Аймак

Абдирашит Султанбаев актер, режиссёр-сценарист: «МАДАНИЯТТЫ КӨТӨРҮҮ ҮЧҮН АР БИРИБИЗ МАДАНИЯТТУУ БОЛУУБУЗ КЕРЕК»

Абдирашит Султанбаев актер, режиссёр-сценарист: «МАДАНИЯТТЫ КӨТӨРҮҮ ҮЧҮН АР БИРИБИЗ МАДАНИЯТТУУ БОЛУУБУЗ КЕРЕК»

 2,695 Бардыгы /

Нооруз, Эгемендүүлүк майрамында таланты жок эле окуучулар менен студенттерди ырдатып, бийлетип, элге салтанат тартуулагандардын сахна артында көпчүлүк биле бербеген баштоочусу бар. Ал режиссер. Бүгүн биз облус боюнча район, шаарлардын юбилейлик салтанаттарынын сценарийин жазып, сахналаштырып элге майрамдык маанай тартуулап жүргөн көп кырдуу талант, маданияттын  мыкты кызматкери, мугалим, сценарист, режиссер- коючу Абдирашит Султанбаевди тааныштырабыз. 

КААРМАН ТУУРАЛУУ:

  • 1959-жылы 2-июнда Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айылында туулган;
  • 1979-жылы Жалал-Абаддагы педагогикалык орто окуу жайынан орус тили мугалими адистигин алган;
  • 1983-жылы Фрунзедеги Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун режиссёрдук факультетин аяктаган;
  • Купулуна толгон ролу – А.Вампилов «Өткөн жайда Чулимскийде»- Мечеткин,К.Гольдони «Кьюджидеги чыр-чатак»- Фортунатанын образы;
  • Мыкты санаган спектаклдери – Дипломдук иш Т.Суванбеков «Утуш», Т.Абдымомунов «Ашырбай», К. Жапаров«Кыздардын өчү»,М. Байджиев «Адашкан адам», С.Абдыкеримов «Манкурттун  кайтып  келиши» пьесалары.

ООРУ МЕНЕН АЛЫШКАН БАЛАЛЫГЫМ…

Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагына караштуу Коммунизм айылында туулгам. Атам шопур болсо, апам бала бакчада иштеген. Менин атымды аваларым Абди деп коюшуптур. Кийин күбөлүк алганда Рашитин кошуп биротоло Абдирашит болуп калыптырмын. Балалыкты эстегенде апамдын бизге кичинебизде очоктун боюнда олтуруп алып жомокторду айтып бергени ананооругандарым эстен кетпейт. Керебетте жатып, томсоруп үйдөгүлөрдү күтүп… Анткени 3-класска көчүп жаткан учурда кыштын күнү ойноп жүрүп белимди кокустатып алгам. Анан Фрунзенин (азыркы Бишкетин)четиндеги Воронцавка айылындагы ооруканада 3 жыл гипсте жатканмын. Эне деген эне да, баласы ооруганда жаны калчу беле. Үйдүн баарын унутуп мен ооруганда ооруканадан оорукана калбай алып жүрдү. Эгиз карындаштарым бар, аларды деле жакшы карай албады байкуш. Кийин Воронцовкада жатып калганымда бир жылда эки жолу барчуэле. Анан бир күнү «Кызыл гүл» деген ырдын текстин мага жазып жибериптир. Ырдап алаксысын деген го. Ооруп жүргөн жылдары көп кыялданчумун. Жомокторду орусча окуп, орус тилин билип алдым. Чыгармачылыкка кызыгуум ошондо башталган деп ойлойм. Жомокту көп окуганданбы же кинону көп көргөндөнбү фантазиям күчөп, ичимдегинин баарын кагазга түшүрүп койчу болдум. Тура албайм да, кечке жатам. Баса албагандыктан ой кыялымды калем менен сүрөт кылып тартчу элем. Азыр ойлосом балким ошол сүрөт тартуу менен менде режиссердук касиет ойгон го деп. Албетте дарынын, медицинанын күчү менен бутка турдум. Атам мага катуу сүйлөчү эмес, ооруп жүрсөм.Жаман нерсе да айтпай эркиме койгон. Бул өкмөттүн баласы деп койчу. Өчүр десе болбой телевизордон концерттерди көрүп, чырактын жарыгында китеп окуп, айтор каалаганымды кылчум. Анан мектепке келип бир класс ылдый окуп калдым. Мектепте коомдук иштерде активдүү болдум. Никулин, Винцин, Радж Капур  болуп эле ролдорду аткарып, интермедиянын түрүн ойноп жүрдүм. Бизди мугалимдер бир нерсе уюштургугла  деп талап кылып чогултчу эмес. Өзүбүздү өзүбүз баштап эле кароо-сынактарды уюштуруп калаар элек. Комсомол болгонго аябай кызыгып, Осмоналы, Жанышбек, Зайнабидин деген досторум менен төртөөбүз чогуу классбыздын алгачкы комсомолу болдук. Биз абдан ынтымактуу элек. Зайнабидин ыр жазчу, мен орус адабиятынан орустун акындарынын ырларын укмуш көркөм окучумун. С.Пушкиндин, Есенинди, Маяковскийдин чыгармаларын келишитирип койчум.Орусчаны жакшы өздөштүрүп алгандыктан сегизди аяктап эле Жалал-Абаддагы педагогикалык  училищага тапшырып 32 кыздын ичинде жалгыз  бир бала окуп бүтүм.

