Аймак

Мамат АЙБАЛАЕВ: «Биздикилер Өзбек жана Тажик бийликтери менен теңата сүйлөшө алышпайт!»

Мамат АЙБАЛАЕВ: «Биздикилер Өзбек жана Тажик бийликтери менен теңата сүйлөшө алышпайт!»

 2,217 Бардыгы /

Мамат АЙБАЛАЕВ: «Биздикилер Өзбек жана Тажик бийликтери менен теңата сүйлөшө алышпайт!»

Мамат АЙБАЛАЕВ – Баткен облусунун туңгуч губернатору. Жердештерине Кыргыз Өкмөтү өзгөчө күңүл бөлбөсө, аймак таптакыр өнүкпөй жайдак калаарына ичи тызылдап тургандыгын жашырган жок.

– Мамат мырза, амансызбы? Айрым Жогорку Кеңеш депутаттарынын Баткен облусун биротоло жоюу демилгесине кандай карап жатасыз?

– Аманчылык. Бул эми Апенди кишинин демилгеси. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн алгачкы жылдарында ээн калган Баткен жергесин өзүнчө облуска айландыруу туптуура жана эң калыс чечим болгон деп эсептеймин. Эми ушунча жылдан кийин кайрадан артка кайтууга дегеле мүмкүн эмес! Бизде андай жол дагы жок!

– Дегиңкиси, ушул талылуу маселени башка өңүттө кандайча чечкен оң?

– Баткен облусу быягынан Өзбекстан, тиягынан Тажикстан менен чектешет. Жер, суу жана чекарабыз абдан чалкеш жайланышкан. Эгерде делимитация жана демаркация маселесине эртелетип чекит койсок, түбөлүк талашыбыз түгөнөт эле. Чырдашуу дагы таптакыр азаймак. Антпесек, жаштарыбыздын басымдуулугу Баткендин келечегинен өлө катуу чоочулап, Бишкек шаарына жана Чүй бооруна тынбай көчүп кетип жатышат. Чукул арада муну тыйбасак, кийин мунун азабын куп тартабыз. Анда бармак тиштегенибиз түккө арзыбай калат, эй.

– Мамат мырза, дегеле айрым облустарды жана райондорду ирилештирүү демилгесине кандайча караар элеңиз?

– Тээ Союз кыйрагандан кийин эйфорияга азгырылып, көп облус-райондорду ирилиштерип, бири-бирине кошуп эмне таптык, ыя? Албетте, биз мындан таптакыр уткан жокпуз! Мобул коңшу мамлекеттер Өзбекстан жана Тажикстан дал ошол Совет доорундагы түзүмдөрү менен эле сонун жашап жатышпайбы. Анын үстүнө алардын губернаторлору биздин азыркы акимдер, же Өкмөттүн облустагы өкүлдөрү менен теңата сүйлөшүшпөйт. Аларды дилгир киши же жетекчи сыңары санашпайт дагы. Туура кылышат. Анан кай жактан маселе чечилет, эй. Дагы өкүнүчтүүсү: менин жеке баамымда, соңку жылдарда жер-жерлердеги бийлик органдарына иштин көзүн айттырбай билгендер эмес жалаң чөнтөктүүлөр, айрыкча бизнесмендер жетекчи болуп дайындалып жатышат. Дал ошолор бийликтин абийирин айрандай төгүп, элдин тилин таба алышпай моминтип ит болуп, борбордук бийликти дагы уят кылып жатышат, эй.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17