Аймак

ӨРНӨКТҮҮ ӨМҮР

ӨРНӨКТҮҮ ӨМҮР

 4,682 Бардыгы /

РАЗАКОВА Рабыхан Токтосиновна -Азыркы Сузак районундагы Колдош Юлдашев атындагы бир эле мектепте 36 жыл иштеп балдарга биология сабагынан сабак берип, мектепте тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары, мектеп директору болуп эмгектенип, алдыңкы мугалимге татыган. Үзүрлүү эмгеги үчүн мамлекет тарабынан бир топ сыйлыктар жана ардак  грамоталар менен сыйланган. Эл агартуунун мыктысы, ардагер мугалим төш белгилеринин ээси.  Көп жылдык үзүрлүү эмгеги эске алынып мектеп жамааты тарабынан Рабыхан Разакова  иштеген биология кабинетине анын ысмы  берилген. Учурда Рабыхан Разакова ардактуу эс алууда. Бош убакта ырлар жазып, неберелерин тарбиялоо менен алектенүүдө.

ӨМҮРЛҮК ЖОЛДОШУМДУ АТАМ ТАПКАН

Мен 1961- жылы 2-сентябрда Өзбекстан Республикасынын Анжиян областында кызматчынын үй- бүлөсүндө туулгам, улуту кыргыз. Эң алгач Анжиян областындагы Лермонтов атындагы орто мектепке 1- класска кирип, 1978-жылы мектепти аяктаган. Ата-энем экөө тең билимдүү болгондуктан мени 1979-жылы Анжиян Мамлекеттик педагогикалык иститутунун биология факультетине тапшыртып,  аны ийгиликтүү аяктап биолог адистигине ээ болдум. Окууну бүткөн соң атам  Коргон-Төбөдө  фермада болуп иштегендиктен болочок кайнатам экөө кесиптеш болуп көп жерде бирге жүрүп дос болуп калышкан экен. Алар менде кыз, сенде уул бар экен дешип бири бирибизди көргөзбөй эле кудалашып коюшат. Мен жолдошумду той күнү гана көрүп эле жактыргам. Көрсө ата-энелер адашпайт экен. Ошентип 1981-жылы Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Атабеков айыл өкмөтүнөн өмүрлүк жолдошумду таптым.

МУГАЛИМ БОЛУШУМА АПАМДЫН САЛЫМЫ ӨТӨ ЧОҢ

Анткени апам мугалим кесипти баалаган инсан. Апам “бул дүйнөдө билим алып, балдарга билим берүү эң чоң сооп иш” – дечү. Биз 7 бир тууганбыз.  Ата-энелерим  баарыбызды тең мугалимдик кесиптин ээси кылышкан. Ар бир бала үчүн кесип тандоодо эненин салымы чоң болот экен. Мен орус класста окуганмын. Апамдар жайлоого чыгышчу, ошондо апам өзү менен кошо таңгак китептерди да ала чыкчу. Анткени бизди бош жүрбөсүн деп ошол китептерди окуп бүтүргүлө деп ар бирибизге таркатып берчү. Атам өкмөттүн иши деп кээде үйгө келгенин көрбөй деле калчу элек. Көрсө апам бизди билимдүү болушса экен деп көп аракет кылган экен. Ошол тилегин балдары баарыбыз билимдүү болуп аткардык. Анткени билимдүү болсоң жолдо калбайт экенсиң. Ушулардын баарын апам билген тура.

КАЙЫН ЖУРТУМДУН ЖАКШЫЛЫГЫНАН ИШИМДЕ ТОСКООЛДУК БОЛГОН ЖОК

Кайын атам раматылык билимдүү киши болгондуктан билимдүү кишилерди абдан сыйлап мени менен да ар дайым сыймыктанчу. Ал эми кайын энем болсо, балдарымды бооруна алып өзү бутка тургузуп чоңойтту. Мен балдарыма алаксыбай  бардык дитимде мектепке коюп иштедим. Бул инсандар өз ата – энемдей болуп, алар мени келин эмес өз кызындай кабыл алышты. Кыйналсам колдошту, жардам беришти. Өмүр бою мен аларга таазим этемин. Мына ошондуктан жумуш менен үй -бүлөмдүн ортосунда эч кандай тоскоолдук болгон эмес. Бул  бүгүнкү күндөгү кээ бир үй -бүлөлүү жаш келиндерге жат көрүнүш болушу мүмкүн. Бирок жашоодо менин кайын журтумдай жакшы инсандар да көп.