СТУДЕНТ КАРООЛЧУ БОЛДУМ

Студенттик күндөр кызыктуу өттү. Эртең менен курортко чуркап, шашки менен шахматы жакшы ойночум. Кийин студенттер арасында Ош облусунда биринчиликти алгам. Ошол күндөрдүн биринде Равил деген бийчи жигит менен таанышып калдым. Ал азыркы Барпы театры, анда Маданият  Сарайы эле ушул жерде иштейт экен. Маданият  Сарайынын алдында орус элдик театры бар эле. Күндүз окуйм, кечинде ошол элдик театрга келем. Кийинчерээк роль аткарып, спектаклде ойноп калдым. Окууну бүтүп орус элдик театрынын жетекчилигинин рекомендациясы менен ата-энеме айтпай искусство институтунун режиссердук факультетине тапшырдым. Анан ата-энеме кат жазгам. Алар таң калышып, бизде чыгармачылыкка кызыгуу да жокбул кайдан деп. Атам да, апам да ата-энесинен эрте ажырагандыктан билишпейт экен. Көрсө чоң атам Султанбай чоң улакчы, комузчу болуптур. Биз тапшырганда 21 бала  элек. Кийин тандалып он экибиз студент болдук. Анын ичинен жетөөбүз гана окууну бүтүрдүк. Түштүктөн бир эле мен бүттүм. Ал кезде талап абдан күчтүү эле. Мен ага чейин педагогикалык орто окуу жайды бүтүргөндүктөнбү Фрунзедекыйналган жокмун. Ата-энемди кыйнабадым. Кечкисин Фрунзедеги эски аэропорт тарапта балдар бакчасында кароолчу болуп 2-жыл иштеп, окуп жүрдүм. Ошентип институтту аяктап кайра Жалал-Абадка келдим. Жолдомо менен Маданият  Сарайына (азыркы Барпы театрына) элдик театрдын  режиссеру кызматка келип, бир топ  спектаклдерди сахналаштырып, район-шаарларды кыдырып гастролдоп жүрдүк. Маданият техникумунда (штаттан тышкары кошумча) театралдык  сабактар боюнчамугалим болуп  бир топ жылдар иштеп, көптөгөн клубдук  кызматкерледрди жана театралдык арттисттерди тарбиялап-өстүрдүм.

