишимдер түзүлгөн. Райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүүчү мекеме уюмдары материалдык техникалык базасын чыңдоодо Кыргыз Республикасынын каржы жана экономика министрлигинен стим. грант эсебинен, жергиликтүү бюджеттин, ата-энелердин, демөөрчүлөрдүн жана мамлекеттик эмес уюмдардын жардамында быйылкы окуу жылында жалпысынан 34 млн 8 миң 250 сом акча каражаты тартылып, сапаттуу пайдаланылды. Былтыркы 2015-2016-окуу жылында 13 млн 729 миң 300 сом   ар түрдүү тармактардан материалдык техникалык базаны чыңдоо үчүн ичтен жана сырттан инвестиция тартылган болсо, 2015-2016-окуу жылында жана 2016-жылдын аягына чейин 34 млн 8 миң 250 сом акча каражаты тартылып, 21 278 950 сомго көп сумма топтолду жана чыгышталды. ӨЭУдан бардыгы биригип 3 млн 159 миң сомго барабар болгон акча каражаты тартылды. Айта кетчү нерсе, КРнын 2014-жылдын 30-майындагы №81 “Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө” Мыйзамына ылайык ар бир мектепте жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында Көзөмөлчүлүк кеңештери уюштурулган. 2016-2017-окуу жылына карата 46 мектептин Көзөмөлчүлүк кеңеши 2373265 (эки миллион үч жүз жетимиш үч миң эки жүз алтымыш беш), мектепке чейинки билим берүү уюмдарына 879 140 (сегиз жүз жетимиш тогуз миң бир жүз кырк) сомдук материалдык-техникалык жактан камсыздоого жардам беришти. “Көп түкүрсө, көл болот” демекчи, элибиздин жардамы менен материалдык-техникалык базалар чыңдалууда.

Окуу жыл аягында райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мекемелерде жалпысынан 452 комплект ЖК менен камсыз болуп, 75% түздү. Бул көрсөткүчтөн 2-3-муундагы ЖКди жана эскилиги жетип иштебей калган жекече компьютерлерди чыгарып салганда район боюнча көрсөткүч 65% болду.

Мындан сырткары №2 А. Тураббаев атындагы орто мектеби 1-кварталда баасы 114950 сомго, ал эми №35 Сафед-Булан мектеп гимназиясы 4-кварталда бир даана  127598 сомго интерактивдүү доска менен ата-энелердин  жардамында камсыздалды.

— Китеп окуу куралдарынын негизгиси эмеспи, окуучуларга китеп жетиштүүбү?

 — Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан:

2016-жылдын январь айынан июнь айына чейин райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептердин  окуучуларына жана мугалимдерине  жалпысынан 1 908 016 сомдук суммага барабар болгон 10670 даана окуу китептери, усулдук колдонмолор жана көрсөтмө куралдар келип таркатылып берилди. Жалпысынан 2016-жылдын 1-кварталына карата 2 564 200 сомго  13150 даана 2016-жылдын  январь айына карата район  боюнча  окуу китептери менен  камсыз болуу: Мектеп фондунда кыргыз класстарда–132%, орус  класстарда- 90 %,  өзбек класстарда- 92%,  жалпы  район боюнча  105%  түздү, ал эми окуучулардын колундагы камсыз болуу кыргыз класстарда–80%, орус  класстарда-61 %,  өзбек класстарда- 68%,  жалпы  район боюнча 70%  түзүүдө.

Мындан сырткары 2016-жылдын ноябрь –декабрь айларында 1-5-6-7-8-9-кыргыз, орус жана өзбек класстары үчүн жалпысынан 7235434 сомго барабар болгон 8060 даана окуу жана усулдук колдонмо китептери, ал эми даярдоо класстары жана балдар бакчаларынын тарбиялануучуларына 121 миң 206 сомго 216 даана жомоктун 8 түрү боюнча  китептерди Кыргыз Республикасынын ББИМ тарабынан таркатылып берилди.

2016-жылдын 4-кварталына карата 3 млн 287 миң 744 сомго 21210 даана 2017-жылдын  январь айынан  бери  район  боюнча  окуу китептери менен  камсыз болуу: Мектеп фондунда кыргыз класстарда –82.93%, орус  класстарда-  67.17 %,  өзбек класстарда- 69.31%,  жалпы  район боюнча   73.14%  түздү, ал эми окуучулардын колундагы камсыз болуу кыргыз класстарда –75.23%, орус  класстарда-  82.33 %,  өзбек класстарда-68.69%,  жалпы  район боюнча  75,42%  түзүүдө.