МЕН УСТАТТАРЫМА ЫРААЗЫМЫН

Азыр жаш мугалимдерге бардык шарттар бар. Мени кубандырганы техниканын жетишкендиги.  Бизге караганда жаштар жаңычыл педагогикалык методикалар менен иштесе болот. Жаш мугалимдерге талеранттуулук,  мээримдүүлүк сабыр менен сабак өтүүнү  сунуштайт элем. Анткени заманга жараша азыркы окуучулар көптү билүүгө умтулат. Алар менен дайыма сылык жана тыгыз мамиледе болуш керек.

Жумушка жаңы кирген кезимде ушул коллективдин алдыңкы мугалимдери Хызыр Карабажаков, Абдурасул Акбалаев, Камал Батырбеков, Анаркан Кимсанова, Амина Кадырова, Түлкүбай Елбарсов ага окутуучулардын мага үйрөткөн салымдары өтө чоң. Келиндин келгени эсте калат дегендей, бул инсандар мени бир боорундай кабыл алышып педагогиканын ыкмаларын үйрөтүшкөн. Устаттарымдан алган тажрыйбаларым мени ийгиликтерге гана алып барган. Мен буларга көптөн көп ыраазымын.

ШАКИРТТЕРДИ ДА ТАРБИЯЛАДЫМ

Мен бир мектепте 36 жыл иштөө менен өзүмдөй болгон шакирттерди да тарбияладым десем болот. Шакирттерим аябай көп. Алар учурда Кыргызстандын өнүгүүсүнө салымын кошуп жаткан мугалимдер Өмүрбек Батыров, Гулмайрам Боркошова, Азиза Батырова, Кайым Жакшыбаев, Гулзада Батырова, Гулнара Халдарова.  Ал эми мен окуткан окуучуларым элдин керегине жарап врач болуп иштеп жаткандары да бар. Алар Абдымалик Саипжанов, Айнагул Исмаилова, Нуркан Жумабаева, Динара Назарова, Шавкатбек Ташиев, Жасурбек Абдумоминов дагы башкалар.

АЯЛДЫН БАКТЫСЫ БИРИНЧИ ҮЙ-БҮЛӨ

Жолдошум Курманбек Насиров милициянын мыктысы жана ардагери жакшы ыймандуу инсан, жашоодо мага дайыма өз жардамын,  кеңешин берип келет. Бир уул, үч кыз тарбиялап өстүрдүк. Балдарымдын бардыгы жогорку билимдүү, жашоодо өз ордун табышкан. Уулум Диярбек Насиров тарых мугалими. Улуу кызым Шахноза Насирова  журналист, Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү.  Ортончу кызым  Дилноза Насирова орус тили мугалими, учурда Москва шаарындагы “Афина” соода борборунда менеджер болуп иштейт. Кенже кызым Диля Насирова башталгыч класстардын мугалими, азыр балдары кичине болгондуктан убактылуу иштебейт.   Келиним Манастын урпагы Таластын сулуу периси Эркайым. Аллах келинимен ыраазы болсун. Жалгыз уулумду көбөйтүп төрт баланы төрөп үйүбүздү периштелерге толтурду. Мага кайненем кандай мамиле кылса, мен дагы келиниме өз кызымдай мамиле жасайм. Жалпы 10 неберенин бактылуу чоң эне жана тай энесимин. Жаратканга шүгүр дайыма үй- бүлөм менен сыймыктанамын.  Кыргызстандын өсүп өнүгүшүү үчүн “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып эмгектенишибиз керек. Жаштарга туура багыттагы тарбияны берип, келечек муундарыбызды таза сактоо, улуу муундардын милдети. Кыргызстанда жашап жаткан ар бир атуулга сабыр тилейм. Келечекте  Кыргызстаным өсүп өнүккөн өлкөлөрдүн катарында желеги желбиреп турсун деп Жараткандан тилеймин.

МЕКЕН ҮЧҮН ЖАНЫМ КУРМАН

 

Кылымдарды каарыткан кыргыз элим

Ырысыңды адал кылып берген жериң

Рабым өзүн колдогун Кыргызымды

Гайыптан бер тынчтык ырыскысын

Ыр жазайын талыкпай кыргызыма

Заман менен тең  тайлашып өсүн деймин

Сар санаага батпагын эч убакта

Таалайлуу кун кутуп турат алдында

Алладан тилеймин ошол кунду

Насип кылсын кыргыз элим кыргызыма.

