Аймак

Т.Акеров, саясат таанучу :”Коалициядагы партиялар катарларын күчтөндүрүү менен шайлоого барышат”

 2,736 Бардыгы /

Т.Акеров, саясат таанучу :"Коалициядагы партиялар катарларын күчтөндүрүү менен шайлоого барышат"

Ата-Журт” жана “Республика” партияларынын биригүүсү боюнча сиздин көз карашыңыз. Эмнени көздөө менен алар биригүү маселесин көтөрүп жатышат?

– Эң негизгиси бул эки партиянын лидерлери биригүү үчүн өтө ыңгайлуу мезгилди тандап алды. Эгерде алар бул мезгилди өткөрүп жиберишсе, анда аларды көрөгөч саясатчы эмес экен деп айтсак болмок. Эгерде буга чейин бийлик буларды чекеге чертип, жүдөтүп, коррупционер көрсөтүп келсе, эми бийликтин өзү да бир топ жаңылыштыктарды кетирип, өтө оңтойсуз абалга тушугуп калды. Мисалы, мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин кое берилиши, “Кыргызгаздын” шашылыш 1 долларга сатылышы, анын негизинде түштүктө 60 миң кардарлардын газсыз калышы, энергетикалык ресурстарга баалардын күндөн-күнгө өсүп жатышы ж. б. у. с. Буга чейин бийлик “Ата- Журт”, “Республика”, “Ар-Намыс”, Ата Мекен” партияларын кийинки парламентке киргизбей, башка партиялар менен келүүгө аракеттерди жасап келди. Ошондуктан, бул партиялардын лидерлери ар кандай абалга кабылып, айрымдары өлкөнү таштап да кетти. Анан ушундай маалда, бүгүнкү абалды оппозицияга кудайдан белек катары бирөө тартуулап жаткандай болуп жатат. Бул партиялардын лидерлери ушул мезгилди өткөрүп жиберишсе, анда булардын Кыргызстандын саясий аренасынан чыгып кеткени эле дурус болчу. Бирок, булар абалды баамдап биригүүгө мезгилдин жеткендигин туюп, биргелешип аракеттенүүгө өтүп жатышат. Булардын эң негизи максаты бүгүнкү өлкөдөгү абалды өзгөртүүгө өз салымдарын кошуу жана кийинки парламенттик шайлоолордо ийгиликтүү натыйжага жетишүү десек туура болот.

– “Республика” жана “Ата-Журт” партиялары биригүү менен канчалык деңгээлде күчтүү саясий партия түзө алышат?

– Бул маселе алардын саясий аракеттеринен көз каранды десем жаңылбайм. Эгерде алар өзүлөрү түзгөн партиянын идеологиясынын тегерегине биригишсе жана аны бек тутунушса, элдин кызыкчылыгында аракеттенишсе, анда булар сөз жок коомдон колдоо табат. Эгерде, булар өз кызыкчылыктарында аракеттенишсе, анан ар кимиси өз көмөчүнө кул тартса, анда ыргылжың абалда болушат. Ынтымагы жок болуп, саясий таасири өздөрү торолгон кичи мекендеринен алыс узабайт. Бирок, бүгүнкү күндө “Ата- Журт” партиясы түштүктө, “Республика” түндүктүн айрым региондорунда бир топ эле таасирдүү десек болот.

– Ташиев дагы Бабанов дагы лидерлер. Анан эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт болушпайбы? Айрым серепчилер Ташиевдин позициясы күчтүүрөөк кылат, анткени Бабановдун саясий эрки алсыз деп жатышат. Буга сиз кандай пикирдесиз?

– Чынын айтканда Ташиевдин позициясы түштүктө чын эле күчтүүрөөк. Бирок, түндүктө Бабановдун позициясы аныкынан жогорураак десек болот. Менимче, булар биригип жатып ушул жагдайды да эске алышкан. Экинчиден, чынында эле эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт. Бирок, биздин бүгүнкү Конституция боюнча лидерге сөз жок эле президент болуу максат эмес. Ал прездиент болбосо деле спикер, премьер-министр болсо, таасири ошондой эле болот. Ошондуктан, булар өз амбицияларына карабай биригип жатышат десек болот.

– Азыр парламентте отурган дагы кайсыл партиялар ушундай биригүүгө барышы мүмкүн?

– Азыр так айтуу кыйын. Себеби, парламентке дайындануулар жаңы гана башталып жатат. Бардык эле партиялар бул ишти баштаган жок. Айрым партиялар биригүүнүн ордуна, башкача аракеттерди көрүүнү туура таап жатышат. Бирок, сиз “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен “Ар-Намыс” партиясынын лидери Феликс Куловдун илгери мамилелери жакшы болгондугуна байланыштуу айтып жатсаңыз, анда менимче бул партиялар азыр бириге коюудан алыс. Экөө тең ири партиялар. Экөөнүн тең өз электораты бар. Өзгөчө “Ата Мекендин” электораты туруктуу десем болот. Себеби ал саясатта 20 жылдан ашык убактан бери келе жатат. Бир топ жолу парламентке келген дегендей. Менимче, бул партиялар, КСДП өз катарларын күчтөндүрүү жолу менен парламенттик шайлоолорго барышат. Жаңы инсандардын аралашышы, саясий партияларга бир топ упай алып келиши мүмкүн.

URL: http://www.kabarordo.kg/253182

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17