Аймак

Шайлообек АТАЗОВ: “Кыргызстандагы кир саясаттан өлө тажадым. Спортту эми өмүр бою аркалаймын!”

 8,051 Бардыгы /

Шайлообек АТАЗОВ: “Кыргызстандагы кир саясаттан өлө тажадым. Спортту эми өмүр бою аркалаймын!”

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын акыркы күндөрү Орусиянын Анапа шаарында кикбоксинг боюнча дүйнөлүк чемпионат өткөрүлдү. Анда кыргызстандык команда жалпы эсепте биринчи орунду ээледи. Ал эми атактуу мушкер, кикбоксинг боюнча дүйнөнүн чемпиону, Ош шаардык Кеңешинин депутаты Шайлообек АТАЗОВ бул ирет экинчи орунду камсыз кылганга жарады.
– Шайлообек мырза, адегенде айтсаңыз, мурда Ош шаарындагы чоң мекеменин жетекчиси эмес белеңиз. Аткаруу бийлигинен жылаан чакпай, жылкы теппей, мынчалык бат жана биротоло кетип калдыңыз?

– Жашырып не. Мен табиятымдан эле спортчу экенмин. Ошондуктан, аткаруу бийлигинин казанында көпкө дейре толук кандуу кайнай албай койдум. Андыктан, мага чоң ишеним арткан мурдагы мэрдин дагы, анан өзүмдүн дагы, буга улай Ош шаардык автоунаа мекемесинин эмгек жамаатынын дагы шорун шорподой кайнатпайын деп кайра эле көнгөн кесибиме кош айтышпастан баса бердим.

– Орусиядагы Орусиянын Анапа шаарындагы кикбоксинг боюнча дүйнөлүк чемпионатта кандай ийгиликтерди жарата алдыңыздар?

– Бизди дүйнөлүк атактуу мушкер Александр ВОИНОВ машыктырды. Ошондуктан, жалпы эсеп боюнча кыргызстандыктар беш алтын жана үч күмүш медалды тагынып кайттык. Ырасында, Кыргызстан үчүн бул акыркы жылдардагы абдан эле чоң жетишкендик!

– Баса, мынча медалды багындыруу деле, чынында, оңойго турбагандыр?

– Албетте! Ичимдин эмдигиче тызылдап ачышканы: Кыргызстанда ушуп тапта Өзбекстан, Казакстан, Азербайжандагыдай ата мекендик спортчуларга жетиштүү көңүл бурулбай калды. Дегеним, аталган мамлекеттерде спортто абдан чоң ийгилик жараткандарга мамлекеттин социалдык камкордугу абдан күч. Маселен, бул үч мамлекетте чемпион кыз-жигиттерге Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан Өкмөттөрү бекер үй тартуулап, артынан машина дагы мингизишет. Аттиң… бизде деле, Кыргызстанда дагы ушинтишсе жарашпайт беле???

Ошону үчүн, танып не, айрым мекендеш спортчуларыбыз аргасыздан чет өлкөлөргө кетип, ошол мамлекеттердин атынан түрдүү мелдештерге байма-бай катышып жатышат. Мына, Казакстанга сапар тартаардын алдында мага деле үч мамлекеттен ушундай жакшынакай сунуш түштү. Бирок, мен жеткен мекенчилдигимди карматып, жеке кызыкчылыгымды чекеге жыйыштырып коюп, буга улай ал сунуштардан дароо эле баш тарттым.

– Биз билгенден, Ош шаардык Кеңешинин сессияларына дагы абдан активдүү катышып, көп маселелерди кабыргасынан коюп келатасыз. Мунун кесепети акыры–соң жеке турмушуңузга жана өзүңүздүн ишиңизге сөзсүз тиет деп эч чочулабайсызбы?

– Ыя айланайын, кыргыздар илгери эле айтып таштаган, “Чегирткеден корккон эгин экпейт”. Корксоң деле, коркпосоң деле ажалың жетсе, баары бир өлөсүң. Мен эч качан популизмге жетеленген жана азгырылган жигит эмесмин. Эл өкүлү катары заманбап көйгөйлөрдү Ош шаардык Кеңешинин сессияларында тынбай көтөрүп, алардын батыраак чечилишине көмөктөшүүгө гана мажбурмун.

Жашырып не. Соңку жылдарда элди байма-бай аралап, суу кечип, кетмен чаап, акыр-чикирин кошо тазалашкан мэрлерди чекесинен жок кылып, кызматтан дароо жана биротоло шыпырып жатышат. Бүгүнкү бийликке азыркыларга окшоп, “хоп!”, “ляппай!” деген, алардын камчысын тынымсыз чапкан “азамат Арзыматтар” керек экен, ошолорду гана, мындайча айтканда, абдан куу парламентчи Өмүрбек Текебаевдин колу менен жайлап, шайлоо деген шылтоо менен чекесинен кулатып, амалынан моминтип ит талагандай кууп жатышат.

– Шайлообек мырза, мурдагы мэр Мелисбек Мырзакматов жетектеген, силер мүчөсү сыңар эсептелген Улуттар Биримдиги партиясы алдыдагы Жогорку Кеңеш шайлоосуна катышабы?

– Кантип карап турабыз? Албетте, катышабыз! Азыркы мансапта олтурушкан айрым уурулардан, саясий сойкулардан жана касамкорлордон артыбызда бүтүндөй кыргыз турганда эч качан коркпойбуз! Тескерисинче, мындан ары булардын чекесине чыккан чыйкан болобуз! Буюрса, биздин партия ар улуттардын каймактарынан куралган жаңы жана абдан жаш күчтөрдү Жогорку Кеңешке алып баруу үчүн талыкпастан күрөшөт!

Ушул тапта Улуттар Биримдиги партиясы калкты тынбай кыдырып, жолугушууларды байма-бай өткөрүп, кайран элдин муң-зарын жеринде тыңдап, тамырын кармап атабыз. Мына жакында түштүктү түрө айланып, көп көйгөйлөр дагыле жеринде чечилбей үйүлүп жаткандыгын дароо аңдап, көзүбүз жетти. Эми мындан ары Кыргызстандын түндүгүн дагы текши кыдырып, эл-журтубуздун проблемаларын жеринде чечтиргенге көмөктөшөбүз.

Акырында эске сала кетчү жагдай: мен Кыргызстандагы кир саясаттан, чынында, өлө тажадым. Бул балакет, айрыкча саясий жемкорлук, биздеги бийлик бутактарынын бардык тармагына батыл жайылып, бекем орношуп алыптыр. Ошондуктан, таза адамды деле жөн иштетишпейт экен. Тескерисинче, аны деле бузууга далалат кылышат тура. Ошондуктан, мен мамлекеттик кызматтан спортко биротоло кеттим. Ал аркылуу кагылайын Ата Мекеним Кыргызстанды эл аралык алкакка тынбай алып чыгып, аны бүтүн дүйнөгө кең-кесири таанытууга гана өбөлгө жаратмакчымын.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз
СҮРӨТТӨРДӨ: Казакстанда өткөн дүйнөлүк чемпионаттан көрүнүштөр.
Сүрөттөр автордуку

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17