АКТЕРЛОРДУ ПЛАСТИЛИНДЕЙ ИЙЛЕП

Режиссер- бул сүрөтчү, уюштуруучу, педагог-тарбиячы. Чыгармачылыкта  өз кесибин сүйгөн  жана кесибине  күйгөн  режиссер өзү  койгон спектаклге  эч ичи чыкпайт. Бари бир бүткөндөн кийин ушул жерин минтсем болмок, тигинсем боломокдеп калабыз. Кийинкисинде башкача коём дейсин бирок ошол коюп атканда же мурдагыдай актер жок болуп калат же беркиси жакшы ойной албай калат. Актёрлорду тарбиялаган биринчи орунда режиссер болот. Бир актёрду тарбиялоодо пластилинди же чопону кандай ийлесең ошондой мыжыгып керектүү образга саласың. Артисттен мурда сен ошол кейипке кирип, ошол менен жашайсын, анан актёрдон аны талап кыласың.  Сенин аракетиңе карап актер өзүн ошого алып келет.Ал да сага жардам берип күнү-түнү ошол образ менен алышат. Актер деген түрдүү ролду жаратышы керек да. Бүгүн ал интелегентти ойносо, эртең бир терс  кейипкерди же жезкемпирди аткарат. Режиссердун  жардамы  менен актердук  чеберчилиги  өсүп, айрымаланып  түрдү  образдарды  жарата алат. Эгерде актер өз чеберчилигинин үстүндө чыгармачылык  изденүү менен  иштебесебир типаждуу актер болуп  кала берет. Театр деген жандуу искусттво да. Бир учурда, ошол мүнөттөр гана калат. Аны кайра ошондой жакшы же жаман аткара албайсың. Кинодогудай кайра улам 20 жолу тартып, андан жакшы кадрын тандап олтурбайсың. Бир аткардың калды,бүттү. Ошонусу менен баалуу да. Ушул күнгө чейин мага жаккан спектаклим Садыралы Абдукеримовдун «Маңкурттун кайтып келиши» трагедиялык чыгармасы. Көңүлдөгүдөй болду деп автор айткандыктан мен да ошол ишиме канааттанам. Себеби, Ал киши драматург катарында  бирге иштегендиктен репетиция учурунда  анча –мынча  талаш-тартыш талкууларды жүрүп, өзөртүүлөрдү киргизүүгө көп  жардам  берди. Жаш кезде комедияны көбүрөөк коюп жүрдүм. Кийин бара-бара жаш улгайган сайын тематикалык, драмалык пьесаларды коюп калдым. Бүгүнкү көйгөйлүү, актуалдуу маселелерди көтөргөнгө аракет жасайм. Азыркы биздин жашап жаткан коомдо көйгөй абдан көп.  Мына  ошого  байланыштуу  телевидение  тармагында актууалдуу маселелерди  көтөргөн :  «Кел,  замандаш  келечекти  түптөйү!»  (2-минуталык), «Шаарыбыздын  келечеги, өз колубузда»  (35-минуталык), «Бир  үй-бүлөдөй  ынтымакта кечиримдүү  бололу!»  (2-минуталык),   «Мыйзамдуу тынч  митингдерди  колдойбуз!»       (3-минуталык) , «Шаарыбыздын  келечеги  жаштардын  колунда!»  (3-минуталык) аттуу  социалдык  роликтерим  телевидениялар  аркылуу  элге  көрсөтүлгөн .

Мурда биз жашап өткөн  СССР– коммунизм жыргалчылык   заманы  болгон экен деп ойлоймун.

ЭЛ МЕНЕН ИШТЕГИМ КЕЛЕТ

Мен өзүмүн  кесибим  элдик театрдын режиссеру болгондуктанбы  элдик театрдын коллективдери менен көп иштедим. Мага эл менен, профессионал эмес адамдар менен иштешкен жагат. Себеби, жөнөкөй жарандар  сахнада ойногондо чыныгы образ ачылат. Ал эми профессионалдар ойногондо алар штамп менен ойноп коюшат. Анткени алар  сахнада жашаганды, кай жеринде эмне кылыш керектигиндигин жана сахна мизансеналарын жакшы билишет да. Ал  эми элден чыккан  жөнөкөй  1 пайыз таланты  бар адамды  да профессоналдык деңгээлге жеткирсе болот. К.Станиславский айткан экен; “Адам баласында 1 пайыз талант болсо 99% үзгүлүтүксүз киш-аракет менен өзчеберчилигин профессионалдык деңгээлге жеткирсе болот” деген экен. Эгерде эмгек сиңирип койдум деп иштебей койсоң ,талант  да өчөт. Ошол 99 пайызга жеткенден кийин сен анын 70%тин дайыма эмгектенип, өзүңдүн үстүңдөн (самообразование) өзүң чыгармачылык  менен иштеп турсаң сен өз кесибиндин абройун сактап каласың.  Ал  эми1993-жылдан  бери  шаарбызда салтка  айланып калган «Нооруз», «9-май», «Эгемендүүлүк», «Жаңы-жыл», «Мамлекттик  тил  майрамы», «Ыр кесе» ж.б.у.с. массалык  майрамдарга сценарий жазып; – сценарист, башкы  режиссер-коючу  катарында  жекече  салым кошуп үзүрлүү  чыгармачылык менен  эмгектенип келе жатам. Ошондой  эле Жалал-Абад областтындагы  Ноокен, Тогуз-Торо, Ала-Бука, Чаткал райондорунун  жана  Жалал-Абад, Көк-Жаңгак, Кочкор-Ата,  Майлуу-Суу, Таш-Көмүр  шаарларынын 50-60-70-80-жылдык  той-мааракелерин уюштуруп өткөрүүдө ачык асман алдындагы  массалык  тетраладаштырылган оюн-зоокторго сценарист, башкы  режиссер-коючу катарында  бир –эки айлап район-шаарларды  кыдырып  иштеп  жүрөм. Мунун бир жакшы жери театрда көрүүчү сахнанын чегинде гана көрөт, ачык асман алдындагы  сахнада же  оюн-зоок тааласында  тегерегиңдеги көрүүчү-эл ар тараптан көрүп турушат. Бардык салтанаттардын сахналаштырылуусун сценарийинен тарта өзүм жазам. Район-шаарларга барганда  ал жердин каада-салтын, үрп-адаттын, элдин өзгөчөлүгүн, тарыхый жерлерин, инсандарын окуп, изилдеп мен ошол жерлик болуп кетем. Чаткалга барсам Чаткалдык, Ала-Букада болсом Ала-Букалык болуп алам. Ошол сахналаштыруу башталгандан бүткөнчө менде чоң тынчсыздануу болот. Сценарийди бир ай жазып, бир ай  массовка-элди даярдап мээнет кылам, анын акыбети чыкса экен дейм. Анан салтанат аяктаганда кадимкидей жеңилдеп калам.

