Аймак

Санжар БЕРИКБАЕВ, облустук Барпы театрынын директору: «АЙМАКТАРДА ТЕАТРГА КЫЗЫГУУ ЧОҢ»

Санжар БЕРИКБАЕВ, облустук Барпы театрынын директору: «АЙМАКТАРДА ТЕАТРГА КЫЗЫГУУ ЧОҢ»

 4,690 Бардыгы /

Өткөн аптада театрда чоң майрам болду. Анткени маданият кызматкерлеринин күнү, Барпы театрынын 25 жылдык юбилейи жана 25-сезондун ачылышы үч майрам кош келди. Анда театр жетекчиси Санжар Берикбаев түштүк аймагы боюнча мыкты жетекчи наамын алды.

– Сыйлыгыңыз кут болсун агай, майрамыңыздар менен! Ошентип 25-сезонго кандай даярдык менен кирип келдиңиздер?

– Даярдык эми өзүңүздөр көрдүңүздөр, жыл башынан бери эле даярданып келатканбыз. Жакшы эле го деп ойлойм. 25 жылдык жыл башында эле өкмөттүк иш чарага кирген. Облустук атайын көркөм кеңештен да өткөн. Бизде шайлоолор болуп калды, жылып олтуруп ноябрга туура келип калды. Кээ бир алыскы облустан конокторубуз келе албай калышты. Себебибиз мурда 9-ноябрда майрамдар жок болчу, кийин президенттин жарлыгы менен 7-8-ноябрь дагы майрам деп белгиленди. Ошондуктан биринчи иш күнү 9-ноябрь болгонуна байланыштуу дагы алыстан келчү коноктор келбей калды. Бирок Бишкектен, Баткенден, Оштон,Чүйдөн,Ысык-Көлдөн келишти. Анан эми даярдыгыбызга эл баа бериши керек. Бизде финансылык мүчүлүштүк дагы бар да. Мисалы, айлыктан башка эч акча каралбайт. Башка чыгымдарга деп эч акча бөлүнбөгөндүктөн биз өзүбүздүн атайын счетубуздан, өзүбүздүн демөөрчүлөрүбүздүн жардамы менен ушундай бир чоң  иш чараны өткөрүп жатабыз. Негизи театр тарыхында 25 жылда биринчи өтүп жатат. Башка мекеме-уюмдар 5 жылдык, 10 жылдык деп белгилешет. Бизде 25 жылда бир эле жолу ушундай тарыхый окуяны уюштуруп жатабыз. Анан ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып облустук өкүлчүлүккө, анын ичинде Канышай эжеге, Мамасалы Такабаевичке, Гулзат Ашировага терең ыраазычылык билдирем. Бул инсандар бизде, ушул театрда иштеп жаткандай жан күйдүрүп чуркап жардам берип жатышты. Демөөрчүлөрдү таап беришип дегендей. Анан биз бюджеттин тартыштыгына байланыштуу үч майрамды бириктирип бир өткөрдүк. Алар театрдын 25 жылдык юбилейи, 25-сезондун ачылышы, 2-ноябрда өтө турган маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы болду. Мамлекеттин казынасына да зыян келе бербесин дедик. Кечээ көркөм эскперттик комиссия келип биздин жаңы спектаклибизди кабыл алышкан. Элге койгонго уруксат беришти. Комиссия өздөрүнүн жогорку баасын беришти. Бүгүн мына элге биринчи жолу тартуулап, премьерасын жасап жатабыз. Кудай буйруса биз мектеп окуучуларына, студенттерге, шаар тургундарына ноябрь ичи спектаклдерибизди тартуулайбыз. 25-сезон үчүн биз мүмкүнчүлүгүбүздүн жетишинче, алыбыздын барынча аракет кылдык. Тарыхта калалы деп аракет кылып атабыз.

– Бул сезондо канча спектакл коюлат?

– Негизи театрдын тарыхындагы бардык репертуарларыбызды бириктиргенде 70тен ашып калыптыр. Бирок алардын көпчүлүгү репертуардан чыгарылды. Бүгүнкү күндө биз кармап турган 30дан ашуун спектаклдерибиз, анын ичинде 2017-жылы киргизген 2 спектаклибиз бар. Экөө тең аябай көлөмдүү, дүйнөлүк классикадагы спектаклдер. «Каркыранын канаты» япон элине таандык болсо, «Ханума» грузин драматургунун калемине таандык чыгарма. Спектаклде артисттерге башка улуттун чыгармасын ачып берүү оор болот. Алардын кулк мүнөзүн, баскан турганын, кылыктарын так өзүндөй аткаруу керек да. Башкача айтканда кыргыз грузинге айланыш керек болот да. Анан мунун жакшы дагы артисттер үчүн бул жакшы тажрыйба болуп калат экен. Башка улуттун чыгармасынан кийин биздин улуттук колориттеги спектаклды ойноо кадыресе жеңил болуп калат. Анын үстүнө фестивалдарга барып калабыз, андайда да дүйнөлүк чыгармаларга басым жасалат.

– Быйылкы жылдагы театрдын жетишкен ийгиликтери жөнүндө кеп салсаңыз?