Жыл жыйынтыгында район боюнча фонддогу китептер 207649 даана китеп 73,14 % түзсө, камсыз болуу 158737 даана китеп болуп  75,43% түздү. Ал эми былтыркы окуу жылына салыштырмалуу фонддо 7,1% жана окуучунун колундагы камсыз болуу 5,4%  өстү.

Мындан сырткары 2017-жылдын 1-кварталында мектепке чейинки мекме уюдарынын  тарбиялануучуларына 121206 сомго барабар болгон 216 даана 4 аталыштагы орусча кыргызча иллюстративдүү  жомок китеп, ошондой эле тарбиячыларына 132633 сомго 336  даана  “Балалык” 3-6 жаш курактагы балдарды өнүктүрүү программасы  жана анын усулдук колдонмосу таркатылып берилди. Ал эми мектеп директорлору үчүн 54 даана “Мектепте билим берүүнү жана финансирлөөнү башкаруу ” боюнча колдонмо берилди.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги уюштурган PISA борбору тарабынан 2016-жылдын ноябрь айында жалпы баасы 199350 миң сомго барабар болгон   акыркы муундагы жеке компьютерлер менен №14 Н. Жайлообаев атындагы орто мектебине 4 (төрт), ал эми  №15 Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектебине 5 (беш) комплект ыйгарылды.

— Кайсы предметтер боюнча мугалимдер жетишсиз болууда?

—           Райондун мектептеринде кадр маселеси боюнча 2017-2018-окуу жылына  карата 8 мугалим жетишсиз. Айрыкча, райондун борборунан алыс жайгашкан мектептерде  орус тили, математика, физика предметтери, орус класстары үчүн бардык предметтерден жалпысынан   биология-химия, математика, физика мугалимдери жетишпейт. Бирок биз бул проблема үстүндө талыкпай иштеп, жогорку окуу жайлары менен биргеликте бүтүрүүчүлөрдү айыл мектептерине тартуу боюнча максаттуу иш алып баруудабыз. Айта кетсек быйылкы окуу жылына алыскы айыл мектептерине 1 орус тили жана 1  математика мугалимин сүйлөшүүлөрдү натыйжалуу жүргүзүү аркылуу жумушка тарта алдык.  Жалпы район аймагында 1500дөн ашуун мугалим жана тарбиячы эмгектенип жатат.

 — Мугалимдерге мотивация бере тургандай аракеттер, пландар барбы? Анткени азыр мугалимдин айлыгына чыдап иштегендер азайып баратат.

 — Мугалимдерге ар тараптуу колдоо көрсөтүү аркылуу алардын азыркы турмуш талабына ылайык иштөөсүн камсыз кылып келебиз. Учурда райондук мамлекеттик администрациясынын, айыл өкмөттөрүнүн, жеке демөөрчүлөрдү пайдалануу аркылуу аларга материалдык жана моралдык колдоо берүүгө аракеттенебиз. Мугалимдердин эмгеги өз учурунда бааланып,  унутта калбоого тийиш.  Өткөн окуу жылында райондук  маданият  сарыйында  мугалимдердин  күнүнө  арналган  салтанат   өткөрүлүп, алдынкы  мугалимдер жана тарбиячыларга  Кыргыз  Республикасынын   Билим  берүү  жана  илим  министрлигинин, Жалал- Абад  областтык  билим  берүү  усулдук  борборунун,  Ала- Бука райондук   админстрациясынын  жана  райондук  билим  берүү бөлүмүнүн  “ Ардак   Грамотасы”  жана  акчалай  сыйлыктары  менен  сыйланышты.

 — Мектеп турмушуна кайрылсак, былтыркы окуу жылында окуучуларыңыздар кандай ийгиликтерди багындыра алышты?