 

РАБЫХАН РАЗАКОВА ЭЖЕЙ ТУУРАЛУУ ПИКИРЛЕР

Сажда НАСИРОВА, кайын энеси:

-Менин беш келинимдин улуусу жана акылдуу сулуусу, келин эмес кызымдай Рабиямдан эки дүйнө ыраазымын. Төрт баласын тең кырк күндүгүнөн баштап өзүм багып чоңойттум. Ал кезде биология мугалими жетишсиз болгондуктан мамлекеттин жумушуна эч ким кайдыгер эмес эле. Мына ошол эмгегинин артынан эл журт ичинде абийир тапты. Неберелерим дагы жашоодо жакшы инсандар болуп чоңоюшту, көз тийбесин дайыма дуба кылып келемин.

Өмүрбек БАТЫРОВ, №72 К.Юлдашев жалпы билим берүүчү орто мектептин директору:

-Мугалимдик кесип окуу тарбия менен келсе Рабыхан эжекейде канында бар. Балдарга тарбия, билим берүүдө өзгөчө шыгы бар. Окуучуларына гана эмес, өз балдарына да эң мыкты тарбияны берген. Улуу жазуучубуз Ч.Айтматов айткандай “Адамга күн сайын адам болуу эң кыйын” -адамдардагы эң жакшы сапаттарды Рабыхан Разаковадан көрүүгө болот. Мектеп директору болуп жетишиме да салымы чоң. Өзүмдү эжекейдин шакирти деп эсептейм. Ал мектеп директору болуп турган кезде жылытуу системасын АРИС  долбоорунун негизинде ишке ашырган. Азырга чейин мектепте жылытуу системасы боюнча нараазычылыктар жок. Ошондой эле ЮСАИД долбоорунун негизинде спорт  зал, спорт  аянтчасы оңдолуп, формалар алынып келинген.  Мектеп үчүн бир топ жакшы жумуштарды аткарган. Дагы да өзүнүн ысымы коюлган биология кабинетинде эң жакшы окууган окуучуларга жыл сайын акыркы коңгуроодо 200 сомдон 500 сомго чейин өзүнүн демилгеси менен сыйлык тапшырууну сунуштады. Рабыхан эжеге үй- бүлөлүк бакыт, ден соолук каалаймын.

 

Элмира ТОЙГОНБАЕВА, математика мугалими:

-Рабыхан эжекей чын жүрөктөн иштеген чыныгы ардактуу мугалимибиз. Ар бир сабагын кызыктуу, чыгармачылык менен өткөн. Ардактуу эс алууга чыкса дагы биз менен байланышып акыл насааттарын  берип келүүдө. Рабыхан эжекей жаштардын жүрөгүнө өзүнчө, чоңдорго өзүнчө мамиле кыла алат. Ушул мектептин түптөлүшүнө эң чоң салымын кошкон эжекейлерден. Биз ар дайым Рабыхан эжекейди сыйлайбыз, кадырлайбыз.

Клара АШИРБЕВА, орус тил мугалими:

-Орус тилинде айтканда “Учитель с большим буквум” Рабыхан Токтосиновнага таандык. Мына ушундай мугалимдер коомго ар дайым керек. Жаш мугалимдерге психологиялык жана маралдык жактан дайыма жок дебей жардамын берип чынчыл, адамгерчиликтүү жактарын көрсөтө билген мыкты педагог.

Гүлмээрим КАРАБАЕВА, кыргыз тили мугалими:

-Рабыхан эжекей менен көп жыл иштештик. Эжекей чыгармачылык жана инновациялык усул менен иштеген мыкты мугалим. Район, областта дагы химия, биология боюнча эмгектери жайылтылган. Бир нече жылдардан бери райондо насаатчы мугалим катары белгиленген. Бир топ шакирттерди чыгарган. Жаштарга өзүнүн ыкмаларын үйрөтүүдөн эч качан тажабаган. Ар дайым Рабыхан эжекейдин окуучулары олимпиадаларда алдыңкы орундарга жетишкен. Мектеп жамаатынын атынан өзүмдүн атыман терең ыраазычылык билдиремин.

 

Акбермет Садыкова, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17