– Быйылкы жылкы жетишкендиктерибиз абдан көп. Болуп  көрбөгөндөй ийгиликке жетиштик деп айтсак болот. Себеби, театрда көп жылдардан бери гастролго чыкпай калганбыз. Быйыл «Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата өкмөттүн токтомунун негизинде Жалал-Абаддагы бардык район, шаарларга кыдырып келдик. Бизди көп жерде абдан жакшы кабыл алып жатышты. Мисалы биз Чаткалдан андай мамилени күтпөгөнбүз, алар эң сонун тосуп алышты. Спектаклди ыйлап, күлүп жан дили менен көрүштү. Бүткөндөн кийин артисттер менен сүрөткө түшүп. Мектеп окуучулары артист болуш үчүн каерге барып окушубуз керек деп сурап жатышты. Ошол эле коңшу Ала-Букага барганда бизди капа кылган мамилелерди көрдүк. Жөнөкөй элди мындай кой, райондун акиминин орун басары «Эмне спектакл коюп жатасыңар, бизге театрдан келип концерт коёт дебеди беле» деп филармония менен театрдын айырмасын ажырата албаган кишинин кызматта олтурганы бизди кашайтты. Башка бардык жерлерде мыкты деңгээлде өттү. Кээ бир жерлерде эки, үч сеанс коюп жаттык. Эл  агылып келип жатышты. Ал тургай биз элден угуп калдык, «азыр да театр деген бар экен го, биз СССР кезинде көрчүбүз. Эми да келишсе болот турбайбы» дешип.

Анан жакында президент келгенде биз унаа маселесин айттык. Гастролго чыгууда бизге транспорт маселеси  жаралып жатканын билдирдик. Биз унаа менен бир эле Кыргызстанга эмес, мигрант болуп жүргөн Казакстандагы, Орусиядагы мекендештерге барып өнөрүбүздү тартуулап келмекпиз. Алмазбек Шаршенович да унаа убада кылды, буйруса жаңы жылга чейин унаалуу болуп калсак кийинки жылкы планыбызда гастролго чыгуу болуп турат.

Андан сырткары дагы бир жакшы жаңылык мурда штатта артисттерибиз жетишсиз эле. Түгөлбай Казаков биздин штатты 20га көбөйттү. Учурда 40 киши иштеп жатабыз. Мурда биз 20 штат менен көлөмдүү спектакл чыгара алчу эмеспиз. Эми биз кандай көлөмдүү пьеса болбосун чыгарууга кудуретибиз жетет. Мына кийинки жылкыга Отелланы койгонду максат кылып турабыз. Бизди өкүндүргөнү күндөн күнгө кыргыз драматургдарынын азайышы. Жергиликтүү, кыргыз коллоритиндеги жаңы чыгармалардын жаралбай жатышы кемчилдик болуп турат. Бул кыргыз үчүн чоң трагедия. Жалал-Абад облусунда раматылык Садыралы Абдукеримов болсо, азыр Ооганбек Стамов бар. Эгер драматургдар көп болуп, аны бизге жазуучулар союзу иргеп, тандап берип турса кандай сонун болмок. Ал аз келгенсип интернет деген балекет чыкты. Аны өкмөт чектеп койбосо келечек муун кайда барат билбейм. Окубай, эмгектенбей калышты.

– Акыркы күндөрдөгү элдин театрга болгон мамилесин айтсаңыз?

– Негизинен эл абдан театрдан алыстап кеткен эле. Анан студенттерге билет сата баштадык. Албайбыз деп начар окуган студент чыгат. Бирок анын тамактанган жери, эс алуусун, кийген кийимин көрсөң укмуш. Анан биз акырында карточканы ойлоп таптык. Окуу жайлардын ректорлору менен сүйлөштүк. Карточканы 200 сомго сатабыз, бирок бир жыл бою спекталкдерге кире алат. Жыл ичи каалашынча спектаклге кире алат. Анан студенттер келе баштады. Акыркы күндөрү аларга адатка айлана баштады. Афишаларды байкашат, жаңы спектаклдерди сурап турушат. Мектеп окуучулар келишет. Көргөндөрүн үй-бүлөсүнө айтып барышат, ошентип олтуруп бир көрүүчүлөрдү чогултуп, тартып атабыз. Биз чыгаша үчүн иштеп жатабыз. Чыгаша чыкмайын, киреше кирбейт дейт эмеспи. Элге алгач жеткирип алсак, анан көрүүчүлөр келе баштайт дегенбиз, мына эми үзүрүн акырындан көрүп баштадык.

– Кемчилдик жок мекеменин өзү жок болушу керек. Силердики эмнеде?

– Эмгек акыбызда. Эмгек сиңирген артист 5000 сом, Эл артист 5500 сом айлык алат. Эмгек акынын өзүнүн эле үстүндө 5-6 түрлүү салык бар. Ошентип колдоруна 3800-3700сом тийет.  Биздин жан  дүйнөбүз бай. Адамдын эң жаман касиети акчанын артынан кууп алганы. Бирок анын аягы жакшылык менен бүтпөйт.

 

Гүлмайрам Сабирбекова, «Аймак»

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17