 —     2016-2017-окуу жылында областтык окуучулардын предметтиик олимпиадасына 32 окуучу катышышып 11 байгелүү орундарга жетишишип мактоо грамоталарына татыктуу болушту. Математика предмети боюнча А.Атамов атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Мирахмедов Сиражидин, физика предмети боюнча Сафед-Булан гимназия  мектебинин 10-классынын окуучусу Хатамов Мухамадкаримдер областтык олимпиадада 1-орунга жетишишип республикалык турга катышууга мүмкүнчүлүк алышты. Республикалык олимпиадада математика премети боюнча Мирахмедов Сиражидин 2-орунду жеңип алып баалуу сыйлыктар менен сыйланып кайтты. Дагы бир кошумчалай кетчү нерсе бул окуучубуздун агайы Абдуваид Маматкулов “Эмгек сиңирген мугалим сыйлыгын” президентибиз Алмазбек Атамбаевдин колунан алды.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн  демилгеси менен окуучулардын жана мугалимдердин предметтик олимпиадага болгон кызыгуусун арттыруу максатында “Нурай” кийим тигүүчү кичи ишканасын (жетекчиси Байбаев Нурмамед) демөөрчүлүккө тартып 100 жүз  миң сом өлчөмүндөгү сертификат алууга жетишти. Ошонун эсебинен республикалык олимпиадада математика предметинен 2-орунду алган Мирахмедов Сиражидин 5000 сом, мугалими Маматкулов Абдуваид 30 000 миң сом, директору Турдалиев Хайдар 5 000 миң сом менен сыйланышты. Ал эми областтык олимпиадада физика предмети боюнча 1-орунду алган Хатамов Мухамадкарим 2000 миң сом, мугалими Гафарова Мукадас 5000 миң сом, директору Марайимов Латипжан 3000 миң сом, Орус тили предмети боюнча 2-орунду алган Т.Балтагулов атындагы орто мектебинин окуучусу Сатыбалдиева Айпери 1000 сом, мугалими Мырзакаримова Зияда 2000 сом менен, ал эми калган байгелүү орун алган бардык окуучулар жана мугалимдери 500 сом акчалай сыйлыктар менен жана  райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак Грамоталары менен сыйланышты. Мындан тышкары 5-9-класстарынын арасында преметтик олимпиада өткөрүлүп миңден ашык окуучу катышып, андан 88 окуучу байгелүү орунга жетишишип, билим берүү бөлүмүнүн ардак грамоталары менен сыйланышты. Ал эми биринчи орунга жетишкен 30 окуучу жанан аларды окуткан мугалимдеринин баарысы 200 сом акчалай акчалай сыйлык менен сыйланышты.

ДААБ тын тизмесине 1475 9-класстын, 989 11-класстын бүтүрүүчүлөрү катталып,  986 окуучу 11 классты,  1472 окуучу 9-классты ийгиликтүү бүтүрдү.  9-класстан 97 окуучу  артыкчылык күбөлүгүнө ээ болушту.

2016-2017-окуу жылында ДААБтын тизмесине 1475 9-класстын, 989 11-класстын бүтүрүүчүлөрү катталып,  1 окуучу №12 А.Атамов атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Давронбаев Козимжон “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болду,  9-классты 97   окуучу  артыкчылык күбөлүгүнө ээ болуу менен ийгиликтүү аякташты.

2016-2017-окуу жылынын    Жалпы Республикалык тестирлөөгө 599 бүтүрүүчү катышып, жыйынтыгында М.Эргешов атындгы орто  мектебинин  окуучусу Абдырахманов Белек  —198 балл,  М.Сарыбаев атындагы орто мектебинин окуучусу Чыныбекова Айке —189 балл,  Т.Балтагулов  атындагы орто мектебинин  окуучусу   Тыныбекова Нургул — 188 баллдан  алышты. Жыйынтыгында 8 баллга өсүш болду Салыштырмалуу 2015-2016-окуу жылында    Жалпы Республикалык тестирлөөгө 569 бүтүрүүчү катышып, жыйынтыгында Сафед-Булан   гимназия   мектебинин  окуучусу   Акмал  ууулу   Аброр  —191 балл, Ажек орто мектебинин окуучусу Абдираим уулу Эрлан —187 балл,  Ы. Чаңылов  атындагы орто мектебинин  окуучусу   Искендеров Медеткан — 185 баллдан  алышкан.

2016-2017-окуу жылында 258 орто мектептин бүтүрүүчүсү Жогорку окуу жайларына, 105 орто мектептин бүтүрүүчүсү атайын орто окуу жайларына окууга тапшырды.