МАДАНИЯТТЫ КӨТӨРҮҮ ҮЧҮН ПЛАНКОЮЛУСУ КЕРЕК

Жалпылап айтканда өкмөт көңүл бурууга аракет жасап эле жаткандай. Жасап жатабыз, карап атабыз дешет, бирок ошончолук айтканындай болбой жатат. “Маданият жана тарых жылы” деп былтыр башталып, быйыл “ Ыйман, адеп жана маданият жылы” улантылып келет.Бирок ошол өз деңгээлине жетпеди деп эсептейм. Мындай бир толук кандуу иш болбой,үстүрттөн эле каралгандай болуп жатпайбы. Чыныгы маданиятка көңүл бурууда стартегиялык план болушу керек. Илгери союз кезинде 5-10 жылдык деп каралчу. Мисалы 5 жылда ушул чөлкөмдө мынча маданий  мекеме имараты курулат, ушундай иш чаралар өткөрүлөт деп бөлүштүрүлчү.Азыр андай эмес да. Анан бизде бизнесмендер медценант катары, чыгармачылыкты баалаган адамдар бир демилге көтөрүп бир маданият үйүн куруп же оңдоп бергенин көргөн жокпуз. Спорт комплекстерин ачышат, футбол аянтчаларын курушат бирок маданиятка көңүл бурган бир да акчалуу азаматты көргөн жокмун, тилекке каршы. Маданиятты өнүктүрүү үчүн ар бир адам маданияттуу болушу керек. Маданият- үй бүлөдөн башталат. Балдарды маданияттуу тарбияласак, коом маданияттуу болот. Анан өкмөт да маданият кызматкерлерине сыйлык берип, жаш баланы короз кант берип алдагандай кылбай өнүктүрүүнүн стратегиялык жолдорун издөө керек.

ЖУБАЙЫМ МЕНДЕН АШКАН СЫНЧЫ

Кеч үйлөндүм. Окуп жүргөндө окуу деп  жүрүп, бир  да кыз жакпай келип, анан Жалал-Абадда иштеп жүрүп азыркы аялым менен таанышып калып, жактырышып үйлөндүк. Ал  кесиби боюнча технолог-тигүүчү , бирок аны мен чыгармачыл адам эмес десем туура эмес болуп калат ко. Анткени тигүүчүлүк да чыгармачылык да. Азыр шаардык маданият Сарайында 1996- жылдан бери кийимгер болуп иштейт. Менин чыгармачылык иштеримди сындап колдоп келет. Азыр менден өткөн сынчы, анча- мынча спектакль же кинону  чогуу бирге көргөндө менден өтүп талдап коёт. Айтат ко, акын болсоңжубайың да акын болуп калат деп. Анын сыңарындай ал да режиссёр болуп калган. Ортобузда 2 кыз, бир уулубуз бар. Кыздарымды тууруна кондурдум. Уулум  үйлөнүпжайлана элек. 7 неберем бар. Менин жолумду балдарым жолдободу,балким неберелерден чыгаар  деген  үмүтүм бар.

Гүлмайрам Сабирбекова, «Аймак»

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17