Салыштырмалуу 2015-2016-окуу жылында 235 орто мектептин бүтүрүүчүсү Жогорку окуу жайларына, 82 орто мектептин бүтүрүүчүсү атайын орто окуу жайларына окууга тапшырган. Жогорку жана атайын орто окуу жайларына тапшырган мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн саны 46 окуучуга жогорулады.

2016-2017-окуу жылынын    жыйынтыгында  өздөштүрүү 99,98 %, сапаттуулук 49,93 %. Гимназия жана гимназия класстары бар мектеп  окуучуларынын өздөштүрүүсү 100 % сапаттуулугу 69,39 %.

Салыштырмалуу 2015-2016-окуу жылынын жыйынтыгында өздөштүрүү 99,98 %, сапаттуулук 48,81 %. Гимназия жана гимназия класстары бар мектеп  окуучуларынын өздөштүрүүсү 100 % сапаттуулугу 68,81 %. Сапаттуулук 1,12% ке жогоруулады.

2017-жылдын 16-январда райондук мектеп окуучулары   грек-рим түрү боюнча район биринчилиги мелдеши болуп өттү. Бул мелдешке райондук 17 мектептен 256 жаш спортчулар күч сынашып жеңүүчүлөр диплом жана баалуу сыйлыктар менен сыйланды.

2017-жылдын 30-январдан 4-февраль күндөрү Москва шаарында окуучулар арасында күрөштүн Грек-Рим түрү боюнча СССР де олимпиаданын чемпиону Эмгек сиңген спорттун чебери Б.М.Гуревичтин элесине арналган Эл аралык турнирге Ала-Бука районунан 4-окуучу барып жакшы ийгиликтерге жетишти.

Ала-Бука райондук мектеп окуучулары арасында кышкы спартакиада мелдеши 2017-жылдын 15-февраль күнү 1-этабы айыл аймак мектеп окуучулары арасында ал эми 2-этабы 2017-жылдын 17-февралда райондук финаль оюуну өткөрүлдү. Бул мелдеште райондук 8 айыл аймак мектептеринен спорттун 7 түрүнөн 520 окуучу күч сынашып жеңүүчүлөр диплом жана акчалай сыйланды. Район аймагында 18 000ден ашуун окуучу билим алат.

— Балдардын ысык тамагы кандай болуп жатат ошол жөнүндө кеп кылсаңыз?

 —           2016-2017-жылга БУУнун бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасына ылайык районубуздун 4 мектеби (А.Навои, Т.Балтагулов, А.Тураббаев, Н.Бекменбетов) окуучуларга ысык тамак берүү боюнча даярдыктары көрүлүп, жабдуулар келип, азыркы күндө жаш жеткинчектер ысык тамак ичишүүдө. Ошондой эле жогоруда аты аталган мектептердин ашпозчуларын атайын курстан өтүп, БУУнун программасынын алкагында долбоор уланууда. Ал эми Ж.Бөкөнбаев мектеби өздөрүнүн каражаты жана ата-энелердин, демөөрчүлөрдүн жардамы менен март айынан бери окуучуларга ысык тамак берүүдө. Жалпысынан ысык тамак боюнча болжол менен жогорудагы 5 мектепке 1 млн 700 сомдук киреше инвестицияны алып киришти.

 —  Жашы жете электердин арасында кылмыштуулукту алдын алуу багытында кандай иштерди алып барып жатасыздар?

— Кылмыштуулуктун, тартип жана укук бузуулардын, өз жанын кыюулардын алдын алуу, улуттар  аралык  мамилелерди чыңдоо,  достукту  бекемдөө, өспүрүмдөргө карата жасалган зордук-зомбулукка  бөгөт  коюу максатында райондун аймагында жайгашкан бардык мектептерде түшүндүрүү, алдын алуу иштери жүргүзүлүү менен жылдык пландын негизинде иш-чаралар өткөрүлдү.   Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн  өзүн-өзү өлтүрүү  фактыларынын алдын алуу жана болтурбоо боюнча  РБББнүн 24/2 буйругунун негизинде  РИИБ,  жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүгүү башкармалыгы  менен  биргеликте  46 мектепте ата-энелерге  жана жергиликтүү калкка графиктин негизинде чогулуштар өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн жана алар менен 40  соц педагог  иштеп жатышат.  Алар  өспүрүмдөрдүн, турмуш-шарты оор  үй-бүлөлөрдүн балдарынын  социалдык, психологиялык  абалына мониторинг жүргүзүү, алардын ата-энелери менен жакындан иш алып барууда, райондук мамлекеттик администрациясынын, айылдык аймактардын, райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондук социалдык коргоо башкармалыгынын, ИДНдин кызматкерлери жана айылдык кеңештердин депутаттары, айылдык аксакалдар кеңешинин төрагалары, аялдар кеңешинин төрайымдары менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

           Жалпы билим берүү уюмдарында жашы жетпеген өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын, зомбулуктун, кылмыштуулуктун  алдын алууда, окуучулардын ден соолугуна кам көрүүдө  КР 2020-жылдарга чейин мектеп окуучуларын жана өспүрүмдөрдү тарбиялоо Концепциясын ишке ашырууда, балдардын билим-тарбия алышына шарт түзүү  боюнча иш чаралардын негизинде спорттук мелдештер, класстан тышкаркы иштер өткөрүлүп, мектептер, окуучулар арасындагы достукту, ынтымакты бекемдөө максатында март, апрель, май  айларына  Ак-Там, Өрүктү айыл аймагында жайгашкан мектептер ортосунда “Диний агымдар, алардын таасири” деген темадагы тегерек стол Н. Бекменбетов орто мектебинде, Көк-Таш, Көк-Серек айыл аймагында жайгашкан мектептер ортосунда “Балдарга жана өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулукту токтотолу” деген темадагы тегерек стол Токтогул орто мектебинде, Балтагулов айыл аймагынын мектептеринин ортосунда “Улуттар аралык ынтымакты, достукту, биримдикти чыңдайбыз” темасындагы тегерек стол Р.Кулуев мектебинде өткөрүү пландаштырылып, учурда 1-Май айыл аймагында жайгашкан мектептер ортосунда “Өз жанын өзү кыюу, өмүр берген ата-энеге наадандык кылуу” деген темадагы тегерек стол Айры-Там гимназия мектебинде, ал эми Ак-Коргон айыл аймагынын мектептеринин ортосунда уюштурулган “Кылмыш кылсаң жашыңдан, каргыш кетпейт башыңдан” деген темадагы тегерек стол А. Юсупалиев орто мектебинде өткөрүлүп, айыл өкмөтүнүн жана  ИДН (жашы жете электер менен иштөө инспекциясы)  кызматкерлеринин, соц. адистердин  жогорку баалоосуна татыды.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн аппараттык кеңешмесинде кылмыштуулук менен өспүрүмдөр арасында өз өмүрүн кыюуга баруунун алдын алуу (суицид), жол кырсыктарынын алдын алуу чараларын көрүү максатында  6  жолу талкуулар өткөрүлүп, мектептерге жеткирилген.     Быйылкы окуу жылында мектеп жашындагы өспүрүмдөрдүн катышуусунда жол кырсыгы катталган жок.

— Жаңы мектептер, бала-бакчалар курулдубу? Деги район аймагында канча мектеп, бала бакча жетишпейт?

 —  Жалпы билим берүүчү мектептерине 2016-2017-жаңы окуу жылына карата кезектеги  ремонт иштерин жүргүзүү  үчүн республикалык каржы министрлигинен 1 млн 648 миң 700 сомго кезектеги  ремонт иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле билим берүү бөлүмүнө караштуу  жалпы билим берүүчү мекеме-уюмдарында жергиликтүү бюджеттин, ата-энелердин, демөөрчүлөрдүн жана мамлекеттик эмес уюмдардын жардамында   31 млн 450 миң сом каралды. Бөлүнгөн жана тартылган акча каражаты өз орду менен сапаттуу пайдаланылып, 2017-жылдын ушул күнүнө  карата ремонт иштери жүргүзүлдү.

            Райондо авариялык абалдагы мектептердин жана балдар бакчасынын саны-7. Алар: 1-Май айылдык аймагындагы  Кара-Үңкүр, Совет, Ажек орто мектептери, Өрүктү айылдык аймагындагы №17 А.Жуманазаров, Көк-Серек айылдык аймагындагы №25 М. Турсунбеков атындагы жана №33 Кош-Болот орто мектептери, Ала-Бука айылдык аймагындагы №15 Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектептери, аАл эми мектепке чейинки билим берүү мекеме уюмдарынан Ак-Там айылдык аймагында “Чынар”, Т. Балтагулов атындагы айылдык аймагында “Мээрим” жана “Тилек” балдар бакчасынын имараттары авариялык  абалга келген.

Ошондой эле билим берүү бөлүмүнө караштуу  жалпы билим берүүчү мекеме-уюмдарында жергиликтүү бюджеттин, ата-энелердин, демөөрчүлөрдүн жана мамлекеттик эмес уюмдардын жардамында   31 млн 450 миң сом каралды. Бөлүнгөн жана тартылган акча каражаты өз орду менен сапаттуу пайдаланылды.

Ушул мезгилге Жаңы-Шаар орто мектебинин  курулушуна 8.5 млн сомго пайдубалы толугу менен көтөрүлүп бүттү. 1-кабатын дубалдарын тургузулган.  2016-жылдын  10-августунан бери иш токтоп турат. Ал эми №9 Т. Жоробаев атындагы орто мектебинин  курулушуна 27,8 млн сом акча каражатына мектептин, от жагуучу имараттын жана спорт залдын курулуштары толугу менен бүткөрүлгөн. Мектептин ички жасалгалоо иштери калган. Учурда толук кандуу иш жүрүп жатат. №18 Ж. Бешимов атындагы  орто мектебинин имаратына жаңы курулушу үчүн  26 млн сом акча каражаты сарпталып, ага мектептин жана спортзалдын чатыры толугу менен жабылды. От жагуучу имараты бүттү. Имараттын ички жасалгалоо жумуштары калып, 2017-жылдын 1-июлунан  иш кайрадан башталды.

Учурда имараты авариялык абалда болгон  Ж.Бөкөнбаев, А.Жуманазаров, М.Турсунбеков атындагы жана Ажек, Кара-Үңкүр, Совет орто мектептеринин,  ошондой эле “Чынар”, “Тилек” жана “Мээрим” МЧББУнын имараттарын толугу менен куруу кийинки 2018-2021-жылдарга долбоорго киргизүү зарылдыгы турат.

Азыркы күндө 46 жалпы билим берүүчү мектептердин ичинен 27 мектеп таза суу менен камсыз болгон.

— Мектепке чейинки билим берүү жаатында эмне өзгөрүү, жаңылануу болуп жатат? Кандай көйгөйлөр бар?

 —           Мектептерде   жана   мектепке чейинки билим берүү уюмдарында  интерактивдүү доскалар менен камсыз кылууну колго алдык. Бул көйгөйдү чечүү максатында райондук жергиликтүү бийликтен баштап башка донордук уюмдарга долбоорлорду өткөрүү максатында иш алып баруудабыз. Ала-Бука районунда 31 балдар бакчасы иштейт.

Азыркы учурда мектепке  чейинки   мекемелерге  балдарды тартуу  талабы   күчөгөндүктөн  Бирлешкен, Ажек, Өрүктү-Сай айылдарына бирден  бала бакча  куруу жана  аларга штат бирдиктерди  чечүү маселеси турат.

Гүлмайрам Сабирбекова, “Аймак”

Автор

Архив

ПнВтСрЧтПтСбВс
      1
23242526272829
3031     
    123
       
 123456
78910111213
28293031   
       
     12
31      
   1234
567891011
       
293031    
       
     12
       
  12345
6789101112
       
  12345
6789101112
2728     
       
      1
3031     
   1234
       
282930    
       
     12
31      
   1234
12131415161718
       
1234567
891011121314
15161718192021
293031    
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
1234567
15161718192021
22232425262728
29      
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
30      
   1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930    
       
     12
3456789
31      
  12345
13141516171819
2728293031  
       
15161718192021
22232425262728
2930     
       
    123
18192021222324
       
  12345
6789101112
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
      1
232425262728 
       
   1234
       
293031    
       
     12
       
  12345
       
2930     
       
    123
       
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
30      
   1234
       
78910111213
14151617181920
282930    
       
     12
31      
     12
2425262728  
       
  12345
       
      1
23242526272829
3031     
    123
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30      
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17